Теране Вахид: Бир ууч топурак

Бир ууч топурак Шатырай жааган жамгырдын алдында шашкалактаган бир нече адам Гариптин акыркы өтүнүчүн аткаруу үчүн бир нерсени издеп жүрүштү. Жамгыр тынымсыз жаап жатты. Мындай нөшөрлөгөн жаан көптөн бери жаай элек болчу. Бирок жамгырга эч ким көңүл бурбады. Баары бир нерсени издөө менен алек. Чарчап, баштан аяк суу болгондо алар Гариптин эскилиги жеткен үйүн көздөй жөнөштү. Үйгө жакындап калганда Кожо Муслимдин буту тайып, жамгырдын суусунан пайда болгон көлчүккө жыгылып кала жаздады. Аны каруусунан кармап калган жигит: -Акырын аксакал, шашпаңыз. Кармап калбасам жыгылмаксыз деди. Үйдүн алдындагы адамдар экиге бөлүнө берип, Кожо толугу менен…..