Смар Шимеев: Ай, сулуу жаз, сүйгөнүмдүн өзүндөй, Күлкүң менен жүрөгүмдү уурдадың

Бакчадагы гүл Бакчада гүлдөр өскөн кандай сонун, Таңыркап көнүлүмдү бөлөмүн мен. Карасаң көз уялат, жакут сындуу, Күнүгө кумар болуп көрөмүн мен.   Түбүнөн жылып агат тунук булак, Үстүнөн нурун чачып күнү турат. Кып-кызыл, теп-тегерек гүлүн ачып, Буркурап атыр жыты ойду бурат.   Алыста жүрсөм дагы эстейм, гүлүм, Сайрасам булбул болуп жетер үнүм. Арнадым ыр чыгарып гүлүм сага, Жашоого сенсиз каран болор күнүм.   Жүрөккө кубат берет сенин шаңың, Сен үчүн курман болсун назик жаным. Эгерде керек болсо, суу ордуна, Куярмын жүрөгүмдүн ысык канын.   Гүлүмө берген ушул чындык антым, Сакталар толугу менен…..