Улукбек Омокеев КРУЖСнун Ош облустук бөлүмүнүн жетекчиси болду

Бүгүн КРнын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков Ош облусундагы акын-жазуучулар менен жолугушту. Жолугушууда жазуучулар союзунун ишмердүүлүгү, аткарылып жаткан иштер, келечек максаттары боюнча маалымат берди. Акын-жазуучулардын ой-пикирлерин укту. Алдыда биргелешип аткара турган иштер боюнча баарлашуу болду. Көп жылдан бери чыгармачылык менен жигердүү эмгектенип, адабиятка салым кошуп келе жаткан акын-жазуучуларга Жазуучулар союзунун “Сиңирген эмгеги үчүн” медалы тапшырылды. КРУЖСнун Ош облустук бөлүмүнүн жетекчиси Т.Жороевдин кызмат мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу жаңы жетекчи шайлоо маселеси каралды. Төрага Н.Калыбековдун буйругу менен А.Осмонов, Э.Эрматов атындагы адабий сыйлыктардын лауреаты, Жзуучулар союзунун мүчөсү, акын Улукбек Омокеев КРУЖСнун Ош облустук бөлүмүнүн толугу менен…..

Бүгүн кыргыз адабиятынын классиги Жолон Мамытовдун туулган күнү

Бүгүн кыргыз адабиятынын классиги Жолон Мамытовдун туулган күнү. Акындын 80 жылдык мааракеси 2020-жылга белгиленип, өлкөгө киргизилген чектөөлөрдөн улам өтпөй калган. Бүгүн 80 жылдыкка арналган салтанаттуу иш-чара Ош шаарында белгиленип жатат. Маараке салтанатка КРУЖС төрагасы Н.Калыбеков баштаган КРнын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер А.Акбаров, акындар А.Бакирова, А.Исмаилов, К.Жакыпова, Б.Жамгырчиев, М.Жангазиев, А.Доранбек уулу ж.б. жөнөп кетишти. Бүгүн саат 16:00дө Ош улуттук драма театрында Ж.Мамытовдун 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чаранын ачылышы болот. Туулган жерге Токочуңду кармап жүрүп колума, Жер каптаган жемишиңден жегенде. Кубат болуп токтоп калган боюма, Үмүт болуп токтоп калган денемде.   Менин толугу менен…..