Жаш толкун 2021

Ч.Турсунбеков атындагы коомдук фонду Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун колдоосу менен 18 жаштан 35 жашка чейинки акындар арасында “Жаш толкун 2021” адабий сынагын өткөрдү. Сынак эки этап менен өтүп, 5-августта көгүлтүр көл жээгиндеги “Акун” пансионатында жыйынтыкталды. “Жаш толкун 2021” адабий сынагына республика боюнча үч жүзгө (300) жакын калемгер катышып, Бишкек шаарындагы “Орион” отелинде биринчи этабы жыйынтыкталды жана экинчи этапка катышуу үчүн 20 акын тандалып алынды.

Максат Жангазиев, Ырысгүл Изатова, Акбар Кубанычбеков, Мырзайым Айтимбетова, Бердибек Жамгырчиев, Улукбек Омокеев, Жаннат Сабырбекова, Камчыбек Узакбай уулу, Деңизбек Орозбай уулу, Садырбек Турдубек уулу, Болот Мамбетисаев, Динара Шайдилла кызы, Дүйшөн Бектемир уулу, Бегайым Нурлан кызы, Самаган Молдояров, Мелис Маматжанов, Замир Орозбай уулу, Шайырбек Тагаев жана Жамин Колбаевдер экинчи турда өздөрүнүн ырларын көркөм окуп берип, 3 күн бою акын-жазуучулардын насааттарын угуп, мастер-класстарга катышты.

КР Эл жазуучусу Мелис Абакиров, КР Эл акындары Сагын Акматбекова, Тазагүл Закирова, Карбалас Бакиров, КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмер Атантай Акбаров, акын жана журналист Атахан Кожогуловдор сынактын ардактуу мейманы болушту.

КРнын Эл акыны Кожогелди Култегин төрагалык кылган комиссия мүчөлөрү КРУЖС төрагасы, КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмер Нурлан Калыбеков, акын, КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмер Жыпара Исабаева, Ч.Турсунбеков атындагы коомдук фонддун сунушу менен Курманбек Рысбаев, Абдыкалык Дунганаевдер калыстык кылышты. Жыйынтыгында Бердибек Жамгырчиев баш байгеге ээ болсо, Мелис Маматжанов 1-орун, Акбар Кубанычбеков 2-орун, Максат Жангазиев 3-орунду камсыздады. Мындан тышкары Мырзайым Айтимбетовага калыстар тобунун атайын диплому жана акчалай сыйлык тапшырылды. Көрүүчүлөрдүн купулуна толгон 3 акын Садырбек Турдубек уулу, Жаннат Сабырбекова, Деңизбек Орозбай уулу 10000 сомдон сыйлык алышты.

Акын, педагог, окумуштуу, коомдук жана саясий ишмер, ишкер Чыныбай Турсунбековдун ысымын түбөлүккө калтыруу максатында уюштурулган алгачкы иш-чара акындардын конкурсу менен башталып, байге фонду 200000 (эки жүз миң) сомду түздү. Баш байге 100000 (жүз миң), 1-орун 50000 (элүү миң), 2-орун 30000 (отуз миң), 3-орун 20000 (жыйырма миң) сом.

Фонддун негиздөөчүсү, Чыныбай Акуновичтин жубайы Тентимишева Нуржан Давлетбековна бул сынак жыл сайын уюштурулуп турарын убада кылды жана фонддун келерки ишмердүүлүгү адабиятчылар, журналисттер арасында да жогорку деңгээлдеги конкурс, иш-чараларды өткөрүүгө багытталарын билдирди. 3 күнгө созулган адабий конкурс “Акун” компаниясынын гимни менен жыйынтыкталды.