Зинакан Пасаңованын жаңы чыккан “Томаяк издеген бакыт” прозалык жыйнагына адабий талкууда айтылган ойлор

7-мартта Бишкек шаарындагы К.Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасында Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, акын-жазуучу Зинакан Пасаңованын жаңы чыккан “Томаяк издеген бакыт” прозалык жыйнагына адабий талкуу өттү.

Талкууга кыргыз адабиятынын жана маданиятынын белгилүү өкүлдөрү, профессионал адабиятчы, сынчылар жана окурмандар активдүү катышышты. Алар З.Пасаңованын чыгармаларына кызуу талдоо жасашып, автордун чыгармачылыгынын өзгөчөлүктөрү, адабияттагы орду жана келечеги жөнүндө ой-пикирлерин билдиришти.

Кыргыз Эл акындары: Меңди Мамазаирова,  Шайлообек Дуйшеевдин, Кыргыз эл жазуучулары Асан Жакшылыков, Султан Раев, жана акын Назгүл Осмонованын, сынчы Жолдош Турдубаевдин, жаш окурман Нурболот Азаматовдун талкууда айткан ой-пикирлерин сунуштайбыз.

Кыргыз Эл жазуучусу Асан Жакшылыков:

Жазуучулукта сөз менен иштөө маданияты негизги нерсе, ар бир сөз кылдат тандалып, чыгарманын тулкусуна бир бүтүндүк болуп жуурулушуп турушу керек. Айталы, жаңы курулган имараттын сапаты жана көрктүүлүгү анын курулуш  материалдарынан көрүнүп тургандай, көркөм чыгарма  жазуудагы башкы курал – бул сөз каражаттары.

Зинакан Пасаңовада сөз менен иштөө маданияты жогору экен. Аңгемелеринде адабий  тилдин стилистикалык, грамматикалык түзүлүштөрүн сактоо менен бирге эле элдик жана диалекти сөздөрдү да кеңири колдонуптур. Автордун сөз байлыгын белгилеп кетээр элем.  Каармандардын бейнесин ачуучу деталдарды да ыктуу пайдаланган. Айталы, “Томаяк издеген бакыт” аңгемесинде майып кыздын көзүндөгү кубулуштарды, колунун кыймылын элестүү сүрөттөө менен ал кыздын бейнесин окурмандын көз алдына тартат. Чыгармадагы деталдар – бул орнаменттей кооздоп туруучу маанилүү каражаттар эмеспи.

Азыркы учурда адабиятта чыгармачылык эркиндик бар. Жазуучу актуалдуу теманын артынан кубалабай өзү жакшы билген жана өзүнүн жан дүйнөсүн козгогон турмушту  жазыш керек. Зинакан “Аял сыры” деген аңгемесинде аялзатынын турмуш-тагдырын ичтен билгени көрүнүп турат. Мага башкы каармандын аялдык бактысын издей билгени жана турмушту туура түшүнгөнү, чыгарманын кульминациялык чечилиши жакты.

Зинакандын бул жыйнагында мүчүлүштүктөр да жок эмес. Алардын кээ бирин белгилеп кетейин: жеке адамдын дене мүчөсүн көптүк түрүндө баяндайт экен. Мисалы, “эриндери”, “колдору”, “буттары” деп. Адамдын “эрини, көзү, буту” деп жекелик түрүндө гана айтылат. Автор өзүнүн чыгармачылыгында бул айтылгандарды эске алат деп ойлоймун.

Кыргыз Эл акыны Менди Мамазаирова:

Зинакан Пасаңованын “Томаяк издеген бакыт” деген жыйнагына топтолгон аңгемелерин окуганымдан кийин килейген романдарды жазуунун кереги деле жок экен деп ойлоп калдым. Аңгемелер мага аябай жакты.

Автордун ар бир аңгемесинен азыркы турмуштун, азыркы коомубуздун картинасын көрүүгө болот. Эмнеге китептин аталышын “Томаяк издеген бакыт” деп узун кылып койду деп ойлодум эле. Көрсө, ушул аталышта маани бар экен. Аңгемеде кичинекей майып кыз өзү жаратып алган жомок дүйнөсүндө жашайт. Ошол жомок кызды өзүн курчаган жакыр турмуштан, майыптык тагдырдан куткаруучу болуптур. Алты жашар кыздын эки колунун манжалары тубаса жок, бирден гана сөөмөйү бар. Ал сөөмөйлөрү да төрөлгөндө ийкемге келчү эмес экен. Бирок, наристе бала болсо да ушунчалык толук кандуу жашоого, бир максатка жетүүгө, эл катары бактылуу болууга умтулушу сыяктуу адамдык жашоо күчүнө тан бересиң. Бул аңгемеде баланын адамдык  бакытка күчтүү ишеними берилсе, “Айсберг оодарылганда…” аңгемесинде жаш баланын адамга болгон ишениминин айсбергдей оодарылып кетиши ынанымдуу сүрөттөлгөн.

“Төрөт үйдө төрт күн” аңгемеси да мага аябай жакты. Аялдар үчүн ыйык жай болгон, наристелер алгач дүйнөгө келген үйдө азыркы доордун оош-кыйыштары, энелик бакыт менен кошо эле жалгыз бой аялдын бактысыздыгы, таштанды балдар жөнүндө көйгөйлөр жуурулушуп турат. Замандын ошончо көйгөйлүү маселесин бир аңгемеге батыруу үчүн Зинакандыкындай чеберчилик керек.

Калемиң ушунчалык дасыккан, турмушту терең билген, кыргыздын нукура сөздөрүн колдоно алган калемгер болупсуң, Зинакан.

Биз бири-бирибиздин чыгармаларыбызды окубаган кемчилигибиз бар. Бизде союз мезгилинде башкачараак эле. Жаңы чыккан китептерди жазуучу-акындар чогулуп талдап, баа берип, ал жөнүндө гезит-журналдарга жазып, адабий чоң жаңылык катары көтөрүп чыгып, дуулдайт элек. Азыр андай эмес. Бири-бирибиздеги чыгармачылык жаңылыктарыбызды көрмөксөн, билбексен болобуз. Калемгерлер баарыдан мурда бири-бирибизди колдоп турсак, адабияттын кадыры көтөрүлөт. Мен Зинакандын китеби жөнүндө убакыт таап, макала жазам деген оюм бар.

Кыргыз Эл акыны Шайлообек Дүйшеев:

Зинаканды мурда эле жакшы жазган калемгер катары тааныганбыз. Ошол бойдон бир нугунан жазбаган күлүктөй болуп мыкты  иштеп келе жатат. Азыр интернет деген чыккан. Замандаш калемдештердин ким эмне жазып жатканынан кабардар болуп турабыз. Ырлары да сонун болчу. Кийинчерээк прозага өтүп кетти.

Чыгарманы эл окуур бекен деп жазат. Сендеги чыгармачылык касиетти Асан Жакшылыков айтып кетти. Прозаик болобу, акын болобу, сөз менен мыкты иштеш керек. Эне тилибизди канчалык жакшы билсек, жазган чыгармабыз ошончолук көркүнө чыгат. Сенин чыгармаларыңда илгертен бери ушундай касиет бар.

Китеп менин колума кеч тийди. Мага берип жиберген китебиң колдон колго өтүп, кечээ кечинде зорго алдым. Ошондуктан баарын окууга үлгүрбөдүм. Жыйнакта ар кайсыл убакта жазган аңгемелериң бар экен. Эски жазылган чыгармаңдан бирөөнү окудум. Узун жазылыптыр. Кийинкилери  такшалганыңда жазылыптыр. Анан Ош окуясынан алынып жазылган “Айсберг оодарылганда” деген аңгемеңди 13-бетте эле токтотуп койсо болмок деп ойлоп калдым. Бала дайынсыз кеткени окурман үчүн кызык болот эле. Ошондой чоң окуяда андан да кайгылуу жана табышмактуу тагдырлар көп болду да. Эми сага сын жок, Зинакан. Ийгилик гана каалайбыз жана көптөгөн мыкты чыгармаларды жаратышыңды күтөбүз.

Кыргыз Эл жазуучусу Султан Раев:

Эженин алгачкы чыгармасы мындан 35-40 жыл мурда залкар жазуучу Түгөлбай Сыдыкбековдун ак батасы менен жарык көргөнү эсимде. Улуу жазуучу эжебиздин чыгармачылыгын эртелеп эле байкап, баш сөз жазып жарыялаган. Чыңгыз Айтматов менен Түгөлбай Сыдыкбеков сыяктуу адабиятыбыздын залкарлары баш сөз жазган адамдар өзгөчө эле. Анткени, алар көрүнгөн эле калемгерге баш сөз жазып, баасын бере беришчү эмес.

Зинакан эже ошол бааны актады. Поэзияда да, проза жанрында да тынымсыз иштеп келе жатат. Чыгармаларын буга  чейин да окуп жүргөм. Биз айтып калабыз го. Борбордук адабият, элеттик адабият деп. Адабиятта мындай бөлүнүү эч качан болбойт. Кайсыл жерден талант чыкса, ошол жер адабияттын борбору болот. Адабияттын борбору Валентин Распутин жашаган Иркутск, Михаил Шолохов жашаган Вешенский кыштагы адабияттын борбору болгон.

Эженин чыгармачылыгындагы  өзгөчөлүк: каармандары менен кошо өзүнүн дүйнөсүндө, ааламында, галактикасында жашап, адабиятта ошол адамдардын өзгөчө бейнесин  жаратып берди. Турмуштук чакан көрүнүштөн чоң философия чыгара билет экен. Аңгемелериндеги ар бир сөзү, үтүрүнө, чекитине чейин жашоо деми бар, ою бар, тереңдиги бар. Чакан аңгемелеринде да улуу ойду айтат. “Мүрзөдө өскөн гүлдөр” деген аңгемеси китептин эки барагына араң толот. Бирок, мен үчүн гениалдуу аңгеме. “Чөбү тапталбаган жолдун нугун зорго таап, эски мүрзөгө келе жаттык” деген бир сүйлөм менен эле тирүүлүктүн  түбөлүк мыйзамы жөнүндө чоң ойду айтып койду. Адам түбөлүк жай алган көрүстөн мезгил өткөн сайын эскирип, жер менен жер болуп чөгүп, аларга каттаган жолдордун нугу өчүп, урпактар үчүн эгин айдар, чөп орулар, мал жайылар кадимки эле талаа болуп, тирүүлүктүн уланышы табигаттын мыйзамы экен деген сөздөр менен жарык дүйнөдөгү улуу акыйкатты жөнөкөй сөздөр менен жар салып койду.

“Айсберг оодарылганда” аңгемеси да турмуштан алынып жазылган. Чындыгында Ош окуясын эже бир эмес эки жолу көргөн, жүрөгүнөн өткөргөн. Бизге караганда ошол окуяны башынан өткөргөндөр миң эсе жакшы түшүнөт. Мен аңгемени алгач окуй баштаганымда улуттар аралык бир агрессияны сүрөттөгөн чыгарма окшойт деп ойлодум. Бирок, эже бир ооз сөз менен эле  эки элдин карапайым адамдарынын ортосунда эч бир кастык жана күнөө жок экендигин айтып койду. Шаарды өрт чулгап, эки тарап тирешип турганда каармандын коңшусу өзбек киши: “көрүнбөй өтүп кетиңиз!” деп кыргыз аялга жан тартып коргоп калгысы келет. Ушул бир ооз сөз ушунчалык гуманизм жөнүндө он баракка толо жаза турган сөздөрдү батырып койду. Жөнөкөй адамдар оор кырдаалда да өзбек, кыргыз дебей бири-бирине жан тартып жатышат. Же болбосо аңгемедеги жаш бала менен мугалим эжекесинин ортосундагы байланыш. Мугалим аял өзү канчалык кыйынчылык тартып турса да окуучусу болгон балага телефон аркылуу болсо да үмүт берип, жүрөгүнө ишенимди бекемдеп жатат, ал тургай аны сактап калды десем да болот.

Адабияттын ар кандай агымдары пайда болууда. Бирок адам өзүнүн карапайым турмушу менен калат, ошол карапайым турмушу менен улуу. Турмуш ушул адамдардан куралат. Биздин замандаштар ушул адамдар.

Менин авторго кааларым: Томаяк издеген бакыт окурман издеген бакыт болуп калсын!

Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, акын Назгүл Осмонова:

Зинакан Пасаңова деген ысымды мен эженин “Аял сыры” аттуу чыгармасын окугандан баштап жакшы таанып калдым. Эже-сиңдилик мамилебиз да дурус. Эжени сабырдуу, токтоо, көтөрүмдүү, билимдүү, таланттуу аялзаты катары билем. Курманжан Датканыкындай мыкты касиеттерине жараша эжеде Жараткан ыроолоп берген жазмакерлик, жашоонун бирде жаркын, бирде мүңкүрөтүп чөктүргөн ирмемдерин өзүндөй сүрөттөө таланты күчтүү. Зинакан эженин абдан сонун ырлары бар, бирок мен бул сапар анын прозасына учкай токтолгум келип турат. Жакында эле жарык көргөн “Томаяк издеген бакыт” китеби колума тийип калды. Анда эженин аңгеме, новелла, эсселери топтолуптур. Китептеги бир топ чыгармаларды окуп чыгып Зинакан эженин талантынын бышып-жетилгенин, анын кара сөздүн кадырлуу чеберине айланганын түшүндүм, өзүмчө толкундандым, эргидим. Эже турмуштагы ар кыл көрүнүштөрдү муңайым, жаркын ыргактар менен ишенимдүү сүрөттөйт. Анын каармандары эрктүү, чечкиндүү, жашоодон запкы жеп, оор кайгыны башынан өткөрүшсө да, эртеңкиден, жарык келечектен үмүт үзүшпөйт. Буга “Аял сыры” новелласындагы баш каарман, “Айсберг оодарылгандагы” окуяны сүрөттөгөн автордун өзү, “Сонунбү сыйкырлаган булактагы” Сонунбү ж.б. каармандарды мисал кылууга болот.

Мен суктанган дагы бир ачылыш – Зинакан эженин табигат көрүнүштөрүн, жаратылыш сулуулугун кыска, бирок чебер сүрөттөй алышы болду. Буга мисал – “Бадам гүлдөгөн шаар” эссеси. Анда Сулайман тоо дал ортосунан орун алган Ош шаарына жаздын келиши сүрөттөлөт:

“Ош шаарында жаз Сулайман-Тоодон башталат. Башка тоолордон айырмасы да, а мүмкүн касиети да ушул: кары түзгө караганда мурда кетет. Күңгөй бетине ыктай өскөн бадамдар көк чыга электе биринчи гүл ачып, амал айын утурлайт. «Бадам гүлдөптүр» деп сүйүнчүлөшөт шаардыктар бири-бирине. Бул кабар «Жаз келиптир!» дегендей эле сезимди селт эттирет. Гүл бурак жаз тоодон ылдыйлап келбей койчудан бетер өрөпкүгөн көңүл менен Сулайман-Тоого ашыгып жөнөйбүз…”

Ордолуу Ошко жаздын келиши мына ушундайча сүрөттөлөт да, акырында окурманды толкундатар саптар менен аяктайт:

“…Көктөмдүн биринчи белгиси болгон үчүн бадам гүлүн оштуктар жапандардын сакура гүлүндөй эле аздектешет. Тиктеп-тиктеп көз тойбогон соң агыш, мала пуштуу уяң гүлдөрдү кош колдоп аяр кармап, карегибизге сүртүп: «Эмдиги жаздын гүлүн көрөлү!» деп тилек кылдык. Кайтып келатсак бадам гүлү жыттанган жаз бизди ээрчип шаарга түштү…”

Бадам гүлү жыттанган жаздын адамдарды ээрчип шаарга түшүп келгени эмне деген табылга, эмне деген чулу ой!..

Дагы бир байкаганым, автор чыгармаларына ат тандоодо абдан кылдат, абдан чебер. Мисалы: “Буура жуунган булак”, “Сонунбү сыйкырлаган булак”, “Шамал унуткан терек”, “Мүрзөдө өскөн гүлдөр”, “Көлдө күйгөн чырак” ж.б.

Эмне дейбиз, Зинакан эже баралына келип, акыл-эс куржуну толуп, окурманга берери алдыда сыяктуу сезилет. Дагы да мыкты эмгектерди күтөмүн. Авторго болсо ден-соолук, талыкпаган күч-кубат гана каалаймын.

Сынчы, адабиятчы Жолдош Турдубаев:

Зинакан эженин чыгармаларында нукура реализм бийиктигине өсүп чыккан учурлары бар, ага жетип-жетпей, натурализм деӊгээлинде кала бергендери да жок эмес. Бирок эч кандай наамы жок болсо да, эл жазуучусу деген наамы бар жазуучуларыбыздын кыйласынан калышпайт дегидей жазат экен.

Кечээ Асан Жакшылыков агай: “социалисттик реализмге” таандык деп койгон “типтүү кырдаалдарга жараша типтүү мүнөздөр” аныктамасы – чындыгында жалпы эле реализмге тиешелүү, тээ Шекспирден бери классикалык адабияттын турмуш чындыгын чагылдыруудагы эч ким жокко чыгара алгыс жобосу.

Сюрреализм, модернизм, футуризм ж.б. агымдардын деле өзөгүндө реализмдин таасири болот – болгону бул агымдардын өкүлдөрү турмуш чындыгын башкача өӊүттөн, демейкиден кескин айырмаланган формада, башкача ыкмалар менен чагылдырат да, көбүнчө танып жаткансыган нерселерин иш жүзүндө ырастап салышат. Ошентип, демейки нукта сүрөттөлгөнгө, баяндалганга салыштырмалуу чыгарманын таасирин бир нече эсе арттырууга умтулушат.

Ал эми “-изм”, “-ия” дегендерге келсек, теориялык өзөгүндө өнүгүүнүн (мисалы, адабияттагы өсүштүн) тарыхый этаптарын белгилеген окуулар бар, айрымдары эскирбейт, аларды убактылуу гана жеришет.

“…изм” деген мүчө менен аяктаган эч кандай адабий агымдарга баш ийбеген, реалдуу, жөнөкөй, чакан, ошол эле учурда мааниси бар, болгону болгондой жазылгандыгы менен өзгөчөлөнүп турган дагы мыкты чыгармалар жаралышына тилектешмин. Чыгармачылык ийгилик каалайм.

Жаш окурман Нурболот Азаматов:

Жашоого, турмушка, курчап турган дүйнөгө ар башка ракурстан, ар кандай призмадан карай алуу мүмкүнчүлүгүн бергени – адабияттын негизги касиеттеринин бири. Автордун кагазга түшүрүп койгон дүйнөгө карата мамилеси аркылуу миң сырлуу турмуштун тигил же бул көрүнүштөрүн байкап, талдап, аң-сезимиңди жетилтип отурасың. Бул керемет нерсе! Адабият мына ушундай ички сезимдерге толгон ажайып дүйнө. А мындай аруу дүйнөдө табиятынан бөтөнчө сезимтал келген аялдардын болушу – феноменалдуу көрүнүш. Себеби, айланабызга аялзатынын, эненин көзү менен карай алабыз. Ал эми аялзаты биз анчейин этибар ала бербеген жаратылыштагы, өмүрдөгү, күнүмдүк тиричиликтеги нерселерди байкап, таамай көрсөтө билет. Дүйнөнү алар назиктик менен, мээримдүүлүк менен кабыл алышат.

Буга Зинакан эженин эсселери, новеллалары, аңгемелери далил. Мен сюжетке өтпөй, жөн гана аңгемелердин аталышын тизмектеп көрөйүнчү. Мисалы, “Шамал унуткан терек”, “Байчечекей жыттуу каттар”, “Мүрзөдө өскөн гүлдөр”, “Жаз жоктогон гилас”, “Айсберг оодарылганда”, Куштар куттук айткан гилас гүлү” ж.б. Не деген образдуу аталыштар?! Каттардын байчечекей жыттанарын, эч ким байкабаган гиластын жазды сагынып атканын же шамал унутуп калган теректи бир гана аял байкай алмак. Эженин каармандары да аялдар. Ананчы?! Эч ким барбай калгандыктан мүрзөгө бараткан жолдо чөп, гүл өсүп калганын атасына күйүмдүү кыз гана байкап, окуучусунун ичиндеги айсберг оодарылганын агай эмес, бир гана эжей түшүнмөк. Адабият аркылуу өтө татаал, чиеленишкен, глобалдуу көйгөйлөрдү көрсөтүүгө жана көрүүгө далалат кыла берип, биз гиласка куттук айткан куштарды байкабай деле калыптырбыз. Мына ушундай эң жөнөкөй нерсени ортого таштап, бул дүйнөнүн назик тарабын эске салып турушу үчүн аялдардын адабиятта болушу маанилүү экен.