Айнагүл Базарбаева: Күрп тоок

Күрп тоок (аңгеме) -Тү-тү-тү-тү! Тү-тү-тү-тү! Тү-тү-тү-тү! Кана, кана, баарыңар келдиңерби? – деп, сүйлөп күбүрөнгөн Пазилет колтугуна кысып алган табактагы жүгөрүдөн уучтай, ары-бери чачып тоокторун чакырып турду. Мекияндарды ээрчите чуркаган короз чачылган данды тумшугу менен алмак-салмак чокулап көрсөтүп, тооктордун аны төгөрөктөп, бырпырап чуркап дан талашкандарына маашырлана, анда-санда өзү да жем терип жеп, көздөрүн тез-тез ирмеп, канаттарын каккылап, серең эте кыпкызыл таажылуу башын чулгуп-чулгуп алып, мойнун койкойто созуп кыйкырып коёт. Кошунанын тоогу көрүнбөйт го? Э-эй, Жумаш! Кайда кетти экен, көрчү, балам! Таажысы кызарып жүрдү эле бир жерге жатып алганбы? –деп, Пазилет ити толугу менен…..