Кожогелди Култегин: Чырактар жарк эткенсип – киргенде сен, Чырайга чыга түшчү ресторан да!

Качып барам Сынгандай катар турган чыны жайнап, Сынды бүт жүргөн сага сыйым арнап – Супсулуу, мен сыйынган чырайыңдан Сур жылан чыккан үчүн зымыраңдап…   Мээримиң сезер элем куштап улам, Мээленет жебең азыр туш жагыман. Тебетей ичиндеги башым тоңот Телефон номуруңдун муздагынан.   Ырдасам – жалгыз өзүң угуучум-ай, Ыргакка төнүп кетчү сулуу чырай. Экөөбүз кирчү залдан корком азыр Экран ичинен сен чыгуучудай.   Жок эле ашык сөз да, ашык шамал, Жолубуз, катар бассак, ачык жалаң. Ал мезгил – азыр мага концлагердей, Арт жакты карап койбой качып барам.   Шопен Кайрыктарын карачы толугу менен…..