Сыйлык ээлерин куттуктайбыз!

Садыр Жапаров: “Кыргызстанда кандай жетишкендиктер, кандай саамалыктар болуп жатса, алардын бараандуу бөлүгүндө сыйлык ээлеринин жараткан эмгектери орчундуу орунду ээлейт”. Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров өз тармагында өзгөчөлөнгөн кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Мамлекеттик сыйлыктар менен Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун төмөндөгү мүчөлөрү мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланды: “КР Эл жазуучусу” ардак наамы менен Сулайман Рысбаев Кален Сыдыкова “КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмер” наамы менен Керимбек Кадыракунов Кушубек Качибеков Ардак грамота менен Алтынай Темирова сыйланды. Урматтуу калемдештер, сыйлыгыңыздар кут болсун! Чыгармачылыкта жигердүү иштеп, мыкты эмгектерди жарата бериңиздер. Сиздерге бекем ден-соолук жана эргүү каалайбыз! толугу менен…..

Ташкент: Поэзия аркылуу маданияттарды бириктирүү

Бүгүн, 2-сентябрда, Ташкенттеги Гёте институтунда Борбордук Азия жана Германия өлкөлөрүнүн акындары жана котормочулары катышкан үч күндүк поэзия фестивалы башталды. Иш-чара Өзбекстандагы жана Казакстандагы Гёте институттары тарабынан уюштурулган. Фестивалда немистин азыркы акындары кыргыз, казак, өзбек, тажик жана түркмөн тилдерине которулган жыйнактын бет ачары да уюштурулду. “Иш-чара Борбордук Азия өлкөлөрү менен Германиянын маданияттарын азыркы поэзия аркылуу жакындатуу жана жаш акындар менен котормочуларды колдоо максатында ишке ашырылып жатат”, – дейт уюштуруучулардын бири, Казакстандагы Гёте институтунун маалымат бөлүмүнүн башчысы Шолпан Кызайбаева. Немис акындарын кыргыз тилине Нарсулуу Гургубаева, Махабат Касеинова, Нуриза Өмүрбаевалар которушкан. Кыргызстандан аталган толугу менен…..