Януш Корчак: “Бардык адам мыкаачы эмес!”

Польшалык педагог, жазуучу жана врач Януш Корчак өзү тарбиялаган жетим балдар үчүн кара жанын калкалоодон үч жолу: биринчисинде, Польшаны басып алуу маалында “Жетимдер үйүн” согуш майданына, канкорлордун талаасына таштоодон, экинчисинде, варшавалык геттодон качуудан баш тарткан. Үчүнчүсүндө, “Балдар үйүндөгү” жетимдерди лагерге жөнөтүү үчүн вагондорго салып жатышканда, Корчак менен чыккынчы офицердин ортосунда мындай маек орун алат: -“Король Матиушту” сиз жазгансызбы? Ал китепти бала чагымда окугам. Жакшы китеп. Сиз кете берсеңиз болот. -Балдарчы? -Балдар лагерге кетет. Сиз вагондон түшүп калыңыз. -Жаңыласыз. Болбойт. Бардык адам мыкаачы эмес! Бир канча күндөн соң Треблинка концлагеринде Корчак толугу менен…..