Насыпбек Асанбаев: “Унутулган салт” (аңгеме)

Ал күн эч качан эсимден кетпейт. Сыртта жамгыр нөшөрлөп куюп турган. Оорукананын узун, ээн залы менен ак халатчан дарыгер мени көздөй басып келатты. Кудай ай, ошондогу убакыттын чоюлганын кантейин. Дарыгер кадам шилтеген сайын ак халатынын этеги жайбаракат желп этип, өзү менен кошо делпилдеп келет. Ал дарыгердин да ошол күнкү элеси түбөлүк эсимде калды. Чыдамым кетип калган экен. Бутум ооруп турганына карабай тура жүгүрдүм. Жок, мен дагы каалгып калдым окшойт. Убакыт чиркин! Кыймылдын баарын ылдамдаткан да, жайлаткан да убакыт экенин чучугума чейин сездим ошо күнү. Кулагым дүңгүрөп баратты. Үнүм кардыгып, оозуман толугу менен…..

Зайырбек Ажыматовго эстелик тургузулду

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын  Зайырбек Ажыматов 2020-жылдын 28-апрелинде 44 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан. Бүгүн, акындын сөөгү жаткан Ала-Арча көрүстөнүнө эстелик тургузулду. Маркумду эскерүүгө Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов жана акындын үй бүлөсү, калемдештери, достору, кесиптештери катышты. Акын “Азаттык” радиосунда маданият темасындагы окуяларды чагылдырып иштеген. Анын «Жалгыздык» (1996-ж.), «Мелмил» (2005-ж.), «Нөлү көп жылдар» (2011-ж.), «Жүрөктөгү бороон» (2019-ж.) ыр жыйнактары жарык көргөн. Анын ырларына обончу-композиторлор обон жаратып, эл арасында ырдалып жүрөт.

Өмүрбек Тиллебаев: Ар бир күнүм эң акыркы күнүмдөй, Ар бир ырым эң биринчи ырымдай…

Акын Өмүрбек Тиллебаев 60 жашта “Ар бир күнүм эң акыркы күнүмдөй, Ар бир ырым эң биринчи ырымдай…” (Акын Өмүрбек Тиллебаевдин “Адамдын күн жүрүшү” ыр китебинен кийинки айрым ойлор) Ар ким ички жан туюмунда дүйнөнү өз алдынча көрөт, түшүнөт, аңдайт, анткени анын дүйнөтаанымынын өзөгү жеке көз карашка, эң оболу адамдын руханий кабылдоосу менен тең каралат. Адамдык сезим вулканы – бу эмоция. Бекеринен атактуулар кезегинде, “Дүйнөнү эмоция башкарат, дүйнөнү эмоция гана кыймылга салат!” деп, шардана айтышпаса керек. Адамдын ички сезим цикли да ушул өзгөчө туюм менен, абал менен жашап, анын миң кырлуу, толугу менен…..

“Жылдын мыкты котормочусу – 2022” сынагынын сыйлоо аземи болуп өттү

2022-жылдын 28-апрелинде Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде аталган университеттин Гуманитардык факультетине караштуу Синхрондук котормо бөлүмүнүн Кыргызча-түркчө программасы, КР Президентине караштуу Мамлекеттик Тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы, КР Улуттук жазуучулар союзу тарабынан уюштурулган «Жылдын мыкты котормочусу – 2022» кароо-сынагынын жыйынтыгын чыгаруу жана сыйлыктарды тапшыруу аземи болуп өттү. Берилген көркөм чыгармаларды кыргыз, түрк, орус, англис тилдерине которуу аркылуу котормо бөлүмүндө окуган студенттердин көркөм котормо багытындагы талант, шык-жөндөмүн ойготуу, сыноо максатында уюштурулган “Жылдын мыкты котормочусу – 2022” кароо-сынагына келип түшкөн жыйырма беш студенттин котормолорунун ичинен мыктылары иргелип алынды. Кароо-сынактын жеңүүчүлөрүнө дипломдор, ардак грамоталар, толугу менен…..

Гүлзада Станалиева: «Айланайын Курманбек, менин атымды ал!»

«Айланайын Курманбек, менин атымды ал!» Бир күнү бир акын курбум чалды. Бир ырымы соцтармакка жарыяласам, «баары жакшы болот, жашоонун өзү бакыт, ошого кубанып жаша» деп акыл үйрөтө башташты деп. Аябай жаман болуп алыптыр. Дагы бир акын он жыл мурун жазган ырымды жарыяласам, телефон чалып «жакшы элесиңби?» деп сурап жатышат деп жылмайды. Эфирде бир журналист коногунан сурап жатат: «Чыгармаңда тиги окуяны жазган экенсиң, өзүңдүн башыңдан өтсө керек ээ. А бул окуячы?..» Жазуучу сылык-сыпайы «актанып» жооп берип жатты, кудум суракта отургандай сезди болуш керек өзүн. Бир окумуштуу, болгондо да гуманитардык илимдер боюнча толугу менен…..

Токтобек Үсөнов: Олжо (аңгеме)

Түн бакырдыкы маал. Бир чоң тоону алп уста колу менен жасап отуруп, чарчаганынан таштап баса бергендей, одур-будур чачылган бөксө тоолорду аралай кеткен узун жолдо, алыстан келе жатканы үнүнөн билинип, азып, чарчап калгандай өйдөгө келсе безелене күрүлдөп, ылдыйыштан эс алып жаны жыргай түшкөндөй зымырап, жолдун шартынан улам ат басыгындай жүрүш менен кытайлык узун камаз Кызыл-белде кыңгырап келе жатты. Ушул учурда, жанатан бери бул камаздын келээр жолун күтүшүп, куураган ат кулактарга жашынып эки адам дымып жер менен жер болуп жатышкан. Акырындап кыбыраган камаз жарыгы менен коюу түндүн караңгылыгын бөлө-жара жылжып, булардын жанынан толугу менен…..

Топчугүл Шайдуллаева: Балакана

Балакана (аңгеме) Гүлжандын жан жеринин ооруксунуп жүргөнүнө көп болгон. Же анысын бирөө жарымга ачык айта алса. Айылдын доктуру эркек, ага канча ирет камданып барып ооз ача албады. Эри жок аял “эл эмне деп ойлойт” деген баягы эски санаасына дагы малынган эле. Акыркы күндөрү салаңдап, сыртка чыгып калган жатыны аялды бастырбай кыйнады. Бели сыздап ооруп, такыр эле эңкейип калды. Бара-бара Гүлжан буттарын керебеттин кырына асып алып керээли кечке жаткан акыбалга өттү. Ошентсе кичине белинин ооруганы басылып, жаны жай табат. Жатып калган жалгыз бой аял тиричилигинен кыйналып, абалы оорлой берди. Бул дартын толугу менен…..

Т.Шайдуллаеванын “Балакана” аттуу китеби жарык көрдү

Жазуучу, публицист Топчугүл Шайдуллаеванын “Балакана” аттуу китеби жарык көрдү. Жашоо-турмушубуздун түркүн түс көрүнүштөрүн чебер сүрөттөгөн реалист жазуучунун “Турар” басмасынан 1000 нускада басылып чыккан бул китебине  кийинки мезгилде жазылган аңгемелери киргизилген. Кыргыз улуттук илимдер академиясынын академиги, профессор, адабиятчы Осмонакун Ибраимов: “Т.Шайдуллаеванын аңгемелери – прозадагы лирикалар, биздин элеттен келген элестер. Жөн эле элестер эмес, эстен кеткис элестер. Дээрлик бардык аңгемелер негизинен бир эле айылдын – “Мөлтүр-Булак” аттуу чакан айылдын эли-журтунун турмушунан алынса да, бул китеп – дагы баса белгилегим келет – азыркы кыргыз элетинин көркөм элестери, ар кимге эле байкала бербеген маанилүү толугу менен…..

Токтосун Самудинов: Уяң жаным, араң бердим катымды, Элет жерде эч ким сунбайт гүлдесте

Жоопсуз каттар Капилеттен алоолонуп бүт дүйнөң, Кандай учур биринчи ирет кыз сүйгөн?! Күлмүң этсе — көңүл куштай көкөлөп, Мулжуң этсе — ыза кысып, ич күйгөн.   Сүйүү эмне? Сезбей жүрсөм бир кезде, Чалдыгыпмын мен да ошондой илдетке. Уяң жаным, араң бердим катымды, Элет жерде эч ким сунбайт гүлдесте.   Алабарман-ай, балалык! Ай, жаштык! Андай катты канчаларга карматтык. Жооп күтүп… Күндөй жарык тилекти Бир жылт эткен сезимдерге алмаштык.   Кайран каттар! Жок силердин айбыңар, Тытылдыңар, мүмкүн отко жандыңар… Өз милдетин курман болуп аткарган Чалгынчыдай кайра кайтпай калдыңар.   Айылдаш чал Бала толугу менен…..

Акын Н.Гургубаева КУУнун студенттери менен жолукту

Бүгүн Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин филология факультетинин студенттери менен акын Нарсулуу Гургубаеванын жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууга студенттер менен катар адабиятчылар Курманбек Абакиров, Сайра Исаева, Гүлзада Станалиевалар катышты. Филология илимдеринин доктору, профессор, КР Улуттук жазуучулар союзунун адабий сын секциясынын башчысы Садык Алахан модераторлук кылып, суроо жооп иретинде жандуу баарлашуу болду. Адабиятчылар автордун чыгармачылыгы боюнча сөз кылышты. “Алыстагы ак жарык” поэтикалык жыйнагынын жана “Кат турмуш” китебинин автору Н.Гургубаева студенттерге ырларынан окуп берүү менен бирге алардын суроолорун жоопсуз калтырган жок. Жолугушуунун толук вариантын жазуучулар союзунун ютуб каналынан жана adabiyat.kg сайтынан жакында көрө толугу менен…..