Топчугүл Шайдуллаева: Күтүү

Күтүү (аңгеме) Жай саратан. Мөлтүр-Булакта өрүк тегиз бышып, шыйпыры жок үйлөрдүн үстү кургатуу үчүн жайылган кызыл бөйрөк сары өрүктөргө тегиз толгон маал. Айылдыктар чаң-чуңдан оолак, шамалбакта тезирээк кургайт дешип эзиле бышкан өрүктөрдү эринбей там башына көтөрүп чыгып жайышат. Саарлап айылдын ортоңку көчөлөрүнүн бириндеги там үстүндө кемпир небере кызы экөө жайылган өрүктөрдү бирден кармалап, ичиндеги сөөгүн чыгарып, баргек жасап отурушту. Баргектерди узун жайык тактайларга тизишип, кочуштарына толгон данектүү сөөктү болсо улам чоң чакага салып коюшат. Аны да ширесин жууп, өзүнчө кургатышат. Мындай убаракерчилигине жараша баргек менен данек базарда өтүмдүү келет. Бул толугу менен…..