Жазуучу Качкыналы Сыдыгалиев каза болду

Кыргыз адабияты оор жоготууга учурады.

КРнын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, жазуучу Качкыналы Сыдыгалиев 86 жаш курагында каза болду.

Качкыналы Сыдыгалиев Чүй районунун Кара-Ой айылында 1934-жылы 2-февралда туулган.

1957-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун бүтүргөн.

1957-жылы Сузак районундагы Бек-Абад участкалык ооруканасынын башкы врачы, 1960-жылы Чүй райондук ооруканада терапия бөлүмүнүн башчысы, башкы врачтын орун басары, 1966-жылы Ысык-Ата районундагы Ивановка ооруканасынын башкы врачы, 1969–1987-жж. Кыргыз ССРинин мамлекеттик коопсуздук комитетинин аскердик медициналык кызматынын начальниги, 1995-жылдан Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук госпиталда милдеттүү медициналык камсыздандыруу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп келген.

1976-жылдан баштап гезит-журналда аңгемелери, ырлары, тамсилдери чыга баштаган. “Жүрөктөгү так” аттуу алгачкы аңгемелер жыйнагы 1981-жылы жарык көргөн. 1985-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.

К.Сыдыгалиев кесиби боюнча врач, медициналык кызматтын подполковниги, СССР саламаттык сактоонун отличниги. Иштеги жетишкен ийгилиги жана КГБда кемтиксиз кылган эмгеги үчүн: “За воинскую доблесть”, “В ознаменовании 100-летия со дня рождения В.И.Ленина”, “60-лет Вооруженных сил СССР”, “За безупречную службу 3-й степени”, “За безупречную службу 2-й степени”, “50-летия КГБ Киргизии”, “80 лет службе национальной безопасности Кыргызской Республики” деген медалдар, ошондой эле КГБнын жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Ардак грамоталары менен сыйланган.

К.Сыдыгалиевдин “Асыл ойлор” рубаилери Кыргыз улуттук университетинин Окуу-усулдук бирикмесинин 2006-жылдын октябрындагы №1-чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги тарабынан (Буйрук №561/1. 17-октябрь. 2006-жыл) “Филология” адистиги боюнча окуган жогорку окуу жайларынын студенттери үчүн кошумча окуу куралы катарында уруксат кылынган.

“Жүрөк – кан тамырлардын оорусу жана алдын алуу (1975-ж.), “Тамеки тартуу жана ден соолук” (1975-ж.), “Аарынын балы жана анын дарылык касиети” (1975-ж.), “Жүрөктөгү так” аңгемелер жыйнагы (1981-ж.), “Ишеним” повесть жана аңгемелер жыйнагы (1983-ж.), “Бурулча” повесттер жана аңгемелер жыйнагы (1985-ж.), “Ой артынан ой келет” рубаилер жыйнагы (1998-ж.), “Асыл ойлор” рубаилер топтому (2006-ж.), “Чика жана башка жомоктор” (2004-ж.), “Таргыл мышык жана башка жомоктор” (2004-ж.), “Кадыр түндөгү сыр жана башка жомоктор” (2004-ж.), “Дөңгөч баатыр жана башка жомоктор” (2004-ж.), “Кереметтүү жомоктор” (2004-ж.), “Өлүп тирилген адам” повесть (2005-ж.), “Ак төш мышык” Мурка же анын достугу жөнүндө повесть (2005-ж.), “Сүйүүм сага аманат” повесть (2005-ж.), “Замана” аңгемелер (2005-ж.), “Бой тумар” аңгемелер (2005-ж.), “Ормокойдун окуясы жана башка сатиралык аңгемелер” (2005-ж.), “Үмүт” ырлар жыйнагы (2005-ж.), “Сайгак” тамсилдер (2005-ж.), “Too койнундагы чечим” Роман (2006-ж.) “Мухаммед пайгамбардын өмүр жолу” ыр менен жазылган тарыхый роман (2008-ж.) ж.б. отуздан ашуун китептери жарык көргөн.

Жазуучу Качкыналы Сыдыгалиевдин дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу анын үй-бүлөсүнө, бир-туугандарына, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

КРУЖС Башкармалыгы