“Үнү каткан улар” китебинин бет ачары болот

Урматтуу адабият күйөрмандары, поэзия сүйүүчүлөр, окурмандар! Улуттук адабият күнүнө карата 9-декабрь күнү саат 14:00дө ОшМУнун чоң актылык залында жазуучу-публицист, адабиятчы, филология илимдеринин кандидаты, доцент Ризван Исмаилованын “Үнү каткан улар” аттуу көркөм даректүү баянынын таанытымы болот. Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун Ош бөлүмү, Ош мамлекеттик университети жана “Жигер” чыгармачыл жаштар борбору тарабынан уюштурулуп жатат. Бул китепте чыгаан акын Жолон Мамытовдун өмүрүндөгү кызыктуу ирмемдер, урунттуу учурлар камтылган. Риза Савай (Ризван Исмаилова) Жолон Мамытовду изилдеп, диссертация жактаган илимпоз. Акындын чыгармачылыгын, өмүр жолун изилдеп кийинки муун үчүн эмгектенип келе жатат. Китептин бет толугу менен…..

Карачал Курманбаев: Максат, ойдун жок өңдөнөт ченеми, Тар сезилет бул дүйнөнүн кенени

***** Небак өлгөн жарды, ыйык, кандарың, Кайсыл жакка бекитишкен жандарын Эгер чындап карап көрсөң жакшылап, Эч ким билбейт кайсыл жакта калганын.   ***** Акыл жыйып аздан болсо басканың, Сен көрөсүң Теңиримдин жазганын. Сага укмуш кубулуштай көрүнөт, Сан жылдызга толгон көкмөк асманың.   ***** Максат, ойдун жок өңдөнөт ченеми, Тар сезилет бул дүйнөнүн кенени. Өмүр учкул өтүп кетет тез эле, Кандырбайсың каалаганча денени.   ***** Жүрөк иштейт тынымы жок кан айдап, Жүрүштөрүн сен тилейсиң кудайлап. Кан айдасын жүрөк иштеп тынбастан, Калса жаман кара жаның карайлап.   ***** Тагдыр салган жашоолордун тизгинин, толугу менен…..