Маркабай Ааматов: Ишеним туубуз болбой махабатта, Ишенбей турган чагың өкүндүрөт

***** Зуу коюп качкан куштай жыргал учат, Өмүрдү коштоп алган жылдар учат. “Жазуучу” дачасында күн кечирем – Теректер бийге түшүп ыргалышат!   Кашка-Суу күндүр-түндүр шаркыраган, Сезимди тартуулады жаркыраган. Кызганам аны булгап албайын деп Кыпчылып кепке-сөзгө ар кыл адам.   Ойлоном келечектин жагдайын да, Алынча өтүп турмуш, ал жайым да. Тигине, Ата-Бейит көрүстөнү – Айтматов уктап жатат маңдайымда!   Буйруса тоо койнунда калуу бактым, Мында өтөр кайгы күбөөр бар убактым. Эргисе эрөөн-төрөн албагыла – Торгойдой бир баласы табияттын.   Чалкаят ак жамынып аска-тоолор, О, тагдыр эртең жолум башка болор. Эмнени тартуулайсың, толугу менен…..

Шекербек Калыков: Өмүр өксүгү

Өмүр өксүгү -Эн-оов… – дейт небереси. Баланын ушул сөзү чоң энесинин сай сөөгүн сыздатып, биротоло жалакай кылып бүтүрдү. Күнүгө жатарда анын сурагы башталат. -Эн-оов, дейм!.. -Оу… Угуп атам, балам… -Мен качан чоңоём?.. -Эртең эле чоңоёсуң, каралдым… Зыңкыйган бир жигит болосуң, садагаң кетейиним… -Эн-оов… апам качан келет?.. – Баланын дембе-дем суроосу эненин жүрөгүн шамшардай тилип өтөт. -Келет, балам, колу бошобой жүрөт да… – деп жооп берет ооз учунан. Кызынын акча таап келем деп, Россияга кеткенине алты айдын жүзү болду. Ошондон бери таптакыр кат-кабары, дайыны жок. Эненин, ичкени – ирим, жегени – толугу менен…..