Жазуучулар союзунун катчылыгы эс алууга тарады

Урматтуу adabiyat.kg сайтынын окурмандары, урматтуу калемдештер!

Кыргыз Республикасынын улуттук жазуучулар союзунун катчылыгы 1-июлдан 1-сентябрга чейин эс алууга тарады. Бул аралыкта редакциялык жамаат да ишмердүүлүгүн убактылуу токтотуп турат. Сиздер менен сентябрь айынан тарта жакшы жаңылыктар, жагымдуу чыгармалар менен көрүшөбүз деген ишеничтебиз.