Некролог

КР Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, акын Зулайка Мурзатаева каза болду. Зулайка Мурзатаева Токтогул районунун Чоң-Арык айылында 1951-жылы туулган. 1974-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүрүп, Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектепте кыргыз тили, адабият мугалими, окуу тарбия иштери боюнча директордун орун басары болгон. З.Мурзатаеванын 1991-жылы “Жалбыз жыты” аттуу алгачкы китеби жарык көргөн. Андан соң “Кайрылып учпас каркырам”, “Ыр булак” китептери чыккан. Бир катар ырларына обон жазылган. Ал билим берүүдөгү эмгеги үчүн “Кыргыз Республикасынын эл агартуусунун мыктысы”, “Методист-мугалим” наамдары менен сыйланган. 1998-жылдан бери Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон. Акын Токтогулда жашап, агартуу тармагында толугу менен…..

Аман Нааматов: Куудул чымчык

Куудул чымчык Атам маңдайкы жашыл бетке кой жайып кеткен. Түш маалы. Максат экөөбүз атама суусундук алып артынан жөнөдүк. Көпкө бастык. Жайылган койлорду көрө албадык. Кыр ашып алыстап кетсе керек. Жанбоордоп келе жаттык. Айлана жымжырт. Аңгыча эле үстү жагыбыздан ышкырык угулду. Селт чоочуп жалт карадык. Эки-үч кызыл суурлар балталактап ийиндерине кире качышты. Башка эч нерсе көрүнбөдү. –Ким ышкырды? –Билбейм. –Жашынып калды го дейм?.. –Каякка жашынат. Бардыгы көрүнүп эле турбайбы. Чын эле… Түшүнбөй элеңдеп турабыз. Туура жагыбыздан кулун кишенеди. Жалт карадык. Эч нерсе көрүнбөйт. Таң калып бири-бирибизди карадык. Арт жагыбыздан ит кыңшылагандай толугу менен…..