Жолон Мамытов: Менин доорум – ойлор Күндү чапчыган, менин доорум – көз ирмебес чакчыгай.

Бүгүн, 1-апрель акын Жолон Мамытовдун туулган күнү. Акын тирүү болгондо бүгүн 80 жашка толмок. 80 жылдыкты бул күнү акындын айылында белгилөө боюнча КР Улуттук жазуучулар союзу Ош облустук мамлекеттик администрациясы, Ош шаарынын мэриясы, Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясы менен биргеликте өткөрүү үчүн сүйлөшүп, даярдык көрүп жаткан эле. Тилекке каршы, өлкөдөгү абалдан улам кийинки мөөнөткө жылдырылды. Акындын 80 жылдыгы күз айларында Бишкек шаарында белгиленет.

Менин доорум

Менин доорум – ойлор Күндү чапчыган,

менин доорум – көз ирмебес чакчыгай.

Ааламдарга ракеталар жөнөтүп,

бүт дүйнөнү тиктеп турат сакчыдай.

 

Татаал ойлоп, эң бир татаал жашаган,

менин доорум – сезгич, сергек жаш адам.

Тубасага канааттанбай кылчалык,

бүт тулкусун кайра жууруп жасаган.

 

Менин доорум – окторулган тоо суусу,

акпай, учуп замандарды тосуучу.

Менин доорум – баары келген колунан,

табийгаттын алуу менен кошуусу.

 

Менин доорум – түйүлдүгү эргүүнүн,

башталышы зор жаңылык, зор күүнүн.

Соолбостон куюп турган булагы,

шарактаган кайноо менен оргуунун

 

Менин доорум – кечтер менен ак таңдар,

чаңкай түштөр, жылдыз толо асмандар.

Менин доорум – коммунисттер чабандес,

зор байгени баштап бара жаткандар.

 

Жаштык

Алоолоп күн жүргөндөй кулачында,

зыпылдайт үмүт ойдун кылаасында

алыскы ааламдарга сызууну эңсейт,

алмашып канаттарын ылаачынга.

 

Тиктейт да чексиздикти алды жакта,

ченемсиз сапарына кайрылат да.

койнуна табийгаттын сүңгүүнү эңсейт,

алмашып канаттарын карлыгачка.

 

Алдырбай кайгы менен күйүттөргө,

күч жыйнап муздак менен бийиктерде.

жер үстүн чакырымдап чыгууну эңсейт,

алмашып ылдамдыгын күлүктөргө.

 

Агымдай чамгарактап, октос ура,

баш бербей мыйзамдардын жолтоосуна.

от болуп жарык жанып калууну эңсейт,

кайнаган замандардын ортосуна.

 

Пискарев мүрзөсүндө

Ленинграддын бул 26 гектар жерине блокада мезгилинде ачарчылыктан, согуштан курман болгон жарым миллион эр-аялдардын, картаңдар менен балдардын, Советтик Армиянын жоокерлеринин сөөгү коюлган.

(Экскурсоводдун сөзүнөн)

Билем, курбум, өлүмгө ыр сыйбастыгын.

Багынбастыгын уйкаштыкка кайгылар.

Бирок бүгүн, ызаланган акындык үнүм менен,

Күүлдөгөн заманага кайрылам:

 

Эй, заман, бакта турган

жигит-кызга тийген аткан огуң.

Жоокердин жүрөгүнө баткан огуң.

Аял менен эркектердин

көөдөндөрүн тыткан огуң,

Жооп бер!

Кимди илмекчи кароолуңа

күн-түндөп жасап жаткан огуң!

 

Унчукпайсыңбы?

Уккун анда:

Мен, – тирүүлүк өкүлү

Жолон Мамыт уулу,

өзүмдүн адамдык өлүмүм менен

өлгүм келет!

 

***********

Жулкунам чексиздикке ээ-жаа бербей,

билсем деп бул дүйнөнүн бүтүн сырын.

Ичине зор ой топтоп Асман-Жердей,

турмушка жаралчудай анан ырым.

Изилдеп кыймылдарын мазмундарын,

ойлордун табияттын түшүнгөнчө,

келе албай белгилүү бир жыйынтыкка,

өтө алгыс чоң сепилге такалганча;

бул аалам тар сезилип ушунчалык

чекеге тапанчаны такаганча:

үмүттү минип алып жашоо керек,

үмүттү басуу керек туудай кармап.

Үмүттү күч жеңгенче даңктоо керек.

Үмүттү сүйүү керек ырлар арнап.

Сапарың узак болсо эгер, улан,

үмүткө үйлөнүүнү сунуш кылам!

 

Махабат дабасы

Мен үчүн жаралгансың бул турмушка,

Сезимтал махабатка болуп даба.

Окшошсуң асмандагы бир жылдызга,

Жок жалган. Жылдыз өзү окшош сага!

 

Мен сени тоодон эскен шамал деймин,

Кыдырган бул ааламды куунап, эркин.

Сен ошол сапарыңдан аман келгин,

Жашоомду жагалданткан кымбат селким!

 

Аз күнгө көрбөй калсам илдет чалды,

Сүйүүңө байланышкан айыкмайым.

Мен үчүн андан ашкан милдет барбы

Термелген толкундагы кайыктайым!

 

Өзүңсүз бул өмүрдүн жок кызыгы,

Билсем да алда сонун жылдар барын.

Жүрөктө сагынычтан чок кызыды,

Гүл болуп маңдайыма ыргалганым!

 

Мен үчүн жаралгансың бул турмушка,

Сезимтал махабатка болуп даба.

Окшошсуң асмандагы бир жылдызга,

Жок жалган. Жылдыз өзү окшош сага!