Жедигер Саалаев: Табышмагын бул жашоонун чечсем деп, Мен ырлардан чыгарамын өчүмдү

Ырларыма

Чыккыла, ырларым атылып,

Мага окшоп камалбай туюкка!

Мага окшоп жаманды жашырып,

Буюкпа, буюкпа, буюкпа!

 

Каякта чындык деп, чындык деп,

Сен дагы жаныңды кыйнагын!

Турганда турмуштан ыдык жеп,

Күлсөм күл, ыйласам ыйлагын!

 

Жан биргем, жан боорум – ырларым,

Жана да дагы бир кайталайм:

Жан билбес ыймандай сырларым

Жапжалгыз бир сага айталам.

 

Жан билбес ыймандай сырларым

Жаханга сен менен айталам!

 

Сөз

Мен – сенин мекениңмин, коргоп калгын!

Мелжеген жерге тийип орноп калгын!

Мээримсиз пенделердин жүрөктөрүн

Эритип, пейилдерин оңдоп салгын!

 

Сен менен бечара жан кайрат кылып,

Сен менен ажалга да айбат кылып,

Татыктуу болсоң элдин тагдырына

Туу болгун, көтөрүшсүн байрак кылып!

 

Дегениң дегениңдей орундалсын,

Бал татып, жүрөктөрдөн орун алгын!

Тайбагын калыстыктан, ооруларга

Дабаа бол, сен эч качан оорубагын!

 

Сен өлбө, сен өлгөнүң – мен өлгөнүм,

Башында тургун жакшы жөрөлгөнүн!

Багынып баарысы тең, душманың да

Тойлошуп тосуп алсын төрөлгөнүң!

 

Күн адам

Сүйүнчүлөп жакшы кабарын,

Таң эртеден сурап абалың.

Кандай жакшы Күндөй жаркырап,

Тийип турган болсо адамың!

 

Күндөй болуп нуру чачырап,

Күлүп турса көңүл ачылат.

Дарманың жок сыркоо болсоң да,

Дартың сенин дароо басылат.

 

Жакшы сөзү жанга эм болуп,

Жалгыз өзү арка-бел болуп.

Жаркып сен да тура келесиң,

Жаныңдагы элге тең болуп.

 

Көр тирликте көп го күң адам,

Көөдөндөрү көрдөй – түн адам.

Жаркыраткан жашоо-турмушум,

Жаша, жаша, бар бол, Күн Адам!

 

Дарым – сен

Кам көрүп ден соолугума,

Кабатыр тоорулуп мага.

Сезбедиң өзүң экениң

Сен – дарым, жолугууң мага.

 

-Чыкты, – деп, – жаңы бир дары,

Атадың нечен фирманы.

Алтыным, сенсиз айыкпайм,

Алмашпайт сени миң дары.

 

Ачылып көзүм умачтай,

Сен берген мага кубаттай –

Кубат жок, анан кубанч жок,

Жолуккан сага кубанчтай.

 

Жүрөктүн сезген кагышын,

Жүрөрүм козгоп намысым.

Дарт берип, кайра дарылар

Сен – мендик жалгыз дарысың.

 

Бук

Тилегиме урук салган бир нук бар,

Түнөгүмө уюп калган бир кут бар.

Кайда жүрсөм жанга тынчтык бербеген

Жүрөгүмө бугуп калган бир бук бар.

 

Ошол буктан турам дайым буюгуп,

Ошол буктан ырлар чыгат куюлуп.

Суроолорго жооп издеймин сандаган,

Бекер басып жүргөн өңдүү туюлуп.

 

Туура жолго салсам деймин көчүмдү,

Таба албай издеп өзүм өзүмдү.

Табышмагын бул жашоонун чечсем деп,

Мен ырлардан чыгарамын өчүмдү.

 

Хандын дагы татым тузу кем деген,

Хандын бугу ошол туз кем жер белем.

Хан эмесмин, түйшүктүү бир жанмын мен,

Хан түшүнбөс бугум билбейм, эмнеден?

 

Айландыр көйгөйдү да махабатка!

-Ачылдым…, – дейсиң жаным,

Ачыл, ачыл!

Агылгын, тоо суусундай,

Төгүл, чачыл!

Жаркыра, тийген күндөй жайындагы,

Жашоодо көп болсун күн, көңүл чалкыр!

 

Ансыз да өмүр биздин кетилүүдө,

Ачылгын, болбойт такыр кечигүүгө!

Адамдын көр тирликте көйгөйү көп,

Адамзат арман жашоо кечирүүдө.

 

Жетишет, башкалардын наалыганы,

Жетишпес турмуш канча каарыбады.

Не таптык, кечке кейип-кепчигенден,

Кейикчээл киши кана жарыганы!?

 

А көрөк, ачыл жаным, шарактагын,

Жашоону сүйүү менен барактагын!

Сүйгүнүң, сүйүлгүнүң, даңазала,

Жашоодо “сүйүү” деген жарак барын!

 

Көйгөйдү, жан ооруну сүйүү жеңет,

Бардыгын жеңчү курал – сүйүү демек.

Керемет, кандай сонун жарыкчылык,

Наалыбай, бул жашоону сүйүү керек!

 

Айландыр көйгөйдү да махабатка,

Айлангын “чым” этпеген азаматка!

Наалыбай, сүйүү менен жашайлычы,

Өмүрдө эми канча жашасак да!