Бурулкан Сарыгулова: Нысабы кем ушул кымкуут дүйнөнүн, Бийик болуу деген менен иши эмне.

Түстүү күз Сары, кызыл, буруу  түс Быйыл мынча сулуу күз! Бариктерге баркыттай, Суктандык ээ, быйыл биз.   Күрөң, ала, апарман, Түстөр чыгат катардан. Бак жылаңач. Түптөрү Ала кийиздей жасалган.   Кудум чоктой албырат, Көчө толгон жалбырак Өң алышса Күн менен, Кудум алтын жаркырак.   Күз көшүлөт, күн күлөт. Орундалды миң тилек. Далай жигит жанашты Сулууларга үлбүрөк.   Кечки күз Чыйрыктырып тулкусун кечки күздүн, Чыргоолонот капкачан оңгон сезим. Көкүрөктүн үлпүлдөк деми кайтып, Көңүл күздөй муңайып турган кези.   Телмирет жайдак калган мырза терек, Баарынан чарчап турган жамалыма. Боштукту көңүлдөгү толтурчудай, Жабышат толугу менен…..