Кыргыз Республикасынын Баатыры Б.Жакиев каза болду

Кыргыз адабияты оор жоготууга учурады Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу, драматург, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Бексултан Жакиев 85 жаш курагында каза болду. Бексултан Жакиев – 1936-жылы 16-январда Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Бөкөнбаев айылында жарык дүйнөгө келген. 1958-жылы КМУнун филология факультетин бүтүрүп, 1960–1962-жылдары киносценарийчилердин Москвадагы эки жылдык жогорку курсунда окуган. “Кыргызфильм” киностудиясында редактор (1963–1968), Кыргыз ССР Маданият министрлигинде (1968–1972), Кыргыз ССР Мамлекеттик кинематография комитетинде башкы редактор (1972–1975), Кыргызстан театр ишмерлер союзунун секретары (1988–1992), КР Президентинин мамлекеттик кеңешчиси (1992–1993), “Манас-1000” мамлекеттик дирекциясынын көркөм жетекчиси, директору (1994–2000), 1994-жылдан КРнын Токтогул толугу менен…..