Залкарбек Назарматов: Эртелеп элден мурун жылынам деп, Билсең дос, түбөлүктүү Күндү издейм

Бир дулдул

Буудан бар бир, ай туягы алтындан,

Буюктурган бороон тоотпой алкынган.

Буюрган го бирок ага мындай иш –

Буурсун сүйрөп, кайыш каамыт артынган.

 

Өзү түшкөн чидер дайым тузактап,

Өрүшүнөн аты угулбай ыраактап,

Калар бекен Толубайдай качандыр,

Купкуу башын зор өкүнүч кучактап…

 

Түн дүйнө

Эх, досум, дале жүрөм караңгыда,

Мерчемин билбей арам, адалдын да.

Керемет, кесепетин аңдай албай,

Көр туюм өмүрдүн да, ажалдын да!

 

Жакшыдан үмүт кылган айыбымбы?..

Жалгандан тапкандай сен дайыныңды,

Жаңсайсың, жанга дабаа жалгыз, дейсиң

Жасалма өчүп жанган жарыгыңды.

 

Азгырык үмүттөргө түк түтпөймүн,

Айланып атаар таңды түн күтпөймүн.

Эртелеп элден мурун жылынам деп,

Билсең дос, түбөлүктүү Күндү издеймин…

 

Төрт саптар

Улам кийин ушул дүйнө кубулуп,

Мурункулар жомок болуп угулуп,

Кургуйланып жергуй кеткен суулардай,

Жоктон келген жокко барат жутулуп.

*****

Балыр баскан кургак сайдын түбүндө,

Көлчүк сындуу ысык жайдын күнүндө.

Азыркыдай какшып, жылбай жатпасмын,

Бууракандап акчу кезден түңүлбөйм.

*****

Кубатын курчутуп умтула,

Күн сайын күйүгөт жаш дене.

Кудайын түш ообой унтулган,

Күндө эрте жүрөккө апкелет.

*****

Көз мелжиген көктө жүргөн ылаачын,

Шукшурулат, жаадай ийип кулачын.

Бийиктерге бала күндөн талпынчу –

Дале бийик көз талыткан муратым.

 

Баягы жол

Тапталган да, тайгак дагы, баткагы…

Баарыбызга канткен менен жапжалгыз.

Чыгыш-батыш – созулуп ал жатканы,

А биз ага эрксиз түшкөн жандарбыз.

 

Ыкшоо тартып, көп ичинде моюдум,

Чаңдуу сапар чарыгыма үңүлтүп.

Чыйыр издейм кез-кез созуп моюнум,

А мунарык мисирейет түңүлтүп.

 

Илдет

Дүрбөлөңдөн кулак чуулдап, элеңдеп,

Дүйнө биздин урап турат тереңде.

Эртеңдерден жарык күтүп түпөйүл,

Сансыз жүрөк ушул кыйын кезеңде.

 

Кайдан-жайдан пайда болуп бир илдет.

Жалмап кирди… жапырт баарын чүлүктөп…

Жаратуучу, сени эстеди заматта,

Жай турмушта жүргөн үмүт пул издеп.

 

Көрсө да көз, эс туюмум ынанбай,

Көргөндөрдү көөнүм кабыл кыла албай.

Көзөл заман кирип келди! Жүргөндө,

Көр турмуштун көйгабынан чыга албай…

 

Үйгө сапар

Тамтыгы жок, кылдыраган аты – унаа.

Муз жамынган сапар ушул – тар кыя.

Такси келет… Ичиркене ичинде

Талаа-түзгө ичим чыкпай суз карап,

Кунары качкан дымып турат туш тарап.

Канда айланган көңдөй намыс курутуп,

Алаканга кара канын чубуртуп,

Тамыры өлгөн жүрөгүмдү эзгилеп…

Табыла элек дале өзүмдү жемелеп…

Карысам да, кай күндөргө кабылсам

Сүйгөн дайым… күткөн атам, энемдин

Тамын көздөй шыбактары ураган,

Кубансам да түпкүрүмдө кубара,

Такси ичинде чама-чарксыз келемин!

 

Кызгалдактар

Талаа, түз. Кызгалдактар – жолоочулар,

Жарк этип жазда келчү коноксуңар.

Көктөмдөн жайга алмашчу кезге чейин

Жаркырап, кайра жомок болосуңар.

 

А силер, күзгө чейин калбайсыңар,

Адамды так ушинтип алдайсыңар.

Бир айда жердин бетин шаңга бөлөп,

Бейиштин үзүмүндөй жайнайсыңар.

 

Кыярып, кызыл чоктой күйөсүңөр,

Кыраңдар, жайыктарды сүйөсүңөр.

Кыялдар, үмүттөргө канат берип,

Кырчындай сезимдерге түнөксүңөр.

 

Булуттар

Туу чокуда булуттар түрмөктөлүп,

Турду бир аз жуурула, үймөктөлүп.

Ак коюнун жүнүндөй атам баккан,

Ак-сур тартып, түрүлүп, түйдөктөлүп.

 

Түркүн булут түрдүү элес калтырышып,

Түз шамалга түнөрүп, алпурушуп,

Жууркандагы кебездей апам тиккен,

Чүмкөп тоонун караанын жазгырышып.

 

Жалгыз болсо бул шамал жайпап иймек,

Сөгүп, айрып, туш-тушка айдап иймек.

Буюктуруп, удургуп дале согот,

Бүлүнбөгөн биригүүнү кайдан билмек.

 

Зор булуттар зоолорду каптап өтүп,

Жөө тумандап, ылдыйлап, каттап өтүп,

Айыл үстү кулач керип келатышты,

Адырларды мөндүрлөп, таптап өтүп.

 

Өрт

Бейпил дүйнө күйүп жатат тирүүлөй,

Тилсиз жоонун кучагына оролуп.

Эт жүрөгүм шамшар жалын тилүүдө,

Жан арбала, тап жылбастан торолуп.

 

Көрсө байкуш пенде экемин макулук,

Өрт аралап жүргөн менен денеде,

Кантип адам атка коном аты улук,

Кылча пайдам тийбесе Жер Энеге!

 

Бир уста

Куур тонун курчанган бир уста,

Кубанат көнүмүш жумушка.

Кум элеп жатат ал, кум элеп…

Кууралы, кубанчы бир уучта.

 

Кум улам азайып, түгөнүп,

Калбыры жешилди, бүлөнүп.

Кабагы антсе да жайдары,

Калчудай ушинтип түбөлүк…

 

Күз

Жалбырагын жалгыз мага жайнатпай…

Алтын түсү көзүм көпкө байлатпай,

Отуз эки ирет ушул калыпта,

Жандап аяр, өтүп барат байкатпай.

 

Саркеч өңү, сары шайы кийинген

Санаа дешет бирок көптөр, түшүнбөйм.

Сан өмүрдүн ыраа көрбөй ирмемин,

Сага күзүм барар сааттан түңүлбөйм.

 

Анан келет көп күттүрбөй бороон, кар.

Анда дагы кышка түшүп күнүм зар…

Жашоолору жалган жарыш – мага окшош,

“Жашадым!” – деп төштү какчу кимдер бар?

 

Күзгү

….

Күзгүдөгү караанга мен

Колум кезейм:

“Туз жала” – дейм.

Кырчын жүрөк шарт кесчүдөй бүлөнүп,

Күйөт бирок күчөнүп.

Шол караанга кеп урамын түтөнүп

Ар дегенден калбаганбы кымындай?!

Азезилдей тур заманым кымыңдай.

Ооз толтуруп: эл дегендер, жер дегендер

Алчы-таасын, чигин, бөгүн – бүт жегендер

Көзгө урунат, аягыма чалынат.

Көпкө угулуп манчыркаган кептери,

Түкүрүнүп басып барам тескери.

Бирок напсим кылтактап –

Барам улам кылчактап.

Анда акмалап турат күзгү –

Кимсиң? – деген суроо катып кейпиме.

Каран калгыр, кээде шунтип

айран калам шул караандын кебине.

Күңкүлдөгөн караан анда,

Күбүрөнүп, колун жая:

Ээ мейличи… дей беришсин.

Далай жазым качып кетти…

Эми деле жашай берсем,

Жашагандай жаза берсем

Балким бир кез балбан ойлор,

Албан ойлор келеттир.

Балким азыр жөн гана

Уулдарыма – ата болгон,

Сүйгөнүмдүн жары болгон,

Жакындарга жакын болгон

жететтир.

Ананчы! Оңой эмес бирөөлөргө –

Ойрон кылып нечен жашты,

Орго байлап жапжаш башты

жүргөндөргө

мен жеткен кыр, мен жазган ыр

мүмкүн оңой эместир…