Януш Корчак: “Бардык адам мыкаачы эмес!”

Польшалык педагог, жазуучу жана врач Януш Корчак өзү тарбиялаган жетим балдар үчүн кара жанын калкалоодон үч жолу: биринчисинде, Польшаны басып алуу маалында “Жетимдер үйүн” согуш майданына, канкорлордун талаасына таштоодон, экинчисинде, варшавалык геттодон качуудан баш тарткан. Үчүнчүсүндө, “Балдар үйүндөгү” жетимдерди лагерге жөнөтүү үчүн вагондорго салып жатышканда, Корчак менен чыккынчы офицердин ортосунда мындай маек орун алат:

-“Король Матиушту” сиз жазгансызбы? Ал китепти бала чагымда окугам. Жакшы китеп. Сиз кете берсеңиз болот.

-Балдарчы?

-Балдар лагерге кетет. Сиз вагондон түшүп калыңыз.

-Жаңыласыз. Болбойт. Бардык адам мыкаачы эмес!

Бир канча күндөн соң Треблинка концлагеринде Корчак балдар менен бирге газ толтурулган камерада көз жумду. Өлүмгө бараткан жолдо Корчак эч нерседен капарсыз эки наристени көтөрүп, аларга жомок айтып берди.

Негизинен, Корчак тууралуу башка нерсе билүүнүн деле кажети жок. Болгону, бул керемет адамдын балдар тууралуу айткан 10 кеңешин окуп коюу гана жетиштүү.

*****

Сенин балаң сен сыяктуу же сен каалагандай болорун күтпө. Ага жардам бер, сендей эмес, өз алдынча болгонду үйрөт.

*****

Жасаган нерселериңди андан талап кылба! Ага жашоо тартууладың, ал сага кандай ыраазычылык айтмак? Ал башкага – үчүнчү адамга жашоо тартуулайт. Бул жашоонун кайталангыс ыраазычылык мыйзамы – ушул.

*****

Өкүнүчтөрүңө баланы аралаштырба, карыганыңда ачуу нан жебегидей бол. Болбосо, эмнени эксең, ошону аласың.

*****

Андан маселени чечүүнү талап кылба. Жашоо ар кимге ар кандай күч берген. Сага жеңил көрүнгөн нерсе, ага оор болушу мүмкүн. Же анын тажрыйбасы жок.

*****

Шылдыңдаба!

*****

Унутпа, эң маанилүү жолугушуу – бала менен болгон жолугушуу. Көп көңүл бур, биз баладан кимди жолуктура аларыбызды эч качан билбейбиз!

*****

Эгерде балаң үчүн жетиштүү шарт түзө албай жатсаң, өзүңдү айыптаба. Жөн гана эсиңде болсун: эгер колуңдан келе турган нерсе балага кем берилсе, мына ошол – кемчилик.

*****

Бала – өз жашоосун өзү жасагыдай залим эмес. Бала сенин жашооңо берилген тукумга же канга көз каранды эмес. Ал – сенин жашооңдогу эң баалуу туткаң. Ата менен эненин чексиз сүйүүсүнөн чоңойткон “өз” менчиги эмес. Анын өз жүрөгү, өз жан дүйнөсү бар.

*****

Жат баланы сүйүүнү үйрөн. Эч качан башка балага, сенин балаңа жасашын каалабаган нерсени жасаба!

*****

Балаңды кандай болсо, ошондой сүй. Талантсыз, ийгиликсиз чоңойсо да сүй. Аны менен сүйлөшүп жатканда кубан, анткени бала – азырынча сенин жаныңдагы майрам.

Түп нускадан которгон: Мээрим Сайдилкан