Акын, элдик табып Гүлсина Өмүрбекова акка моюн сунду

Кыргыз адабияты жоготууга учурады. “Манас” темасындагы кайып дүйнө түшүнүгүн, эзотерикалык көз карашты камтыган, автордук жеке ою бар акын Гүлсина Өмүрбекова 74 жаш курагында дүйнө салды. Акын Г.Өмүрбекова 1947-жылы Аксы районунун Аркар айылында жарык дүйнөгө келген. Жогорку окуу жайын бүтөрү менен Фрунзедеги Политехникалык окуу жайына окутуучу болуп менен эмгек жолун баштаган. Кийин, педагогикалык илим изилдөө институтунда кичи илимий кызматкер болуп иштеген. Музыкага кызыгып, М.Күрөңкеев атындагы музыкалык училищеге кирип, ал жерде эмгектенип жүрүп алгачкы обонун жараткан. С.Жусуевдин сөзүнө жазылган “Сүйүү вальсы” ыры жалпы элге жайылып, бул ыр Япон, Кытай, Казак ж.б. элдерде толугу менен…..

Дүйшөнбек Бектемир уулу: Үйрөтcөк да жашоонун сырын чоңдор, Аруулукту баладан үйрөнөлү

Дүйшөнбек Бектемир уулу – студент кезинен эле сезимтал, муңайым поэзиясы менен окурмандарга таанылып калган жаш калемгер. Жаштардын “Жигер” чыгармачыл борборунун жетекчиси. Өнөрлүү жаштарды таптап, чыгармачылыгын өнүктүрүүгө кам көрүп келатат. Поэзия боюнча бир нече көркөм сынактардын жеңүүчүсү. Улуттук жазуучулар союзунун “Ардак грамотасынын” ээси. Наристелер – аруулар Чоң бут кийим, чоң көйнөк кийген менен, Жер кыдырып, көп нерсе билген менен. Наристедей туптунук боло албайбыз, Жакшы адам көрүнүп жүргөн менен.   Наристелер атыр жыт, гүл денелүү, Жашагыңды келтирет сүйлөгөнү, Үйрөтcөк да жашоонун сырын чоңдор, Аруулукту баладан үйрөнөлү.   Оору-сыркоо алардан алыстасын, Улуу муундар толугу менен…..

Адилгазы Кайырбеков: Кызыл сөздүн коломтосун козгосоң, Тил күйгүзгөн чогу жатат түбүндө

Адилгазы Кайырбеков 1955-жылы 10-каңтарында Чыгыш Казакстан областынын Тарбагатай ооданынын Кожагелди айылында туулган. 1978-жылы азыркы Аль-Фараби атындагы КазМУнун филология факультетин аяктаган. Казакстан Республикасынын маданият кайраткери (эмгек сиңирген ишмер), эл аралык “Алаш” жана башка адабий сыйлыктардын лауреаты. Филология илимдеринин кандидаты. Казакстан Жазуучулар бирлигинин башкарма мүчөсү. Сөз Кызыл сөздүн коломтосун козгосоң, Тил күйгүзгөн чогу жатат түбүндө. Мобул журттан соода жасап озбосоң, Сөз жагынан озом дебе бул күндө.   Сөз кадырын Абайдан соң ким укту. Сөздүн кутун кандай, кантип коргойсуң. Сөзгө конок бергенди журт унутту, Сөздү кордой берсең дагы шорлойсуң.   Сөздөр менен ойногонуң толугу менен…..