Жапаркул Алыбаев: Кайран гана кашка тиш

Кайран гана кашка тиш

Зупу керилип-чоюлуп көзүн ачканда саат тогузга беш эле минут калган болучу. Кызматтан бүгүн да кечиккенин ойлоп башы айланып, кускусу келе түштү. Анан: «деги сизге дабаа жок көрүнөт, нервимди жеп бүттүңүз, жетишет эми, бу жер бала бакча эмес!» – деген начальнигинин өгүнү эле айткан сөзүн эстеп, ыңгайсыз үшкүрүп койду.

Ылаажы жок. Азыр самолет жалдаса да шаардын тиги четиндеги мекемеге жетмек кайда! Төшөккө кайра кулады. Шишимек тарткан көздөрүн кыбыңдатып шыпты тиктеп жатты. Жылуу жер издеп койнуна кире калган ала мышыкты желкеден алып ыргытып, ордунан турду. Мышык болсо ага таарынган кебетеде кайра келип бутуна сүйкөндү. Бойдокчулукта мышык болсо да караан, аны жондон сылап кухняга жөнөдү. Шашпай (сакалын кырды. Муздак чайдан жутуп кийинип сыртка чыкты. Сыртынан өтө салабаттуу, демейдегидей торсойгон папкасын көтөрүп алган.

Ал тиш оорулар поликлиникасынын эшигин ачканда туура саат он болуп калган. Шырыктай какайган бойдон барып: – Бүгүн тиш доктур Абдуали Муткаипов иштейби? – деп сурады.

–Ырыстуу экенсиз – дал бүгүн тааныш доктуруңуз дежурлук кылат, – деди сестра. «Бул эмне сүйүнөт! Ырыстууң мен болсом, жыргаган экенсиң» деп ойлоду ичинен Зупу.

Доктордун кабыл алуусунда беш-алты адам отурган экен. Кабагын салаңдаткан Зупу дароо эле кезекти тактап турган сестраны өзүнө чакырып: – Доктор Абдуали Муткаиповго айтыңыз: досуңуз Зупу Зулпукарович суранып жатат, шашылыш кийлигише турган иш болуп калды, тез кабыл алууну суранат деңиз, – деп жаагын басты.

Аздан соң «бир балээ болдубу» дегендей Зупунун досу кабыл алды.

–Эмне болду дос?

–Таң аткыча көз ирмебей чыктым, жулуп ыргытпасаң, жанымды коёр эмес! Зупуну креслого отургузуп:

–Кайсы тишиң? – деди.

–Кашка тишим…

Доктор маңдайын жаркыратып тиштин ар жагын, бери жагын карады.

–Ой, мунуң, таптаза тиш го?

–Таза-мазаңды билбейм, уктатпай койду жулуп ташта.

–Жулууга болбойт, рентген аркылуу текшерип көрүү керек.

Бай болгур, рентгениңди коюп жулуп таштачы, бу менин тишимби же сеникиби?

–Таза тишти жулууга кол барбай турат?!..

Зупу досун акырая карады да:

–Жуласыңбы? Же мен өзүм… Ал тиш жулгуч ар түрлүү кемпирооз, аттиштер жаткан аспаптарды көздөй жулунганда, доктордун айласы түгөндү.

Макул деп, ал ылайыктуу жулгуч аспапты шалдыратып издеп жатты. «Менин тишиме кейийт, тыякта кызматтан ажырап жатса! Бир тиш эмне? Кийин өзүм салдырып алам!» деп ойлоп жатты ичинен Зупу.

–Уколдоп туруп жулайынбы же жөн элеби? Уколдоп деп жибере жаздап токтоду, «балким чыдамсыз деп ойлобосун».

–Жул! – деди көгөргөн эргул.

Доктор көз ачып жумганча калактай болгон кашка тишти жулуп колуна карматты да, Зукеңдин кан жая берген оозуна дарыга чыланган бир тутам марлини тиштетип салды. Эси оой түшкөн Зупуну тактага жаткырып койду. Ал онтоп жатты.

–Доктурда болду деген справка чийе сал, – деп булдурады Зупу араңдан зорго.

Доктор «Оорулуу Зулпукаров Зупу саат 10 дон 12ге чейин тиш поликлиникасында болду» деген справканы колуна карматты. «Эми урушканыңды көрөйүн» – деп ызырынды ал начальнигине өз ичинен.

–Кабыл алууда дагы канча адам бар? – деди доктор сестрасынан.

Көбөйүп кетти жолдош доктор, жыйырмадан ашык.

–Каап! Оорулуулар аз болсо эрте бүтүп кетсем дедим эле. Жада калса дем алыш күнү да бошой албайсың. Кемпир чалга каттабаганыма көп болду, – деп кейиди доктор.

Зупу бирөө жамбашка сайгандай ордунан секирип туруп:

–Эмне дейсиң, дем алыш дейсиңби? – деп кыйкырды оозунан канын чуурутуп.

–Ооба, дем алыш, менин дежурлук кезүүм ушуга туш келгенин карабайсыңбы? Эмне экен?

Эсин дароо жыя койгон Зупу: эч нерсе эмес, жөн эле бирөөгө жолукмак элем, ошол эсимден чыга жаздаптыр! – деп сыр билгизбей сыртка чыкты. Жер көчүп башы айланып залда бир топко турду. Анан терең улутунуп эки жагын карады да «Кайран гана кашка тиш!» – деп көзүнүн жашын төгүп жиберди.

Зупу азыр дале аңшайып кашка тиши жок жүрөт. Бирок жакшы жери кызматтан кечиге элек.