Аида Эгембердиева: “АЛСЫЗМЫН ДЕП АК БАРАККА КӨМҮЛГӨМ, АТАМДАН ЧОҢ АКЫН ЖОКТОЙ КӨРҮНГӨН…”

Бүгүн,  3-апрель – акын, окумуштуу, котормочу Аида Эгембердиеванын туулган күнү. Аида Түп районунун Токтоян айылында 1975-жылы төрөлгөн. 2001-жылы «Турар Кожомбердиевдин поэтикалык чеберчилиги» деген темада кандидаттык  эмгегин, андан соң  «Кыргыз кыздар поэзиясынын өнүгүү маселелери» деген темада докторлук ишин жактаган. И. Арабаев атындагы КМУнун профессору, Кыргыз адабияты жана аны окутуунун технологиялары кафедрасын жетектейт. Котормочу катары Марина Цветаева, Белла Ахмадулина, Сергей Есенин, С.Капутикян, Л.Арбачакова, М.Шокан жана Франц Кафканын, азербайжан акын-жазуучулары Фикрет Годжа менен Рашад Меджиддин чыгармаларын,  Льюис Кэрроллдун  чыгармасын кыргызчага которгон. «Ала-Тоо – 97» фестивалынын лауреаты. Кыргыз Өкмөтүнүн Жаштар сыйлыгынын лауреаты. КР Өкмөтүнүн толугу менен…..