Зайырбек Ажыматов: Жүдөп бүттүм Зайыр деген денеден, Жүзү жарык Зайырбекти таба албай

Кыргыз болгум келет

Ушул күнү негедир кайыкты дил,

Урпактар э-эй, биздеги айыпты бил.

Кыргызмын деп мен азыр турган менен,

Кыргыздарга окшобойм байыркы бир.

 

Кадыр, каадаң бул күндө кайда калган,

Кайран кыргыз өз баркын жайлап алган.

Манас биздин бабабыз деген уят,

Майдаланган калк үчүн, майдаланган.

 

Биз бир кезде тоолордой бийик элек,

Биз бир кезде майда эмес, ирик элек.

Жакшылыктар башталып биздин элден,

Жаратканга жардамчы билик элек.

 

Арамдыкты сындырып түзөчүбүз,

Адалдыкты, актыкты күсөчүбүз.

Сактап турган теңдикти бардык жерде,

Окшош болчу Теңирге мүнөзүбүз.

 

Калбаганбы уруктук кайрандардан,

Карайлаймын нускасын тангандардан.

Бир кезекте аттиң ай, бир кезекте,

Бийик эле ар кыргыз пайгамбардан.

 

Улуу мыйзам сакталып жазылбаган,

Уютулуп улуу журт чачылбаган.

Ар бир жаран өзүнүн ордун билип,

Асыл наркын – насилин качырбаган.

 

Кыргыздардан кыргыздар туулбаган,

Кыйын мезгил өтүүдө шуулдаган.

Кыргыз болгум келет эй, Кыргыз болгум…

Кыргыз болуу дүйнөлүк улуу наам!

 

******

Ачкыла эшиктерди,

Ачкыла чек араны…

Жел эркин жүрүп турсун!

Каалаган өлкөсүнө,

Эл эркин кирип турсун!

А силер чектей берип,

Жер-Эне эле эмес,

Көңсүтүп жүрөктү да чириттиңер…

Күнөөлүү, күнөөсүздү жектей берип,

Ар кандай эрежени тактадыңар,

Балдарын Жер-Эненин,

Байланган итке айлантып таштадыңар…

Адамдар адам болуп жашаш үчүн,

Жасаштын кереги жок душмандарды…

Жазыштын кереги жок эрежени,

Жабыштын кереги жок чек араны,

Жөн гана бирин-бири сүйүш керек…

Жаркылдап жалын өмүр сүрүш керек…

Коркомун бүгүн сенден,

Бөйрөктөй бөлүнгөнүң не дегениң?

Коргонго айланган бүт теребелиң,

Адамдар, адамдар э-эй,

Коркутат бөлүнгөнүң, ченегениң.

… Меники айлана бүт,

Меники бүт жер шары!

Жер-Энем, Асман-Атам,

Кудайым жүрөгүмдө…

Мейли алар мени такыр таанышпасын,

Мен тааныйм, сүйөм баарын.

Башынан адамзаты,

Келишкен адилеттик орнотом деп,

Кан ичкич мыкаачынын,

Жүрөгүн ойготом деп.

… Душмандан сүйүү сурайм…

Сүйөм мен аларды да…

Ачкыла эшиктерди,

Ачкыла жүрөктөрдү.

Агылып кирсин сүйүү,

Жолун түк тоспогула,

Жүрөктүн каалоосунан коркпогула!

Жек көрүү махабаттан урап түшсүн,

Бузгула дубалдарды,

Балага оюнчук жаса,

Талкалап куралдарды…

Адамды таягыла!

Адамды аягыла!

 

******

Заманына жан дүйнөсүн талаткан,

Зарын катып, ичтен сызып бараткан.

Зайырбекмин – ысымы бар, өзү жок,

Закымдарды кууп жүрүп адашкан.

 

Жаның дайым турса миздүү азапта,

Жашоо кээде болот экен жадатма.

Жалын-табын өчүрөм деп жүрөктүн,

Жаштыгымды жуттум кошуп шарапка.

 

Анда деле жаным такыр жай албай,

Абийир, уят өңдөн азды каралбай.

Жүдөп бүттүм Зайыр деген денеден,

Жүзү жарык Зайырбекти таба албай.

 

Бирде ташып, бирде кайра бөксөрөм,

Бирде куурап, бирде кайра көктөгөм.

Ызгаар окшойм – өзүмдү өзүм тоңдурган,

Жалын окшойм – өзүмдү өзүм өрттөгөн…

 

Өткүр кезим билбейм кайда чачылды,

Өкүнүчтөн көтөрө албайм башымды.

Мен өзүмдү таппай кетсем өмүрдөн,

Мүрзөмө түк жазбагыла атымды…

 

Эркелөө

Апакебай, тынчпы баары айылда?

А мен жатам тумоо тийип, тамымда.

Күз суугуна калган окшойм урунуп,

“Жылуу кийин” деген сиз жок жанымда.

 

Этим ысып, калдалактап басканда,

Чыйрыгамын, болбой жылуу жапканга.

“Башыңа кий” деген сиз жок, оорудум,

Баягыда суук болуп жатканда.

 

Шыпаа болбой койду ичкен дары да,

Сиз болгондо суу да айланмак дарыга.

Сакайтмаксыз, карагаттын кыямын,

Кайра-кайра чылап берип чайыма…

 

Сиз турганда тумоо кеппи кез келген,

Оорута албай босогодо тепселген.

Алаканың маңдайыма коюлуп,

Градусник болуп турмак текшерген.

 

Апакебай алсын тумоо жазасын,

Келиңизчи, керексиз сиз мага чын.

“ – Мен апамды сагындым”, – деп үшкүрсөм,

Жыйырмадагы уулум тиктейт апасын…

 

Айылдагы бир элес

Элейет күчүк таңдана,

Ээсинин карап бул өңүн.

Аялы элден далдаада,

Киринтип жатат күйөөсүн.

 

Ааламды турган уютуп,

Аруузат, камкор аял а-ай…

Чын дилден эрин жуунтуп,

Самындайт, жышат баладай.

 

“Болду” дейт жигит чыдабай,

Жел келсе бир аз үшүткөн.

Ордунан бирок тура албай,

Уялып турат күчүктөн…

 

КМУ. ЖУРФАК. 10-ЖАТАКАНА

Көр турмуштан көңүлүм жадаганда,

Көрүү үчүн өзүңдү барам сага.

Жаштыгымдын өрт күнү сенде калган,

КМУУ. Журфак. Онунчу жатакана.

 

Эх, кыздардын бөлмөсү жанга ысык,

Кирсек дешип көп жигит жарданышып.

Китеп берип, китепти алышуулар,

Кетүүчү эле сүйүүгө айланышып.

 

Апамды эстеп – эч жакка узатпаган,

Сагынычтан кээ күнү бышактагам.

Шаар мага туруучу өгөй болуп,

Элет жыттуу баланы кучактаган.

 

Анткен менен көөдөндү жарып чыгар,

Көңүлүмдү эңсеткен алыстык бар.

Көчөдө кар. Сабакка шашып барам,

Бутта ботац, мойнумда галстук бар.

 

Сени эстесем тазарам, жашарам да,

Үмүт жанып улуу иш жасаганга.

Кымбат баалуу күндөрүм сенде калган,

КМУУ. Журфак. Онунчу жатакана.

 

Мелмил

Бир сулууга жолуктум Мелмил деген,

Сулуулукка, мээримге мелмилдеген.

Эриниме төшөлүп эриндери,

От ичкенди үйрөндүм эрдим менен.

 

Жаңырууда, бардыгы жаңырууда,

Жалын, оттор денемде агылууда.

Катаал күндөр какшытып катып калган,

Каным ташыйт дүркүрөп тамырымда.

 

Сенсиз мокоп, жашоодон сууп келдим,

Сүйүү, сүйүү – туткасы улук жердин.

Согуп жүрөк демиңден демиктирген,

Соолуп жаткан жеримден туруп келдим.

 

Башым тийип Күн, Айга тура калсам,

Аңкайышат аскалар улагамдан.

Мен өзүмдү эң бийик сезип турам,

Корком, корком, эх, андан кулагандан.

 

Мелмил, Мелмил, Мелмилим-мелмилдеген,

Мээрим бердиң, күч бердиң мен билбеген.

Кайнап турса канымда улуу сүйүү,

Кармашууга даярмын мезгил менен.

 

Казак келин

Жүргөн жерим дайыма азап менин,

Андай азап жарпымды жазат менин.

Жүрөк ооруйт, жатканым оорукана,

Жүрөгүмө чок салды казак келин.

 

Келбей жатты кечигип жарым дагы,

Келбей турду күйөөсү анын дагы.

Чогуу күтүп аларды терезеде,

Чоктой ысык бир сезим тамырлады.

 

Жанды сүйүү сөгүлүп таң сыңары,

Жаркыроодо махабат шам чырагы.

Кудайды да жолунан чыгарчудай,

Куудай назик айымдын айчырайы.

 

Даба болгон жүрөктүн жаратына,

Далай сөзү дем кошот канатыма.

“Макул дебей кантем? – дейт, – сүйөм десе,

Манасы бар кыргыздын баласына”.

 

Таттуу сезим көңүлдө ырбап улам.

Таттуу тилин ансайын жыргап угам.

Окуп берем мен ага Шахановдун,

Оттой ысык махабат ырларынан.

 

Тили ширин эрким бүт жеңилүүдө,

Тиктей калсам ал деле демигүүдө.

Башым туман эрким жок кайрылууга,

Балкый түштү эрини эринимде…

 

Ынак болуп палата жанымдагы,

Ысык күндөр күн сайын жалындады.

Дарыгерим кубанат жылыш бар деп,

Даана чыгат күлкүсү анын дагы.

 

Жүрөгүмө капилет жылдыз жанды,

Жүр мени эстеп, бир чекке сыйгыз жанды.

Сен аркылуу урматтайм бүт казакты,

Мен аркылуу сүй а сен, Кыргызстанды!

 

Мендей көрүп сыйлап жүр кыргыздарды…

 

********

Сезимдерге бүлүк салган көп ирет,

Сенде да ыза, менде да ыза көбүрөт.

Жашообуз ай, буюктурду, кыйнады,

Жакшысынан жамандыгы көбүрөөк.

 

Сызга айланып, көңүл чирип көктөгөн,

Сыздап жүрөм, сынып жүрөм сөзгө мен.

Айланттым ээ, бактысыз бир бүлөгө,

Аруу кызды апасы али өппөгөн?

 

Өчүрдүң ээ, көңүлдөгү биликти,

Өмүрүм ай, мээрим эңсеп жиникти.

Карайлаган бир жүдөөгө айланттың,

Кайратына таш эриген жигитти…

 

******

Улуйт көңүл, көөдөнгө жара бүтүп,

Ушул кышта көңүлдү алат үшүк.

Жалгыз калдым… Жапжалгыз дебейинчи,

Жандап калды жанымда кара күчүк.

 

Кетти жарым баамды барктабаган,

Кейигенде көзүмдү жаштап алам.

Кара күчүк бир гана өзүң белең,

Карангүнү ээңди таштабаган.

 

Багытым жок, максат жок жетелеген,

Барам түнкү ызгаарлуу көчө менен.

Кара күчүк калбастан жанымдасың,

Калганымды сездирбей көчөдө мен.

 

Кара күчүк, күчүгүм, күчүгүм ай,

Кыш түнүндө калчылдап үшүдүк ай.

Карегиңден сен дагы жаш айлантып,

Карайсың да ээңди түшүнүп ай.

 

Бир өмүрдү ушинтип суулайбызбы,

Бир көчөдө бир күнү куурайбызбы.

Бир кездеги бактылуу бүлөбүзгө,

Биз экөөбүз ашыкча турбайбызбы.

 

Жан дүйнөмө калды зор жара бүтүп,

Жашайм эми арман, муң, санаа күтүп.

Сүйөм дечү аялдан өйдө экенсиң,

Таштай көрбө сен эми, кара күчүк…