Ырысбай Абдыраимов: Сенек

Сенек

Аңгеме

Жылдызбек ызы-чууну жактырбай, оорукананын тынч бөлмөсүндө дарыланып жаткан. Күн чакчайып, ачык терезелерден соккон шамалдын эпкини бешинчи кабатты да желдетип, жалгыз кишилик, тынч бөлмөнүн пардаларын ыргалтат. Ал өнөкөт оорусун күчөтпөө үчүн чейрек убакыт сайын бейтапканага көрүнөт да, доктурдун кеңеши менен кымбаттыгына карабай, менчик шыпааканадан орун табат.

Күтүүсүздөн колдоруна тамак-аш шыкалган баштыктарды көтөрүп, бөлмөгө Айнагүл кирип келди. Анын эсинен Жылдызбектин кандагы канты көбөйгөндө обору ачылып, тез-тез шам-шум этээри чыкпайт. Селкинин айдай тунук жүзү, карагат көз, кара кашы күлүп-жайнаган ажарын ого бетер ачкандай. Көздөрү жайнаган жаш келин керебетке чалкасынан түшкөн жигитти буйдамга келтирбей, таап алганына сүйүнгөн бойдон үстүнө баса жыгылды. Ой-боюна койбой, жан-дили менен берилип, жүзүнөн чоп-чоп эттире өпкүлөйт да, кыт-кыт күлөт. Эки жаагын кош колдоп сылап, күлүмсүрөгөн көздөрүн сүйкүмдүүлүк менен эркектин жүзүнө кадады. Анткени, бир аптадан бери көрүүгө зар болуп, үнүн укпаганга сагынып калган эле:

-Жылдызым менин…- деп, моокуму канганча жигиттин төбөсүнөн жыттап, чачтарын сылады да, башын көкүрөгүнө жөлөдү. -Издеп жүрүп, акыры таптым… Берекем менин!.. Эмне жашынасың? Же, телефон албайсың. Карааныңды көрүп, көзүмө сүртөйүн десем, ватсапты такыр ачпайсың.

-Ө-х, өрттөп ийдиң го, адамды – деп, жигит селкиден оолак боло берип, көйнөгүн желпинди. Керебетке олтуруп атып, кере дем алды. Жана Айнагүл балкылдаган көкүрөгүн денесине тийгизгенде тула бою ток ургандай дүркүрөгөн. Коргошундай көлкүлдөп ээрип, делебеси козголду. Кулундай туйлаган сезимин муунтуп атып, таркатып ийди.

Бышып-жетилип, мөмөсүн түгөл төгүүгө камбыл турган селкинин үй-бүлөсү менен чет жакка иштегени кеткенине аз эле болгон. Орусияга жетип-жетпегенин, ай, ким билет?.. Бирок, вотсап телефону менен күн сайын үч-төрт мертебе чалып, Жылдызбектин тынчын алчу. Жигит суйкайган жаш чүрөктүн акыркы коңгуроолорун жоопсуз калтырып, чөнтөк телефонун көрмө тасмасы менен кошо көбүнэсе өчүрүп коюучу.

Айнагүл анын дареги чыкпаганга санааркап, жалынып жалбарган смс каттарын жамгырдай жаадырган. Азыр Жылдызбек менен бет маңдай тиктешкенине жетине албай, бак-таалайы чегинен ашып ташкандан бетер көөдөнү жылып, кумарлуу денеси балкып турду. Көзүнө шадылуу болгону менен өңү шапая түшкөн Жылдыздан башка эч ким, жадесе орус калаасында калган күйөөсү менен бойтоңдогон уулу да көрүнбөй, ушул саатта муну менен бир болууга дем байлап, ага арбалды. Эркек эмне десе, эмне самаса, баарына кайыл турду. Баштыктарынан сууруган чучук, казы-карта жана өз колу менен кууруган этти майдалап туурап, тапканын балапандын тумшугуна сунган эне чымчыктай утуру жигиттин оозуна салат. Даамдуу эттин артынан кабыгынан ажыраткан мандариндин бөлүкчөсү менен таза жуулган кулпунайды улам сугунтуп, баш чулгуса да болбой суусундук ууртатып, эриндерин эринчээктик менен кыбыраткан жигитке эбедейи эзилет.

Жылдызбектин ооруканада экенинен ата-энеси менен жумуштагылары гана кабардар. Бөлөк адамдарга дайынын айтпай, телефон номерин бербөөнү аларга дайындаган. Жакындарынан бөтөн кишилерди ооруканага киргизбөөнү биринчи кабаттагы кабылдамада сыркоолорду каттоочу нөөмөтчү кыз-келиндер менен күзөтчүлөргө да табыштаган. Селкинин асмандан түшө калгансып, маңдайында жутуп ийчүдөй тейде турган жоругун энөө көрдү:

-Бешинчи кабатка сени ким коё берди, ыя?

Бийкеч жылмая берип, жигиттин жүзүнөн удаа- удаа өптү да:

-Алтыным ай…Москвадан түндөп учуп келип, бөлмөңө кирээрге арга таппасам, жүргөн экем?.. Бу жерде жатканыңды досторуңдан сурап билдим. Биринчи кабаттагы доктурдун колуна акча кармата койдум эле, палатаңды айтты.

-Кызыксың го!.. Россиянын босогосун аттабай атып, артка бурулганын кара…

-Мурдале бутум тарткан эмес. Сенин “бар” дегениңди кыя албай, мойнунан байланган күчүктөй араң кеткем…Нары эр сөрөй эркиме койбой, зордоп жетелеген.

-Ал жакка уулуңду таштап, баса бердиңби? Күйөөң жетип келип, экөөбүздү төрткө бөлө чаппагай эле…

-Окууну бүтүп келатсам, “үйүңө жеткирем” деп, машинасына олтургузду. Ошентип, он алтымда ала качкан. Нике түнү ой-боюма койбой зордуктап, боюма бүтүргөн эркек, бала багууну да билээр… Ээ, аны койчу… – Айнагүл чымыр дене жигитти кайра кучактады. – Менин гүлүм үзүлгүчө учурабай, кайда элең?..Өзүңдү утуру эңсеп, кыйналдым… Аячы мени… Экөөбүз бөлүнбөй, бирге жашайлы?!!.. Үйлөнөм десең, ажырашканга арыз жазам. Эриме телефондон азыр жооп берүүгө мен даяр. – Айнагүл күйөөсүнүн номерин термекчи болуп, колуна зымсыз телефонун алды.

-Таш түшкөн жеринде оор…Турмушуңду ойло. Уулуң бирде сага, бирде күйөөңө кылчактап, сарсанаага батат.

-Ал атасында калат. Эгер оор көрбөсөң, өзүм менен ээрчитип келем.

Жашы кыркты чамаласа да, жигит үйлөнгөн эмес. Эмнегедир кыз жакпайт. Кээде кайсы селки табитине дал келээрин, кандай кызды сүйөөрүн да билбейт. Билгендер тамшангандай кош кабат үй-жайы, мөмөсү төгүлгөн бак-шагы даяр. Нечен жыл соодада жүрүп, ишкерлиги өр ашып, ашып-ташкан дүнүйө да жыйган. Ата-энесин алаканга салгандай багып, жогорку окуу жайларды бүтүшүп, ар кимиси өз кесиби менен иштеген инилерин үйлөндүрүп, карындаштарын бактылуу туурга кондурган да ушу Жылдыз. Ишкерликтин убайы менен кыйла шаарда ишканаларды, кабаттуу үйлөрдү курду. Моюн- билектеринде жоон алтын чынжыр, манжаларындагы алтын шакектер менен сол колундагы алтын саат көз жоосун алат.

Өнө боюна сыдыра көз жүгүрткөн не бир кыз-келин сук артса да, көзү аларга түшкөн жок. Анча улгаялек ата-апасы да жыйнаган көр дүнүйөсүнө топук кылууну, өмүрлүк жар күтүп, бала-чакалуу болууну эскертип, кулагынын кужурун алышканда: “Сиздерди дүйнөнү кыдыртам” – деп убада берип, кепти башка нукка буруп ийип, кутулат.

Жубайы жылына бир көз көрсөтүп, келип-кеткен Айнагүл үйүндө жалгыз жашачу. Жылдызбек тал чыбыктай солкулдаган ушу селкинин курдаштары менен көлдө чогуу эс алган. Кыздар эңсегендей Ысык-Көлдү эки-үч айланта кеме менен кыдыртып, көлдүн баш-аягына тик учак менен сейилдеткен. Түшкүсүн ак кемеде шерине уюштуруп, көлдүн кооз капчыгайлары менен тоо-жайлоолоруна саякаттатып, марттыгы менен черин жазган. Ичинде кири жок. Тамашалашып сүйлөшкөнү менен шарактаган кыз-келиндердин бирин да четке тарткан эмес.

Күйөөсү экөө таарынышып, убактылуу бой жүргөн селки ошондо муну жактырган. Жигитти кайдан болсо табат да, кечке дейре жанынан чыгарбайт. Жаш келин жары менен жарашкандан кийин деле Жылдызбекти унута албады. Кайда жүрсө, эси-дарты ушунда. Тоодогу үйүнөн шаардагы базар-учарга түшүп, кайра айылына кайтаарда кадамы шилтенбей кыйыктанат. Жигит мындайда аны жип унаасы менен жеткирүүгө аргасыз. Азыр да убакыт кеч бешимге ооп баратат. Бирок, жутуп ийчүдөй умсуна тиктеген Айнагүлдүн бөлмөдөн жылаар түрү жок.

Бул арада жигит үстүндөгү ак желеги боюна куп жарашып, колу кебездей жумшак, болтойгон кыздын колунан түшкө дейре, анан бешимге жакын, эки ирет асма үкөл алганга үлгүрдү. Ийне сайганы сезилбеген кызга ичинен имерилип, анын тез-тез келүүсүн, келиндин кетүүсүн дегдеди. Асма уколдун күчү менен чыпылдап тердеген маңдайын ашыгы жүзаарчы менен сүртүү менен убара.

Бир кезде Жылдызбек кыйыла караган селкини билектен алды да, коридорго жетеледи. Ылдыйкы кабатка түшүүчү тепкичтин каалгасын ачып:

-Үйүңө жеткиргенге азыр машинам жок. Бар эми… Кайыната, кайын энеңди кабатыр кылба.

-Алардын турмушу башка. Бөлүнүп чыкканбыз. Ээн үйдө жалгыз жүргөндөн көрө, ушу бөлмөдө сени менен түнөгөнүм артык… Сүйөм сени… Кет дебечи!

-Укмуш сүйөөрүңдү билем. Мен да сени кыя албайм… Бирок, арга жок. Ак никелүү түгөйүң бар, эмне камың бар? – деди жигит бир аз күлүмсүрөй.

-Кааласаң, азыр ажырашам… Ага “үч талак кой!” деп, ачык айткам. Мен деле өз сүйүүмө акылуумун да. -Айнагүл бышактап, көзүнө жаш алды. Кучактамак болгондо жигит боюн ала качты. Алтынчы кабатта экөөнөн башка эч ким жок эле.

Жалындаган жаш селки эртеси да келди. Бу жолу көз жоосун алчудан бетер жасанганга эми жетилген, кыргый мүчө, кымча бел кыздай өзгөчө сулуу көрүндү. Бирок, жалынып-жалбарганына карабай, Жылдыз аны менен саламдашкан жок. Ага жонун салып, дубалга бурулуп жатып алды. Айнагүл аны ийите албаганына үнсүз буулугуп, күчүн көз жашына чыгарды:

-Бери карачы, садагам… Мен сен үчүн келдим го… Дөңгөчтөй эр сөрөйдү көрүүгө көзүм жок… Сени менен бактылуу болчудаймын. Антпесек, өмүрүм арман, күйүттө өтөт. Таалайымды ташка чаппа, суранам…

Жылдызбек жаздыктын алдынан конверт сууруп алды да, келиндин баштыгына салды:

-Бактыңды байлаба! Бул акча Москва эле эмес, Америкага барып, үч жыл ойноп келгениңе да жетет! Унут баарын.

Айнагүл конвертти караган да жок. Сууруп чыгып, ыргытып ийди. Оозу ачык конверттен чачылып кеткен көгүш акчалар самандай сапырылып, жер жайнады. Жигит буга не дээрин билбей, саамга бушайман тартты да; “Сага кор болгон кайран акча… Сага бергиче, сагырларга кармата койбой… Же дагы бир жерге базар ачсам болмок экен. Базардан агын суудай пайда түшмөк. Оорунун айынан канча пайдадан калдым” – деп ойлоду.

-Сүйгөнүң менен бир жүрбөсөң, эмнеси бакыт?.. Байталды бура бастырбай, баса калган айгырдай… Эркелетүүгө жарабаган дөңгөчтөй эркектин эмнеси бакыт?- деди ал буулуккан түрдө.

Жылдызбек суроолуу тигилгенде келин сөзүн кайра жаңыртты:

-Мага дүнүйөңдүн кылчалык да кереги жок. “Байлыгыма суктанып жатат”- деп ойлосоң, артымдан депутат, министрлерди жүгүртпөс элем…Мыкты адамдыгың, жентелмендигиң сүйдүргөн.

-А мен башканы сүйөм, – деди жигит тамашалай.

Айнагүл буга ишенбеди. Чын пейилинен күйүп-жанып сүйлөсө да, Жылдызбекти өзүнө тарта албаганына туталанды. Жигит өзүнө имерсе эле келиндин чып жармашарын болжоп турду. Анан жубайы менен ажырашы ыктымал. Ошондо жаш үй-бүлөнүн бузуларына себепчи болушу да мүмкүн. Ал муну каалабай, каалгасы ачык бөлмөнүн тушунан өтүп бараткан болтойгон медсестраны кол жаңсап чакырды. Андан Айнагүлдү узатып коюуну өтүндү.

Мээрбан айым селкинин оттой жанган көзү менен жигитке үмүттүү тигилгенин көрдү. Өзүнчө күлүп койду да, жаш айымды палатадан айдап чыгууга батынбай турганын кыйыткансып, баш чайкады. Жылдызбек: “Эчтеке эмес. Сүйүү, күйүү – убактылуу сезим. Мезгил өтүп, унутулат. Менин бактымды тиги кыз ачат окшойт” – деп кыялданып, ордунан турду. Жүзүн мисирейтти да:

-Жумшак айтсам, кайра жабышасың… Бар эми, жолуңа түш… Мен уулуңдун тирүү жетим болуусун каалабайм! Үй-бүлөнү бузуу – жеткен кыянаттык. Күйөөңдү бүгүн чангандай эле отуң сууганда мени да чанасың. Себеби, беш манжа тең эмес, узуну да, кыскасы да бар…. Суранам, жылуу төшөгүңдү муздатпай, Москвага кайра кет! Эриң менен чүрпөңдүн кадырына жет!.. Мындан ары мени эңсебе, келбе… – деди өктөм түрдө.

Айнагүл шолоктоп ыйлады. Бир кыйлага дейре ойлонуп турду да, ый аралаш жигитке сөз тийгизди:

-Эми таптым… Тыйын артынан томолонгон чайкоочу сүйүүнү түшүнбөс. Чайкоочуга пул болсо болду, энесин да сатат.

-Мен чайкоочу эмес, бизнесменмин.

-Чайкоочу элесиң, он сомдук нерсеге жүз сом кошуп саткан кызыл кулаксың. Бизнесмен деген – үлкөн курулуштарды курат, завод, фабрика салат, жоктон барды табат. Эл-жерине пайда кылат. А сен… бирди экиге чабыштырган соодагерсиң. Сендейлерге сокур тыйын кымбат… Махабат менен иши жок, эч нерсеге жарабаган чуркуну сүйгөнүмдү кара… Кыз-кыркындан качкан эркек тукумсуз өтөт. Сендей сенек, өмүрдүн баркын, сүйүүнүн казабын сезбейт….

Жылдыз ич күптүсүн каяша менен чыгарган жубанга карап, жылмайганы менен кепти кайра тутантпады. Өз кылыгын олдоксон санады. Биротоло түңүлтүүнү самап, селкини ийнинен акырын түрттү. Ылдыйга түшөөр тепкичке жеткирди. Ошондо да ордунан жылбай, үмүттүү тиктеген Айнагүлдөн көзүн ала качты. Дароо терс бурулуп, чөнтөк телефонунан сим-картасын чыгарды да, аны акыр-чикир төгүлчү челекке ыргытты. “Ырас, көр дүйнө кишини бактылуу кылбайт. Бирок, нечендеген ишти бүтүрсө болот… Айнагүл кайра кирип келбес. Антсе, эмне кылам?.. Мендей сенек, бирөөнүн бүлөсүн бузууга жаралган эмес.”

Жылдызбектин башы, эми чындап катып, селкиге жолукканына бушайман жеди.