Айдай Бекбоева: Үмүттүн тилеги

Үмүттүн тилеги Жети жашар Үмүт көмүрдүн кичинекей сыныгын алып дубалга сүрөт тартканды жакшы көрөт, сүрөт тартып жатып кыңылдап ырдап да калат. Ал сүрөттү кээде жүрөгүн сагыныч басканда гана тарта турган. Бул жолу ата-энесин кол кармаштырып, ал эми өзү энесинин колун бекем кармап бара жатканын тартты. Дал ушул сүрөттү бир нече жолу кайталаган. Апасынын жумшак, назик колдорун кармап өмүр бою ушул сүрөттө калгысы келчү. Алар жөнүндө элес-булас гана билет. Үмүт ата-энесинен ажырагандан кийин, бир боорукер айым багып алган. Ал үйдө Үмүт майда-чүйдө кызматты кылчу. Өз үй-бүлөсүнөн ажырагандан кийин биринчи жолу ушул толугу менен…..