Эсенгул Ибраев: Кылым сүргөн ак мөңгүлөрдүн, Чокусунда туруп ыр жазам

Ата журт Сен бай терек, мен бир жармач бутагың, Жармач болуп калганыма ызамын. Ырас эле жармачтыгым эмеспи, Боорума кыскым келсе өзүңдү, Кагылайын жетпей койду кучагым.   Ооба, менин жармачырак алым бар, Ата журтум өзүң кубат, өзүң жар. Бирок менин жалгыз гана берерим, Жүрөгүмдө энчиленген өзүңө, Сваркадай шыркыраган жалын бар.   Анда эмесе, жүгүңдү артып мойнума, Кулакка чаап ылоо кылып койгула. Кың дебестен кызматыңды аткарып, Бороон улуп сага келсе бурганак, Ичиркенбей катып алам койнума.   Баламдан ысык көрүнүп Тоо кесип, нечен кырды ашып, Токой, таш менен сырдашып, Байкасам мени тууган жер, толугу менен…..

Алиаббас Багиров: Керооз кемпир

Керооз кемпир Байкуш кемпирдин бул ишемби күнү, толугу менен чычканды кармоо машакаты менен өттү десе болот. Кечке жуук көңүлү чөгүп, амалсыздыгы менен алсыздыгына көпкө кейип-кепчип жүрдү. Таң эртеде күндүн кулагы чыгар замат дароо керебеттин алдындагы тактай менен дубалдын жылчыгындагы тешикке капканын коюп, өзү шыпыргысын колго алды да чычканды жалпайта чабууга камданып турду. Ошентип, жекшемби күндүн түшүнө чейин зарыгып олтура берип, тажап да кетти. Акыры ордунан туруп, мурдагы күнү бир жерге коюп, унутуп калган жасалма тиши эсине келе калып анысын издеп кирди, ал карабаскыры кайда житип кетти экен? Кечке чейин издеди, толугу менен…..

Федерико Гарсиа Лорка: Поэтика жөнүндө

Акын, драматург, музыкант, сүрөтчү-график Ф.Г.Лорка Испаниянын Гранада аймагындагы Фуенте-Вакерос шаарчасында 1898-жылы 5-июнда төрөлгөн. 1919-жылы Мадридге келип, Сальвадор Дали, Сьерра Луис Буньюэль жана “Эслава” театрынын директору Грегорио Мартинес Сьерра менен таанышып, чыгармачылыкка биротоло өтөт. Ошол жылы алгачкы “Көпөлөк сыйкыры” пьесасын жазып, сахнага коюлат. Сүрөтчү-авангардист катары таанылып, 1928- жылы “Цыганское романсеро” ыр жыйнагы жарык көрөт. Бир жылдан соң Нью-Йоркто жашап, “Поэт в Нью-Йорке” (1931), “Публика” (1931), “Когда пройдет пять лет” (1931) ж.б. пьесаларды жазган. Франкочулар 1936-жылы камакка алып атып жиберишкен делет, бирок мүрзөсүн ачканда сөөгү жок болуп чыккан. Аны жаракаты менен Аргентинага толугу менен…..

Бексултан Жакиев: Улуу үркүндө

Улуу үркүндө Катышуучулар: Миңжашар Калыйча – аялы. Макечал Мусажы – болуш. Кызылчок Кебек – дудук, Мусажынын тууганы. Арык киши Шишик адам Нес болгон аял Уюн уурдаткан кемпир. Эстебес – Мусажынын кошоматчысы. Качкындар 1916-жылы падыша өкмөтүнө каршы көтөрүлүшкө чыккан кыргыздар катуу талкаланып, Кытайга качкан. *** Караңгы түн. Билинер-билинбес бүлбүлдөп жанган от ыраактан жакындап келаткансыйт. Бул Нес болгон аялдын колундагы чырак. Аялдын карааны дарга асылган өлүктөрдү аралап, балдарын издеп жүрдү. Кара кийген сымбаттуу бул бечара күйгөн чыракты күндүз деле колунан түшүрбөй, балдарын таап алчудай жүрө берет темселеп. Н е с  б о толугу менен…..

Бридж Котхари: Кичинекей пианист

Кичинекей пианист Бир кезде Азул аттуу кичинекей бала жашаган экен. Ал пианинодо ойногонду абдан жакшы көрчү жана келечекте мыкты пианист болууну эңсечү. Ар жекшемби күндөрү ал пианинодон атайын сабак алып, тажрыйба топтоп, күнүгө кечинде жатар алдында пианино ойночу. Азул күндөн-күнгө пианинону жакшы өздөштүрө баштады, анткени жан дили менен берилип ойночу эле. Кээде кечкисин жатарда тиш жууганды унутуп калса калгандыр, бирок пианинодо ойногонду эч качан унутчу эмес! Күндөрдүн биринде, анын пианинодон сабак берген эжеси Вики, ага мындай деди: -“Азул, эртең сен сахнада чоң аудиториянын астына чыгасың, анык, чыныгы пианист болосуң. Сенин толугу менен…..

Абдилаат Дооров: Узарат эң алыскы чаңдуу боз жол, Кызарат эринимде бир тал чылым…

Үч саптар: * * * Көл жээктеп көпчүлүкпүз шарактап. Маин кум, суу, ысык аба, жай аптап, Отурамын өткөндү ойдо барактап. * * * Бүгүн түнү ай селкинчек. Серүүндөп Кайыгына конор болду кай жылдыз? Акмалашып карайт суктуу ай жылдыз. * * * Тескери карап жатып алдың. Тээ бир кезиңди эстедиңби? Телпейген шуга… эх, дедиңби? * * * Алыстан кылдың конгуроо. Амандык сурап агаңдан, Айландым аруу жамалдан. * * * Кейидим бүгүн кабарың угуп жүрөктөн. Керемет жүзүң кетиптир кабыр күн өпкөн, Келин – кыз көрсө келмеси түшүп “дүр-р” эткен. * * * толугу менен…..

Миргүл Текешова: Чыңгыз Айтматов: чындык жана адилеттүүлүк

Чыңгыз Айтматов: чындык жана адилеттүүлүк Чыңгыз Айтматовдун өмүр жолу менен чыгармачылыгында чындык менен адилеттүүлүктүн өзгөчө орду бар. Бул жазуучунун жеке тагдыр жолу, адамдык касиети, ал жашаган доор, коомдук-саясий кырдаал менен тыгыз байланыштуу. Эмесе, “чындык менен адилеттүүлүк” аң-сезимдүү адамдын тиричилигинде кандай маанидеги түшүнүк экендигине назар оодарып көрөлү: “Чындык – бул эң жогорку социалдык жана личносттук баалуулук. Ал “адилеттүүлүк”, “жакшылык”, “жашоонун маңызы” ж.б.у.с. түшүнүктөрдүн катарында турган адамзаттык баалуулук болуп саналат. …адилеттүүлүккө умтулуу – бул адамзаттын түбөлүктүү умтулуусу, ал эми адилеттүүлүк деген эмне суроосу, адамзаттын түбөлүктүү суроосу болуп келе жатат” [8, 103-104.] – толугу менен…..

Зинакан Пасанова: Аял сыры

Аял сыры (аңгеме) Аял ойгонуп кеткенде жер жарый элек экен. Терезеден агарып кирген көчө шамдарынын бүлбүл шооласынан боюн качырган караңгылык жымжырт болуп уюп турат. Чоң жолдон тынбай өтүүчү машинелердин доошу сээлдеп калыптыр. Кез-кезде гана жалгыз-жарым машиненин күңүрт доошу угулат. Түн шоокумун тыңшаган аял таң атаарга али узак экенин боолголоду. Күнүгө ушу. Түн жарымынан оогондо капыстан ойгонот да, көздөрү чайыттай ачылып уйкусу качат. Бүгүн да жүрөгүн мыкчыган белгисиз кыжаалаттык аны кайра уктата койчудай эмес. Күйөөсүнүн дем алышына караганда ал да ойгоо жаткансыйт. Бирок, аялынын түйшөлүп ойгонгонун билсе да бурулуп карабады. “Балдарын толугу менен…..

Жазуучулардын катары жаңы мүчөлөр менен толукталды

КР Улуттук жазуучулар союзуна жаңы мүчөлөр кабыл алынды. Жазуучулар союзуна мүчөлүккө өтүү үчүн  келип түшкөн арыздарды карап чыгып, проза, поэзия, адабий сын, балдар адабияты жана публицистика секциялары 20 калемгерди кабыл алуу боюнча чечимин чыгарган. Кабыл алынган чечимдин негизинде КРУЖС төрагасы Н.Калыбеков 2021-жылдын 4-июнунда “КР Улуттук жазуучулар союзуна мүчөлүккө кабыл алуу боюнча атайын комиссиянын чечимин бекитүү” жөнүндө №12 буйругуна кол койгон. Төмөндө КРУЖС мүчөлүккө кабыл алынган калемгерлердин тизмеси: Рысбек Эшматов Аскар Медетов Кыялбек Акматов Улан Дөөлөтов Акжол Доранбек уулу Адилет Зарылбек уулу Сайра Батыркулова Садырбек Турдубек уулу Калича Жакыпова Рыскүл Изатова толугу менен…..

Эрнис Турсунов: Ошондогу алма жыттуу ырлардан, Ооз тий деп, сунуш кылам силерге

Кырк жыл Көрүп калып энемдин, Көк жибектен көйнөгүн. Соороно албай термелдим, Солкулдады бөйрөгүм.   Көрүп калып энемдин, Көк шайыдан жоолугун: Сан-санаага термелдим, Оп-соо туруп оорудум.   Кымбат жүзүн энемдин, Кырк жыл болду көрбөдүм. Дале жашап келемин, Бармын, эне! Өлбөдүм!   Кара жерде калп жатат Калпты байкайм кадам сайын басканда, Калп – катарда, чындык алыс – асманда. Канча жандар калпты чындай соктурган, Карап жатат мүрзөдөгү таштарда.   Кайсалактап чындык издеп бара бер, Калпың чыгып шорголосун кара тер. Баш адашкан кылмыштарды канча бир, Басып жатат мисирейген кара жер.   Жай тапкан соң толугу менен…..