Зайырбек Ажыматовго эстелик тургузулду

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын  Зайырбек Ажыматов 2020-жылдын 28-апрелинде 44 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.
Бүгүн, акындын сөөгү жаткан Ала-Арча көрүстөнүнө эстелик тургузулду. Маркумду эскерүүгө Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов жана акындын үй бүлөсү, калемдештери, достору, кесиптештери катышты.

Акын “Азаттык” радиосунда маданият темасындагы окуяларды чагылдырып иштеген.
Анын «Жалгыздык» (1996-ж.), «Мелмил» (2005-ж.), «Нөлү көп жылдар» (2011-ж.), «Жүрөктөгү бороон» (2019-ж.) ыр жыйнактары жарык көргөн. Анын ырларына обончу-композиторлор обон жаратып, эл арасында ырдалып жүрөт.