КРнын Эл акыны А.Эгембердиевдин чыгармачылык кечеси болуп өттү

Бүгүн Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын кичи залында ЭлТР МТРКсынын “Мени издесең ырларымдан табасың” теледолбоору кезектеги поэзия кечесин өткөрдү. Бул поэзия кече КРнын Эл акыны Абдыжапар Эгембердиевдин чыгармачылыгына арналды. Бул долбоор журналист, алып баруучу  Айбек Асанбек уулунун демилгеси менен уюштурулуп, 2021-жылдагы үчүнчү ирет өткөрүлүп жаткан чыгарчылык кече. Кечеге КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри К.Иманалиев, Т.Мамеев, М.Абакиров, А.Жакшылыков, А.Рыскулов баштаган КРнын Эл акын, эл жазуучулары, маданият ишмерлери, студенттер жалпы ыр күйөрмандары катышты. Акындын ырларын КРнын Эл артисттери М.Алышпаев, Т.Абдыразаева, актерлор Э.Осмонов, Ө.Израиловдор көркөм окуп берип поэзия күйөрмандарынын черин толугу менен…..

Арслан Койчиев: Тагдыр жөнүндөгү ыр (Ара жолдо калган жоокердин окуясы)

Жазуучу Арслан Капай уулу Койчиевдин “Тагдыр жөнүндөгү ыр” (Ара жолдо калган жоокердин окуясы) аттуу китеби жарык көрдү. Китеп жалпы окурмандарга арналат. Арслан Койчиев: Тагдыр жөнүндөгү ыр (Ара жолдо калган жоокердин окуясы) Ж. М-нын жана анын тагдырлаштарынын арбагына арнадым I Орус менен кыргызды айра таанып айырмалайм деп эзели башы оорубаган, бу кең ааламда “кыргыз” деген эл болорунан кыпындай да кабары жок мынабу дүйнө капар Розенберг кыштагынын жайнаган жай тургундарынын көзүнө жөн эле бир сөлпөйгөн орус болуп көрүнгөн, согуштан кийин мекенине тирүү кайтуудан өлгүдөй коркуп, коркконунан мында корголоп калып калган мусаапыр орус толугу менен…..

Аман Саспаев: Ууру

Ууру Колхоздун алма багына сакчы болуу милдетин алды да, Бөкөбай абышка бардык убактысын бакта өткөрүп калды. “Азыркы кишилер түшүнөт, кантип эле карасанатайлык кылып бир алма үчүн чарбактан секирсин? Мүшөктөн уурдоо жөнүндө ойлонуп да кажети жок. Балдар да мектепте окуп, тарбия алып жатышат, бул дүйнөнүн анык коргоочулары ошолор. Алар биз үчүн эмес, өзүлөрү үчүн коргошот. Анткени, биз – кары-картаңдар убакты келгенде тигилген алманы да таштап кете беребиз… Демек, эч ким да суук колун салбайт”, деп ойлонуучу Бөкөбай. Бирок бул ой чыныгы турмушка шайкеши барбы жокпу аны менен абышканын иши болгон жок. толугу менен…..

Малика Жумадилова: Кудай ырын ырдап беришип, Таң төрөдү, кайра жаралдым

***** Жолдо тыгын Жолдо унаа батпаган… Өз жолумду издеп чыктым мен! ***** Күн уясын тапканда, Кубанычтан кызыл нурга бөлөнгөн Эртең кайра кубарат… ***** Көмкөрүлүп калды асман, Көктөн түшкөн жылдыздар Жерде жатат жымыңдап… ***** Кунары суз жаратылыш Чексиз асман – эки карыш, Туман жутуп алыптыр баарын… ***** Түн бир оокум Үндөр дале үзүлбөйт, Жымжырттыкка окшогон. ***** Албуут шамал ачууланып Каарын төгүп жатканда, Булут көлгө жүгүндү… ***** Капчыгайдын кучагынан ойгонуп, Туман кетип бара жатат таң эрте тескейдеги тоону ашып. ***** Кең ааламда Кең жайылбай канаты, Куштар учат: зым- терекке урунуп. ***** Караңгыда толугу менен…..

Жаш акындар арасында “Жаш толкун” республикалык конкурсу старт алды

Жаш акындарга арналган “Жаш толкун” республикалык конкурсунун жобосу Жалпы жобо Бул жобо жаш акындардын “Жаш толкун” республикалык конкурсунун негизги максаттарын, тартибин жана өзгөчөлүктөрүн аныктайт. Конкурс “Чыныбай Турсунбеков атындагы фонд” тарабынан Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун колдоосу менен өткөрүлүүдө. Конкурстун уюштуруучусу – “Чыныбай Турсунбеков атындагы фонд” (мындан ары – Уюштуруучу). Конкурстун уюштуруучусу төмөнкүлөрдү камсыз кылат: конкурсту өткөрүүгө документтерди даярдоо; калыстар тобунун ишин аткара турган белгилүү адабият жана искусство ишмерлеринен турган компетенттүү Сынак комиссиясын түзүү; конкурстук иш-чараларды өткөрүү; жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземин өткөрүү; Бишкек шаарынан – “Акун Ысык-Көл” пансионатына, “Акун Ысык-Көл” пансионатынан – толугу менен…..

«ЧОПИЕВДИН ЭКИНЧИ ӨМҮРҮ – БУЛ ЖАШООДОГУ КЫСКА, ӨЛЧӨЛҮҮ ӨМҮРҮНӨН АЛДА КАНЧА УЗУН БОЛОР»

Өткөн жумада Кемин районунун Быстровка айылында КРнын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, журналист, сатирик-акын Эсенгул Чопиевди эскерүү жана анын көзү өткөндөн ийин жарыкка чыккан “Кермек кептүү эрмек кеп”, “Сыр башат”аттуу китептеринин бет ачары өттү. Иш-чарага эл акыны А.Рыскулов, балдар жазуучусу, аталган союздун катчысы Ж.Акаева, ж.б. акын- жазуучулар, акын өмүрүнүн соңку учурларында кызматташ болгон “Кыргыз Туусу” гезитинин башкы редактору М.Тыналиев баштаган журналисттер, жердештери жана туугандары катышты. Андан кийин акындын үйүндө – өмүр бою узанган чыгармачылык устаканасында китептердин бет ачар аземи өттү.   Акбар РЫСКУЛОВ, КРнын эл акыны: “Алтынды дат баспагандай эле, анын ырлары толугу менен…..

Кенан Чарбога: Оо, алар – дарбазасы жаннаттын да, Анан бул баштын куттуу таажысы нак

Түркиянын учурбап акыны Кенан Чарбога 1983-жылы Түркиянын Сивас өрөөнүндө төрөлгөн. Болу шаарындагы Абант Иззет Байсал университетинин Педагогика факультетин бүтүргөн. Азыр Сивастагы Жумхуриет (Республика) университетинде Түрк Дүйнөсүнүн көркөм кенчи изилдөө борборунун башчысы. Түрдүү багыттагы 14 китептин автору. Алардын көпчүлүгү ыр жыйнактары. Түрк дүйнөсүнүн Алыкул Осмонов (кыргыз), Олжас Сулейменов, Мукагали Макатаев (казак), Микаил Муштик (азербайжан), Мустай Карим (башкыр) сыяктуу бир катар көрүнүктүү акындарынын поэзиясын түрк тилине которгон. Биздин энелерибиз Оо, алар – дарбазасы жаннаттын да, Анан бул баштын куттуу таажысы нак. Издээри көзүбүздүн – жан ачышса, жанды да сактап турат дары сымак. толугу менен…..

Жазуучу Бекбай Алыкулов каза болду

Кыргыз адабияты оор жоготууга учурады. Жазуучу Бекбай Алыкулов 84 жаш курагында каза болду. Жазуучу жана журналист Бекбай Алыкулов – Жайыл районунун Сары-Булак айылында 1937-жылдын 15-сентябрында туулган. 1955-жылы Сары-Булак орто мектебин бүтүргөндөн кийин үч жыл Ленин атындагы колхоздо чабан болуп иштеген. 1963-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетин бүтүргөн. Эмгек жолун Кыргыз Республикасынын «Билим» коомунда методист болуп иштөөдөн баштаган. Андан соң 1965–1967-жж. Кыргызстан керек-жарак союзунда китеп-соодалоо бөлүмүнүн товар боюнча улук адиси, 1967–1983-жж. «Советтик Кыргызстан» гезитинде атайын кабарчы, «Кыргызстан» басмасынын көркөм котормо бөлүмүнүн башчысы, 1988-жылы «Кыргызфильм» киностудиясында улук редактор, «Кыргызкабар» агенттигинде редактор, 1990-жылы «Кыргызстан» басмасынын толугу менен…..

Чыңгыз Айтматов: Адабий тажрыйба – өтүкчүнүн өнөрү эмес

(«Биз дүйнөнү жаңыртабыз, дүйнө бизди жаңыртат» китебиндеги асыл нускалар)   ***** Ар бир адамдын өз Мекени бар. «МЕКЕН» деген сөз кыргызда – ата-бабанын жери, туулуп-өскөн жер дегенди билдирет. Ал, албетте, гүлбакча эмес. Абдан сагындырып, бир көрүүгө куштарланткан Талас жергемди ак-карасы аралаш жаткан өз келбетинде көз алдыма элестетүүгө аракеттенем. Эгер мен аалам койнун аралаган космикалык саякатта жүрүп, жер жөнүндө ойлончу болсом, сөзсүз аны өз айылым Шекердин образы аркылуу элестетерим бышык. Анткени, менин башатым – ушул Шекер. Ушул жерде аталарым жана бабаларым жашаган. Ушул жерде мен жарык дүйнөгө келип, турмуш тааныгам, өз толугу менен…..

Марат Токоев: Билесиңби, мен көнүпмүн, Баш көтөрбөй жашаганга

***** Таңгаласың. Билбейсиң себебин Турганымдын туйбай суук азабын. Сууган жүрөк күн суугун сезеби? 29.04.1993-19.01.2021 ***** Тарыхтын кумдуу барагы Толтура түркүн издерге. Менин да изим калабы Бетинде анын бир кезде? Бирок да шамал-убакыт Эч кимге билбейт аёону. Эрмекке жаңы кубанып Изиме салар ойронду. ***** “Ким урган боз асман? Көк ала бүт денеси…” Н. Абдразакова “Мекениңе кайт”, – дейт Улуулук. Бирок кантип ага жете алам – Өжөр жаным алсыз умтулуп Көк асмандай болду көк ала. 28.12.94 ***** Асман бетинде сейилде Ай орогуна илинип Араң бошонду ак булут. Эркин жашоодо билбеген Эмне экени толугу менен…..