Чыңгыз Айтматов: Демократиянын чеги – эркиндик менен тартип

***** Сүйүү. Жүрөгүндө сүйүү бар адам бардык нерсени түшүнөт. Ага бүткүл дүйнө, бүткүл аалам кымбат. Анткени анын сезими ушунчалык бийик, ушунчалык улуу – ага бардык жашоо мейкиндигин, чоңдордун да, өздөрүндө келечек турмушту камтыган балдардын да, бүткүл адамзат тиричилигинин бир бүтүндүгүн түшүнүү зарыл. ***** Адам мүнөзүндөгү прагматизм, рухий жармачтык, жүрөксүздүк, ойдун мажирөөлүгү сыяктуу сапаттардын негизинде эмне жатат? Албетте, балалыктын жардылыгы, кунарсыздыгы. ***** Балалык – менимче, адам духунун, чыгармачылыгынын, поэтикалык ажардуулугунун синоними. ***** Сүйүүгө, достукка, адамдык мамилелердин тазалыгына жана адилдигине, жомок сыяктуу сезилген идеалга ким чын дилден ишенсе – ошол баатыр. ***** толугу менен…..