Замир Орозбай уулу: Тоолор көзгө виртуалсыз монитор, мен төрөлүп бу жарыкты көргөндөн.

******

Оо бул аалам! Сырдуусуң да түрдүүсүң,

ордоңду бу кай улуу күч башкарат?

Бир жериңде ыйлап чыкса булактар,

Бир жериңде бийлеп өсөт бак-дарак.

 

Өйдөсүнбөйт! Данек өсүп-өнгөндөн,

мелүүн желге жалбырагы термелген.

Тоолор көзгө виртуалсыз монитор,

мен төрөлүп бу жарыкты көргөндөн.

 

Канча жандар бул ааламга келишти,

Каалашынча шапар тээп, жеп ичти.

Көзөп алат белек балким-топчудай,

жалпак болуп жаралганда жер үстү.

 

Жердин үстү жашыл майсаң жайкалган,

согушуудан соолуганы байкалган.

Тынчтыкты сүйөт билсең көлчүктөр,

кыпындай бир нерсе түшсө чайпалган.

 

Менменсинип дүйнөнүн бир четинде,

моюн бербей Кудай кылган чечимге.

Молекула сыяктанат адамдар,

кибирешип жер шарынын бетинде.

 

Маанайың

Айтсам сага сезимимди негедир,

Бузулду го шаардын аба-ырайы.

Бирок билгин бир нерсени каалабайм,

Бузулушун сенин ачык маанайың.

 

Ыйлачудай асман бети бүркөлүп,

Жылмайдым да ызгаарына үшүдүм,

Сезим барда жок нерсени тоготпойм,

Сенин гана мээримиңен жылынам.

 

Арман болуп унута албай элесиң,

Арасында калсам арбын жылдардын.

Аз жылыткан илебиңди көп эстеп,

Азабыңды тартыш балким жыргалдыр.

 

Асманымда жылдыз жанып күн батып,

ай көрүнүп. Ачык аба-ырайы,

Билдиң эркем билинбеген сезимим,

Бузулбасын эми сенин маанайың.

 

Карегиңде

Табылгыс жан дүйнөмө даба кылып,

Көзүңдү мээрим толгон кара-аап туруп,

Капыстан карегиңе чөгүп кетип,

Чыкпастан жүрөм дале чабак уруп.

 

Убайда жанчылууда жүрөк анан,

Уламдан карегиңе сүңгүп барам,

Жүрөктө жашаганың экинчи өмүр,

Карегиң өмүрүмө бүткүл аалам.

 

Төгүлүп сан миң ойлор каректерден,

Төрүндө карегиңдин жашап келем,

Өзүңсүң, өмүрүмдү шаңга бөлөп,

Өксүтүп анан дагы азап берген.

 

Ченемсиз күйүт чалсаң бал өмүргө,

Чаңырган ырлар чууруп калемимде,

Сен менин жүрөгүмдө жашай бергин,

Жашайын а мен сенин карегиңде.

 

Бир үмүт

Ай да күн да бирден болгон сыяктуу,

Экөөбүз да бир мезгилде бир элек.

Алыстарга узасак да жүрөгүм,

Сенден бөлөк бир да жанды сүйө элек.

 

Жолукканда сагынычтан ээ бербей,

Эриндерим эриниңе өбүлчү.

Экөөбүзгө тийген күндүн нурунан,

Бир адамдын көлөкөсү көрүнчү.

 

Коркоор элем көз тиет деп чоочулап,

Карааныңды карагандан берилип.

Ошол учур, менин жалын жылдарым,

Калган өңдүү тал чачыңа өрүлүп.

 

Жүгүн артып көр тирликтин мойнума,

Жүрөм азыр сезимдерге күч үрөп.

Койсо экен деп экөөбүздү бу тагдыр,

Көйнөгүңдүн топчусундай бүчүлөп.

 

Убакыт

Бул дүйнөгө акча-тыйын сарп кылып,

Короткондо убакытты короттук.

Тапканда не убакыттан баар алып,

Жоготкондо убакытты жоготтук.

 

Кармай турган затың да жок колума,

Өткөн өмүр таржымалым коштойсуң,

Көз көрбөгөн бөксөрбөгөн толбогон,

Кудайдын бир периштеси окшойсуң.

 

Акылсыздар сени кайдан билишмек,

Акылдуулар түшүнө албайт баркыңды.

Кылымдардын тегирменин айланткан,

Көрүнбөгөн бөлүнбөгөн жансыңбы?

 

Эсептелип мүнөт менен ар секунд,

эсте барсың. Бир көрүнчү көзүмө.

Бүгүн деги канча жашка чыктым деп,

Бөлөсүңбү убактыңды өзүңө.

 

Бул дүйнөгө акча-тыйын сарп кылып,

Короткондо убакытты короттук.

Тапканда не убакыттан баар алып,

Жоготкондо убакытты жоготтук.

 

Түнкү ыр

Уктабачы, сендеги уйку менде бар,

Түшүнө алсаң жүрөктөгү кайгыны.

Үмүт жашайт жан дүйнөмдөн арманды,

Унуткарып таштайсың деп кай күнү.

 

Мейли уктасаң, уктабасаң өзүң бил,

Түн керемет айтып бергис көрктөнөт.

Айлуу түндө караңгы өтпөй арадан,

Ашыккандар сүйүү отуна өрттөнөт.

 

Не түш көрсөң жакшылыкка жоруп кой,

Өмүр бою карегиңден кетпесин.

Ошол түштөн жаралгансып бул аалам,

Шол керемет күндүзү да өчпөсүн.

 

Бир учур

Турсаң азыр ак сүйүүдөн жар сүзүп,

Мен баратам мизи менен асканын.

Жолдорубуз кеткен үчүн бөлүнүп,

Сен да өзгөрдүң, мен да азыр башкамын.

 

Жалындаган сезимимдин жалынын,

Жалп өчүргөн тагдыр менен өкчөлүүм.

Мээрим күтүп турсаң азыр сүйүүдөн,

Мен да минтип махабаттан бөксөмүн.

 

Кайыл болуп көкүрөктүн өртүнө,

күн өткөрүп. Сагынычтуу, кусалуу,

элес кылып жашайттырбыз. Анткени,

экөөбүздүн кадамыбыз тушалуу.

 

Жакшы адамдар…

Чыгара албай ичте буктун күптүсүн,

Кыйналганда уйкум качып түнкүсүн,

Жүрөктөгү бүт кайгымдан арылам,

Уксам эгер апакемдин күлкүсүн.

 

Таалайымдан болгон үчүн көр пенде,

Тагдыр башка салганына көнгөндө,

Сүйүнүчүм ашып түшөт кайгымдан,

Сүйгөнүмдүн жылмайганын көргөндө.

 

Өрнөк кылып өмүрүмдөн кошконум,

Өйдө-ылдыйда жөлөк болгон кош колум,

Жакындабас кайгы-капа эч качан,

Жардамдашып жакын болсо досторум.

 

Туулгандан, акыр бир күн жан алаар

турмуш далай какшык айтып табалаар…

Кейигенге акым жоктур, ал кезде,

Кеңеш берип жол көрсөтсө агалар.

 

Жан дүйнөмдү байытаар ар бириңер,

Жакшы адамдар жүрөк толкуп сүйүнөөр.

Бул да мага өзүнчө бир чоң сыймык,

Менден артык өсүп жатса инилер.

 

Кандай күнгө туш келээр бул абалым,

Дагы канча өчүп кайра жанамын.

Андай күндө ким жашоомо шаң берет,

Аны кийин ырга кошуп жазаармын…

 

*******

Мен сенден кеттим алыска,

Мунума бергиң калыс баа.

Сен дагы менден күн сайын,

Узагын, уза, алыста.

 

Жүрөрмүн дайым эскерип,

Жолукпа эми бет келип.

Жалындап, күйүп жаныңда,

Жашабайм болду чектелип.

 

Сел баскан эски жолдордой,

Сезимден калды жол болбой.

Калгансыйт жүрөк туурулуп,

Чор болуп жуулбас колдордой.

 

Сен эми менсиз болсо да,

Сезимге жаша кор болбой.

 

Сулуулар

Эх сулуулар, өзгөчө сымбатсыңар,

Эзип дартым күчөтүп, ырбаттыңар.

Айдын нуру төгүлгөн көркөмүңө,

Акыл жеткис, чече алгыс сыр каттыңар.

 

Эх сулуулар, гүл өңдүү, назиксиңер,

Жыпар чачкан үлбүрөк бариксиңер.

Көргөн жанды мындай кой андан дагы,

Күндүн көзү тайгылган назик силер.

 

Эх сулуулар, чынында сулуусуңар,

Сулуулукка жуурулуп улуусуңар.

Көр дүйнөнү көрөмүн силер менен,

Көкүрөктүн, көзүмдүн нурусуңар.

 

Сезимден өчпөс чырагым

Өзгөрүп дүйнөм бүтүндөй,

Өзгө жан аны түшүнбөй,

Жаңыча жашоо баштадым,

Жаздагы ачкан бүчүрдөй.

 

Сезимден өчпөс чырагым,

Сени мен сүйөм, чын аным,

Өксүккө түшүп муштум эт,

Өрттөнсө дагы чыдадым.

 

Кайраты калбай күчүмдүн,

Көп нерсе эми түшүндүм,

Кара көз сулуу сүйүүмдү,

Кайгыга салбай түшүнгүн.

 

Сүйүүдөн тарттым убара,

Азапка кайгы улаба,

Ак бермет асыл карындаш,

Абалым жаман! Сураба.

 

Чаңкасам суусун кандырган,

Махабат, сезим жандырган,

эх сулуу. Мени түшүнчү,

Мертинген жүрөк тагдырдан.

 

Кадырын билбей көптөрдүн,

Канча көп күндү өткөрдүм,

Дүрбөтүп өчкөн сезимди,

Дүйнөмө кирдиң, төп келдиң.

 

Канчасы баркка жетпеди,

Сезимди көбү тепседи.

А сендик сезим алоолоп,

Жалынга салып өрттөдү.

 

Өрттөнөм, күйөм, чок болом,

Өкүткө түшүп токтолом.

Билдирип анан, сүйүүмдү,

Билинбей барып жок болом.

 

Сезбейсиң билем сүйүүмдү,

Сен билген кезде жок болом.

 

Өзгөгө жат бир адам

Өтсө күндөр кайгы басып, санаада,

Өрттөнө албай быкшып, күйүп, жана да,

Билинбестен өзгөгө жат бир адам,

Күн кечирет “өмүр” деген калаада.

 

Жүрөгү анын “ыр” деп согот, “ыр” жандуу,

Жасай алат ырдан балды, ырдан уу,

Жан дүйнөдөн айрый алгыс эч качан,

Жашоодо анын ыр арманы жыргалы.

 

Болбойт анда калп сезимден жактыруу,

Жүрөгүнөн жактырганын жат кылуу,

Калтырууга жакшы эки сап дүйнөгө,

Ыр деп жашайт ырлар менен бактылуу.

 

Болбойт аны байлык менен алдашка,

Бай дагы эмес, кедей эмес ал башка,

Чын жүрөктөн чыгыш үчүн даяр ал,

Бир сап ырга бүт өмүрүн арнашка.

 

Кээде көңүл сабагынан соолуса,

Кечире алат кээ бир наадан тооруса,

Өзөк күйүп кетет чындап чыркырап,

Өзгөлөрдүн жүрөктөрү ооруса.

 

Тун сүйүүсүн азап менен өткөргөн,

Туман баскан туңгуюк жол көп көргөн,

Жүзү нурду уялдырса көктөгү,

Жүрөгү анын алоолонгон, өрттөнгөн.

 

Тагдыр жолу татаал күнгө бет келип,

Ден-соолуктан калган бир аз чектелип,

Өмүр бою өчпөс кылып түбөлүк,

Өзүнө-өзү койгон ырдан эстелик.

 

Акча артынан түшүп кууп жөнөбөйт,

Ачка калса, кордук көрсө кенебейт,

Алдым-жуттум көр дүйнөгө берилип,

Ал ырларын байлык менен ченебейт.

 

Ыроологон талантынан жаралган,

Ырлары анын төрт мезгилде мөмөлөйт.

 

****

Жүзүң сулуу болсо дагы карындаш,

Жүрөгүң муз экендигин кеч билдим,

Жалынаарым мага окшотуп зарлатып,

Жан дүйнөсүн жаралаба эч кимдин.

 

Көзүң кара, күлсөң дагы жылмайып,

Көөдөнүң суук, ызгаар экен үшүттүң,

Жаздын ачкан байчечегин көрсөм деп,

Жашап келем кучагында үмүттүн.

 

Алсыратып жүрөгүмдү жаралап,

Аябастан жан дүйнөмө уу төктүң,

Махабатка май тамыздың, от жактың,

Жалындаса кайра неге суу септиң?

 

Алоолонуп турган кезде махабат,

Аярлабай, кастарлабай суу септиң.

 

Сезим күчү

Тагдыр калчайт сыноосуна өкчөлмөй,

Толкуп ташып кээде туруп бөксөрмөй,

Билдирбестен өзгө жанга өксүсөк,

Бирде күлүп, бул өмүрдү өткөрмөй.

 

Башка түшкөн азаптарды тартмак бар,

Буттан чалат кээ бир наадан акмактар,

Акыр заман болгучакты өчпөсүн,

Адам бойдон абийиринди сактап кал.

 

Турмуш жолу устаранын мизиндей,

Жакшы ырлардан жашайм үмүт үзүлбөй,

Кулак угуп, көз көргөндүн баарынан,

Сезе элекмин аруу сезим күчүндөй.

 

Адам болуп аруу сезим аярлап,

Сакта аны бийиктиктен түшүрбөй.

 

Ажалга

Сен болбосоң түбөлүккө өлбөйбүз,

Сен болбосоң оо дүйнөнү көрбөйбүз,

Жерди казып, жатаар жайды даярдап,

Жаназага туруп, адам көмбөйбүз.

 

Тирүүлүктү койбойсуң ээ аяп да,

Түз жолдон түрт, ургун, мейли таякта!

Түгөнбөгөн суроо салып көрөйүн,

Түбүң кайда? Башталышың каякта?

 

Кара жандын тынчын алган шоксуңбу?

Кардың кандай? Ачкасыңбы же токсуңбу?

Канча жанды жутуп кеттиң арадан?

Каниет кыл! Эмне, тойгон жоксуңбу?!

 

Эсен жандын эбин тапкан оксуңбу?

“Өлүм” деген, өкүм кылган сотсуңбу?!

Мейкиндиктей учу-кыйры бүтпөгөн,

Мелмилдеген мезгилдерге доссуңбу?

 

А чынында чыркыраган чындыксың!

Чычалабай биздин жазган ырды уккун!

Чын дүйнөгө сапар алам бир күнү,

Чыпчыргасы коробостур турмуштун…

 

Көпчүлүктөн көөнүн түшсө короомо,

Тоскоолдук жок! Жолум тосуп тороого.

Мен кетейин. Өмүр сүрсүн кылымга,

Токто ажал! Ырларыма жолобо!