Жазуучу Топчугүл Шайдуллаева:

“Мурза Гапаров Айгүл гүлү тууралуу угуп, ошол эле күнү Баткенге жөнөгүсү келген…”

 

– Топчугүл эже, ысымыңызды ырымдап коюшканбы. Сейрек кездешкен ысымдардан го?

– Ооба, ырымдап коюшкан. Апам мени чилденин кычыраган суугунда төркүнүнө барып төрөгөн экен. Киндигимди өзү кескен тайэнем  мага ысым ыйгарууда көп деле ойлонбоптур. Кошуна жашаган Топчугүл аттуу көп балалуу, өнүп-өскөн, айылда кадыр-барктуу байбиченин атын неберем ушул  абысынымдай  болсун деген тилек менен коюп коюптур.

– Кайсы элдин кызы болосуз? Балалыгыңыз айылда өткөн чыгар? Бала кезиңизде эмнелер эсиңизде калды?

– Кичи мекеним Баткендин Кара-Булак айылы. Уруум – аваттын токмоктор деген бутагы. Убагында чоң бабам Орозбай Кудаярхандын вазири болгон экен. Ал тарыхта Амал эшагасы деген ысым менен белгилүү. Аны оозунда сөзү, колунда  байлыгы бар, табыпчылык өнөрдү да аркалаган инсан болгон дешет. Балалыгым айылда өттү. Атам мектепте мугалим, апам колхоздо иштейт эле. Атам күндүзү мектепте иштеп, кечинде айылдык клубда кино коет, ал маалда техниканын болгон күчү ушул эле да, атам эки саат, үч саат бою тик туруп иштейт эле. Апам күндүзү колхоз ишинде жүрүп, кечинде атама жардам берет, клубду шыпырып, тазалап, киного билет сатып. Эсимде калганы эс тарткандан эле күн-түндөп иштеген атам менен апамды аяп, аларга жардам бергим келе берчү. Ошентип, өз каалоом менен тиричилик түйшүгүнө этек-жеңимди эрте  малып алгам. Алты бир тууганбыз. Жонума бала көтөргөн балалыкты өткөрдүм. Тамарканын, бактын иши, тамеки, пахта терим ушулардын баарына биздин муун бала кезден аралашып иштеди да. Эсимден кетпеген дагы бир учур атам киномеханик  болгон соң, бала кезде жакшы кинолорду абдан көп көрдүм. Алардан алган таасирлер күнү бүгүнкүдөй көз алдымда.

Балалыгыңыз тууралуу сураганым, балалык сиздин турмушка аябай катуу таасир калтырган көрүнөт, ал ар бир чыгармаңыздан, ар бир сүйлөмдөн байкалат.

Туура байкагансыңар, суроо үчүн рахмат. Адам өмүрүндө балалык кез баарына башат экен да. Ушул кезде эмне көрүп, эмнени сиңирип, калыптансаң, ал ошол бойдон унутулбай калат экен. Эсимде бала кезде өтө эле сезимтал болуп, ызаланып, көп ыйлап, «баладай, башы-көзү чарадай болбой», ар кайсы нерселерге ойлонуп, санааркап, ата-энеме баланын эмес суроолорун берип, кээде жооп уксам, көбүнчө кагуу жеп, кыскасы балалык менен эрте кош айтышып, эрте чоңоюп, азыр ойлосом өз азабым өзүмдө экен. Беш жашымда Алиппени шар окуп, Эсеп китебин жатка билип алган элем. Ошон үчүн мени алты жашымда мектепке беришкен. Бирок жарым жыл окугандан кийин мектеп директору мени – жашы жете элек деп, абдан жакшы окуп жаткан окуучуну мектептен чыгарып салды. Мени менен бир жылда, бир күндө төрөлгөн дагы бир жашы жете элек окуучуга тийбеди, анткени ал айылдагы абдан кадыр-барктуу пирим-молдонун уулу эле. Бул адилетсиздик мага абдан катуу таасир эткен. Бул ызалык көкүрөгүмдө көп жылдар күйүп жүрдү. Ошол күндөн тартып өмүр бою мектеп директору – мага адилетсиздиктин символу  (туу чокусу) катары калып калды. Бул бир эле көрүнүш. Колхоз маалында өзүн кудайдай сезген раис, бригадир каалаган күнү колхозчуларын ашата сөгүп, тилдеп, эң оор иштерге салып, анан жарыбаган эмгек акы берип. Апам алыстан бригаттин атынын такылдагы угулганда эле элтендеп, коркуп, жоолугун оңдоп шашып калат эле. Мектеп директору да педагог, жогорку билимдүү болгону менен мугалимдерди окуучуларынын көзүнчө эле сөгүп, тилдеп абийирин төгүп салчу. Эл болсо бир момун эл эле. Мен азыр ошол маалда, биз бала маалда айылдаштарымдын жасана кийинип, жыргап эс алып, же адилеттик издеп жетекчисине каяша сүйлөп жатканын такыр көргөн эмесмин, элестете да албаймын. Алар качан болсо таң аткандан кеч киргенге чейин жерге эңкейип, баш көтөрбөй бир нерсе тырмалап, бөжөңдөп иштеп жаткан  болушат эле.

Чыгармаларды өз турмушуңуздан алып жазасызбы?

– Эми бул ар кандай. Баары эле менин өз турмушумдан деп айта албаймын. Албетте, айрым учурлар, элементтер бар, жок эмес. Адам өзүнөн өзү эч убакта кача албайт да. Анан калса мага чыгармачылыкта реалдуулук мүнөздүү. Ойдон чыгаруу,  апыртуу, ашкере фантазия – бул каражаттарды  колдонууга менде жөндөм жок. Негизги аракет – чыгармаңдын көркөмү көп болуп, каармандарың элдин эсинде калса. 2000-жылы «Жан шерик» деген китебимди окуп чыгып, Р.Айтматова эжем таң атпай үйгө телефон чалып, китептеги бир каармандын атын атап, мен так ошолмун деди. Кийин көп эле аялдардан чыгармаларыма карата ушундай сөздөрду уктум, азыр деле угуп келем. Кечээ бир белгилүү психолог эжеке фейсбук баракчама жазыптыр: «Долу»дан аябай таасирлендим. Чын эле аркы-беркимди, ызы-чуумду, өйдө төмөнүмдү көтөрө турган, аквалыма кире билип, менин артымда калгысы келбеген жан жолдошум бар. Долулугумду ага эле көрсөтө алам”.

Айгүл тоо – мага кыргыз жазуучулары үчүн касиеттүү Мекке сыяктуу туюлат. Бул темага Мурза Гапаровдон улам кайрылып калдыңызбы, же …

Мурза акеге айгүл гүлү тууралуу алгачкы маалыматты 1982-жылы мен айткан элем. Ал мезгилде бул гүлдүн атагы алыска угула элек учур. Ошол маалда Мурза аке «Кыргызфильм» студиясында редактор болуп иштечү. Айылда мени окуткан агайымдын өтүнүчү менен ал кишиге бир документ жеткиргени баргам. Абдан сөзмөр экен, биздин айыл тууралуу кызыгып сурап калды. Мен болсо кичи мекеним жөнүндө кимге болсо да айтып бергенди жакшы көрчүмүн. Алгач эле сөздү бөтөнчө чырайлуу айгүл гүлүнөн баштагам. Ал биздин айылга жанашып турган тоодо өсөт. Канчалык сүрөттөп айтканым эсимде жок, бирок Мурза аке ошондо жүзү жайнап, толкундап, шыр эле ошол  күнү, жайдын ысыгында Айгүл тоого жөнөп кеткиси келген. Бул гүлдүн апрель айында ачылып, 10-15 күн гана жашап, куурап калаарын укканда токтоп калган. Кийинки жылы жаз айында  ал биздин айылга  барып гүлдү көрүп келгенден кийин «Айгүл тоо» деген мыкты аңгемеси жазды да. Биз бала кезде бул гүл тоо этегине чейин жайнап чыгып, тоонун тескей боорун бүт каптап, кыпкызыл  болуп ачылат эле. Бала кезде тоого гүл тергени, ойногону көп барчубуз.   Жаман жери кийинки маалда гүлгө суктангандар көбөйгөн сайын гүл качып кетти. Азыр бул ажайып гүл тоонун анча-мынча жеринде, таштын кычыктарында гана өсөт. Бул жерде жыл сайын гүл майрам, ыр майрамдар өтүп турат. Келген-кеткен кишилер көп. Айгүл тоо кимди болсо өзүнө тарткан касиетке ээ. «Амансыңбы, Айгүл тоо» киноповестим белгилүү кинорежиссор Темир Бирназаровдун кинотартам  деген  сунушу менен жазылган. Бул чыгарманын киносценарий варианты бар. Негизги тема – атуулдук сезим, мекенди сүйүү. Жаш кезде «Айгүл тоого» деген эки ыр жазгам. Алардын бирине белгилүү обончу, маркум Апаз Жайнаков обон чыгарып, азыр аны «Достор» тобу  ырдап жүрөт.

Жазуучулук өнөргө кандайча аралашып калдыңыз? Мектептен жаза баштадыңызбы, же шыгыңыз кийин ойгондубу?

Мектепте  окуп жүргөндө бизде ар кандай чыгармачыл ийримдер жакшы иштейт эле. Баарыбыз эле агайларыбыз  уюштурган иш чараларда акын, артист, ырчы, бийчи боло берет элек. Сахнаны жакшы көрчүбүз. Эсимде, мен ыр, макала жазчумун, ырдачумун, бийлечүмүн, спектаклдерде ролдорду аткарчумун. Адабий ийримде чыгармаларды эжей-агайлар менен кошо жарышып, талдап, өз оюбузду айтып  сүйлөйт элек. Азыр ойлосом, мунун баары бизге искусствону, чыгармачылыкты тааныткан экен. Чыгармачылык мени окуучулук күндөн бери эле коштоп келет.

– Сизди социолог катары билчү элек, жылдардын бир жылында чоң жазуучу болуп чыга келдиңиз… жазуучулук ишке социология жардам берет бекен?

Кайсы илим болбосун адамдын ой чабытын, дүйнө таанымын кеңейтет, тажырыйбасын арттырат. Негизи илим деле, чыгармачылык деле аң сезимге таасир этүү миссиясын аркалайт да. Социология адамга, жашоо-турмушка өтө жакын, практикалык мааниси бар илим. Элдин пикирин, муктаждыгын, көйгөйлөрүн изилдейт. Фактыга, документке, пикирге таянып жыйынтыктарды жасайт. Социологдук кесибим мени элге аралаштырат, айылга тез-тез жетелейт. Коомду изилдөөчү болгонум ал менин чыгармачылыгыма жардам гана берет.

– Чыгармаларыңызда кимдерди жазгыңыз келет, эмнелер тууралуу айткыңыз келет?

Менин каармандарым  өзүмө окшогон карапайым адамдар, негизинен аялдар. Аларды жакшы билем, анан да жакшы көрөм. Эл арасынан катарда, билинбей эле жөнөкөй жашап, бирок улуу кадамдарды жасаган адамдарды издеймин. Тапсам ал менин каарманым болот. Жакшы көрүү, аёо, боорукерлик, түшүнүү ж.б. сыяктуу баалуулуктар тууралуу айткым келет.

– Кимдерди окуйсуз? Эмне үчүн? Жазуучулук өнөрдө устатыңыз, же эң таасир калтырган, таңгалдырган чыгарма барбы?

Тилекке каршы, жазуучулук өнөрдө устат күтүп, андан сабак алган тагдыр менде болбоду. Бул, албетте, мен үчүн өкүнүчтүү. Чыгармачылыкка баш-отум менен киришпей, башка чөйрөдө көбүрөөк  иштеп калдым. Бирок мени таң калтырып, таасирленткен чыгармаларды көп окудум, бул узун тизме. Айрымдарын атасам, Ч.Айтматовдун «Кылым карытаар бир күнүн», Р.Гамзатовдун «Менин Дагестаным» китебин,  Л.Толстойдун «Согуш жана тынчтыгын», «Анна Каренинасын», А.Чеховдун, В.Шукшиндин орус пейил, мүнөзүн укмуш ачкан аңгемелерин,  Кобэ Абенин «Кумдагы аял»,  Колин Маклоунун  «Поющие в терновнике», Габриэль Гарсиа  Маркестин «Сто лет одиночества»  китептерин  азыр да кайра-кайра окуй берем.

– Эмнелердин үстүндө эмгектенип жатасыз? Аялдын түйшүгү көп эмеспи. Кайсы убакта жазасыз?

Кайсы убакта жазам? Качан гана көкүрөктөгү багып жүргөн ой көөдөнгө батпай калганда. Ал түн болобу, күн болобу мени калем карматат. Азыр «Көрүстөнү көп айыл» деген китеп жазып жатам.

– Жазуучулук сиз үчүн хоббиби же жашообу?

– Экөө тең. Бул өнөрдү жакшы көрөм, бош убактымды ага арнаймын. Демек, ал менин хоббим. Бирок ошол эле учурда  жазуучулук жашоом деп да айта алам, анткени чыгармачылык түйшүк мени ар дайым коштоп жүрөт.

Жазуучулук өнөрдөн өз Айгүл тооңузду таптыңызбы?

– Таба элекмин, издеп келем…

“Кыргыз Туусу”