Айтмамат Үмөталиев: Сүйүү кийим эмес, Күндө жаӊылап кийген

22 жашында акын, жазуучу, котормочу жана драматург катары элге таанылып, өмүрдөн эрте өткөн таланттуу инсан Айтмамат Үмөталиевдин сатираларын окурмандарга сунуштайбыз. Айтмамат Үмөталиев 1931-жылы 25-майда Алай районунун Корул айылында жарык дүйнөгө келген.  Мугалимдик кесипти окуган Айтмамат Үмөталиев кичи мекени Алайда аз убакыт иштеген соң, журналисттикке ыктап, жөндөм-шыгынын арты менен 1954-жылы республикалык “Кыргызстан пионери” гезитине иштөөгө Фрунзеге чакыртылган. Аз өтпөй Москвадагы Горький атындагы адабий институттан билим алууга жөнөтүлгөн. 27 жашка чейин Москвада комсомолдук мектепте, адабият институтунда окуп, эки тилде бирдей жазган. “Эркиндик булбулу” (1959), “Арча” (1967),  “Ырлар” (1998) жыйнактары жарык көргөн. 1955-жылы СССР Жазуучулар толугу менен…..