Мусакун Сатыбалдиев: Терек

Терек Аңгеме Үйүнө жетип калган. Ушул учурда дал маңдайдан чарт эткен чагылган уюлгуган кара булуттарды как жарып, жылып келаткан кечки иңирди көз ирмемге жаркытып өттү. Шапалактай чубалжып, ийрелеңдеген чагылган оту асман менен жерди тепчип барып, туңгуюкка сөндү. Анын артынан кулак тундурган күркүрөк угулду. Таман алдындагы жер дирилдеп кеткенин сезди Эркингүл. Жарыктан көзү тунара түшкөн эле. Бүрүшүп жерге олтура калды. Дыбырап жамгыр башталды. Ал өзү менен кошо дуулдаган шамалды ээрчите келаткансыды. Туруп баратып, кучак жеткис теректи көрдү. Негедир ал азыр сүрдүү, мурункудан да зор көрүндү. Чынында эле бу чөлкөмдө мындан чоң, толугу менен…..