Шабданбек Кулуевдин эстелиги орнотулду

25-ноябрда Кыргыз Республикасынын Гимнин автору, Кыргыз Республикасынын эл мугалими, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Шабданбек Кулуевди эскерүү болду. Ал 2020-жылы 24-ноябрда 78 жаш курагында дүйнө салган. Эскерүү иш-чараcsнын алкагында “Ала-Арча” көрүстөнүндө эстелиги ачылып, ага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Нурланбек Калыбеков, коомдук-маданий ишмерлер, жакындары жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты. Шабданбек Кулуев Жумгал районунун Чаек айылында 1942-жылдын 1-январында жарык дүйгөгө келген. Эмгек жолун 1963-жылы Суусамыр өрөөнүндөгү 8-март, Каракол башталгыч мектептеринде мугалим болуп иштөөдөн баштаган. 1992-жылы Жалил Садыков толугу менен…..

Садык Алахан: Алтындын алааматын айткан алтын мурас

Алтындын алааматын айткан алтын мурас Улуу калемгерибиз Чыңгыз Айтматовдун көзү өткөнүнө быйыл он үч жылдын жүзү болду. Улам мезгил өткөн сайын залкар жазуучунун улуулугу Ала-Тоонун ак муз баскан аскар-зоосундай болуп андар бетер асман тиреп, андан бетер көз жоосун ала шаңкайып көрүнө баштады. Улуунун улуулугунун, түбөлүк өлбөстүгүнүн бир белгиси ушунда – улам мезгил өткөн сайын бийиктей бергенинде – эмеспи… Бардык эле залкар калемгерлер сыяктуу Чыңгыз Айтматовдун артында да бүткөрүлбөй калган, бүтсө да кандайдыр бир себептерден улам окурман журтка тартууланбай жазуучунун өзүмдүк жеке корунда сакталып калган чыгармалары болбой коймок эмес. “Бүткөрүлбөй калган” толугу менен…..