“Жылдын мыкты котормочусу – 2022” сынагынын сыйлоо аземи болуп өттү

2022-жылдын 28-апрелинде Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде аталган университеттин Гуманитардык факультетине караштуу Синхрондук котормо бөлүмүнүн Кыргызча-түркчө программасы, КР Президентине караштуу Мамлекеттик Тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы, КР Улуттук жазуучулар союзу тарабынан уюштурулган «Жылдын мыкты котормочусу – 2022» кароо-сынагынын жыйынтыгын чыгаруу жана сыйлыктарды тапшыруу аземи болуп өттү.

Берилген көркөм чыгармаларды кыргыз, түрк, орус, англис тилдерине которуу аркылуу котормо бөлүмүндө окуган студенттердин көркөм котормо багытындагы талант, шык-жөндөмүн ойготуу, сыноо максатында уюштурулган “Жылдын мыкты котормочусу – 2022” кароо-сынагына келип түшкөн жыйырма беш студенттин котормолорунун ичинен мыктылары иргелип алынды. Кароо-сынактын жеңүүчүлөрүнө дипломдор, ардак грамоталар, кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды. Сыйлыктарды тапшыруу аземине КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын өкүлү Кутмырза Жакыбалиев, КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары Керимбек Кадыракунов, КР улуттук жазуучулар союзунун котормо секциясынын башчысы Алтынай Токтоматова, Гуманитардык факультеттин деканы илимдин доктору, профессор Ахмет Беше, декан жардамчысы илимдин кандидаты Жылдыз Чыманова, Синхрондук котормо бөлүмүнүн башчысы илимдин доктору, профессор Экрем Арыкоглу, Синхрондук котормо бөлүмүнүн окутуучулары жана студенттери катышты.

Жазуучу Бейшебай Усубалиевдин “Зоока” аңгемесин кыргыз тилинен түрк тилине которгон Мээрим Тынарбекова, Айканыш Адилова, Зулайка Эгембердиевага жана ушул эле чыгарманы англис тилине которгон Ширин Чыңгызали кызына, түрк калемгери Линдита Ханари Латифинин “Чоң энемдин көздөрү” аңгемесин кыргыз тилине которгон Алина Абдужапарова, Турсунай Жаныбек кызы, Нурайым Тагайбекова жана Айнур Абитовага КР Улуттук жазуучулар союзунун Ардак грамотасы ыйгарылды. Мындан тышкары сынактын жеңүүчүлөрүнө КР Президентине караштуу Мамлекеттик Тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын ыраазычылык барактары тапшырылды.

КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары К.Кадыракунов жакшы саамалыкты жайылтып жаткан уюштуруучуларга ыраазычылык билдирип, сынактын жеңүүчүлөрүнө ийгилик каалады.

Студенттердин мыкты чыгармаларды профессионалдык деңгээлде которууга белсенип жатканы кубанычтуу көрүнүш экендигин баса белгиледи.