Тургунбек Бекболотов: Араң турган сезимге жалын түшүп, Капилеттен өрттөнүп кетпейличи

Ошентчи садагасы

Мен олтурган турмуштун арабасы,
Эптеп жылып жатканда, садагасы,
Каптал жактан төгүлгөн шоола болуп,
Карегиңди кайталап кадабачы.

Биздин көчө тараптан өтпөй жүрчү,
Уулум чыкса алдыңан өппөй жүрчү.
Араң турган сезимге жалын түшүп,
Капилеттен өрттөнүп кетпейличи.

Элеңдетип эсимди чыгарбачы,
Эшигимдин алдынан суу албачы.
Өзгөрүүсүз жазыла бергени оң,
Өмүрүмдүн жөнөкөй чыгармасы.

*****

Капилеттен иштер болуп күтпөгөн,
Жанчылгансып, чарчап турат бүт денем.
Атаганат, алыс кете албассың,
Жүрөктөгү мындай оор жүк менен.

Кайгы минтип катарымды аксатып,
Улам бирин келбесине атказып.
Чырмалышкан курбулардан ажырап,
Чачтарымды бара жатат ак басып.

Ташка чаап тагдыр үмүт, тилегин,
Ким ойлоптур ажал коштоп жүрөрүн.
Жесир калган аяштарды көргөндө,
Жерге, сууга батпай калып жүрөмүн.

Каякта калды ар-намыс?

Тайкыбы тагдыр? Такалып калдык жарга биз,
Максатпы бүгүн кыбырап эптеп жан багыш?
Калкыбыз үчүн карууну казык кылалбай,
Көкүрөк бар да, калган жок окшойт ар-намыс.

Закымбы бакыт? Кол менен кармай албагыс,
Адашып жолдон, түгөнүп турат аргабыз.
Тегерек четке теңата боло албаган,
Канакей? Кана? Калдыбы бизде ар-намыс?

Жогуна чыдап, каниет кылып барга биз,
Жонубуз жооруп, жорголоп калган алдабыз.
Баарынан дагы кашайтып жанды турганы,
Канакей? Кана? Каякта калды ар-намыс?

*****

Чыңырат чындык, чыңырат,
Чыкыйга үнү угулат.
Чарчаган окшойт бечара,
Чалынып улам жыгылат.

Жакшылык күткөн кул сымак,
Жалооруп тиктеп умсунат.
Жалгандын торун үзүүгө,
Жардамга колун ким сунат?

Эх, атаңы…

Журтум бар деп жөлөнүп-таянарга,
Жүрөм, калкым, кыбырап араңарда.
Жакшылыктан үмүттү үзбөсөм да,
Жаным кейийт артымды караганда.

Колум менен өзүмө кылганымды,
Кимден көрөм? Келтирет ыйлагымды.
Кыйраткансып жүрсөм мен эдиреңдеп,
Кырып салган экенмин жылдарымды.

Чычаладай жарыксыз күйгөнүмдү,
Чыйт түкүрүп, кенебей жүрбөдүмбү.
Чүлүк салып мурдума коюшканын,
Чач агарып калганда билбедимби.

Өчүм бардай өзгөчө эртеңкимде,
Өжөрлөнүп өмүрдү кертем күндө.
Өчүп бара жатканга өкүнөмүн,
Өзүмө-өзүм жараткан көркөм дүйнө.

Эргитүүчү бийикке, тереңдерге,
Эмне калды, билбеймин, көрөңгөмдө.
Эх, атаңы, башкача жашамакмын,
Эми кайра экинчи төрөлгөндө…

Өмүр өкүтү

Мен эңсеген жолдор калып капкайда,
Билбейм, бүгүн жүрөм кайсы жактарда.
Атаганат, акылыма келбепмин,
Өзүмдү-өзүм чалып жыгып жатканда.

Эмне көрдүм? Эмне таптым? Өттү өмүр,
Өкүнүчтөн ооруп турат тек көңүл.
Эч мойнума алгым келбей жатпайбы,
Эбак эле базарымдын өткөнүн.

Убагынан, ырас, эрте токтолуп,
Биз жашадык өзүбүзгө чек коюп.
Билинбестен өтүп кетти бүт өмүр,
Күрөшүүдөн моюн сунуу көп болуп.

Жарып чыгып кетүүчүдөй туюлуп,
Жан дүйнөмдө жүрөт өкүт буюгуп.
Акыл кирип алтымыштан ашканда,
Ар бир күндү узатамын кыйылып.

Улут абийири

Ураан таштап жүрүп колот, коктуга,
Урунду элим оңбогондой соккуга.
Уруулашып улуу-кичүү дебестен,
Улут болуп калыптанган жок тура.
Анан калса түндүк-түштүк аталып,
Өлкөбүздү өрттөй турган от мына.

Ошол отту факел кылып көтөрүп,
Прометей сезет өзүн ар кими.
Тиш кычырап, турса дагы кекенип,
Убадалар берет түрлүү жандими.
Опол тоодой максат күткөн элибиз,
Шылуундарды тууга айлантып алдыбы?
Эмне болду? Жол каякта? Ким билет?
Кайдыгерлик төрүбүздө үргүлөп.
Аткарылбайт Мыйзамдары, Жарлыгы.

Жанга батып жатса дагы жакырлык,
Баш көтөрбөй баарын ичке батырдык.
Жараткандан үмүтүбүз үзүлбөй,
Жардам күтүп, жакшылыкты чакырдык.
Айла такыр түгөнгөндө аргасыз,
Жер чапчылап өкүрдүк да бакырдык.
Анан, анан соолугуп да, чарчанып,
Абийирибиз менен кошо сатылдык!

Уучубуз курубу?

Капыс болуп калк азат,
Шашып калдык байкасак.
Ошол күндөн ушул күн,
Табылбады балта сап.

Өтөт билбейм канча убак,
Өксүсөк да жан чыдап.
Өкүндүрөт чыгалбай,
Өзүбүздөн камчы сап.

Жашайбыз деп жагынбай,
Жанып кетип жалындай,
Чуркап жүрбүз чурулдап,
Бычакка сап табылбай.

Уучубуз курубу,
Уул кана чыныгы?
Бузукулар табалап,
Бурчтан карап турубу?

*****

Эр арыса калың эл багар,
Эл арыса аны жер багар.
Төбөсүнө Эрин көтөргөн,
Ошол элим бүгүн кембагал.

Канча кечүү, канча дабан бар,
Күтөт бизди кандай замандар.
Ким билиптир бирок түйшүгүн,
Көтөрүшөт кара тамандар.

Дүйнө-сахна, жүрөт оюндар,
Канча кызык, канча сонун бар.
Көшөгөнүн бери жагынан,
Көрбөйт аны бирок момундар.

Тоолукмун

Тоолукмун дейм сураса баянымды,
Тоолорумду а бирок аядымбы?
Тоолуктарым жол таппай турган кезде,
Томуктай бир ишине жарадымбы?

Тоголонуп бериде чаңда калып,
Тоолор жерип калганын аңдабадык.
Торпокбаштар көбөйүп сөз бакпаган,
Тоолук кыргыз кетиптир майдаланып.

Топураган адамга теңелбеген,
Тоолорум ай, тоолорум, кебелбеген.
Туу чокуңа суктанып карап коюп,
Турам бүгүн жытташып дөбөң менен.

Тулпар минип, туйлаткан аргымагын,
Тоолор билет кыргыздын таржымалын.
Түптүү элдин байыртан баскан изи,
Түйүнүндө калгансыйт канжыганын.

Тоолукмун дейм сураса баянымды,
Тоолорумду а бирок аядымбы?..

Даба барбы?

Мыйзам бүгүн буйлаланган төө белең,
Акчалуулар менчигине ээлеген.
Төрдү чанып, төбөбүздө олтурган,
Төрөлөр көп “төө” деп айтсаң, “бээ” деген.

Калп айтуудан алышканбы мелдешип,
Кара күчкө кыйкырышат “эл” дешип.
Сурап көрчү ачта “оозуң кайсы” деп,
Чычайышат мурундарын көргөзүп.

Карасаң эй, каны-жаны бирдигин,
Чырмалышып алган байлык, бийлигиң.
А калкымдын кабыргасы кайышат,
Көтөралбай Ата-Журттун түндүгүн.

Ордо тарап чүкө болуп чертилип,
Кыргыз жери кемийт улам кертилип.
Очорулуп, онтоп жатат Мекеним,
Омурткасы оңбогондой мертинип.

*****

Келди кезек, керегине жарасын,
Күтөт элим азыркынын Манасын.
Тамырыбыз куурап кете электе,
Табалычы айыгуунун дабасын.

Жаралгандай жегенге жалаң эле,
“Аалам эле” деп жүрүп, анан эле.
Жырткыч болуп кетипсиң, жылас алгыр,
Ишиң жүргөн ошондой заман эле.

“Заман эле”, — деп коем, “заман эле”,
Заман эмес тапкан жол жаман эле.
Шылуундарга шыбага болуп өлкө,
Жашап келе жатат эл араң эле.

Турмуш өзү келтирип кезегиңди,
Берип коет эселеп эсебиңди.
Арттырарың эмине бул дүйнөгө,
Ажаткана толтурган тезегиңби?

Бир кудайга жалынып…

Көңүлүмдү турат бүгүн кир чалып,
күн да неге ысып алган мынчалык.
Көчө таптайт канча кыргыз жигиттер,
Пайдасы жок саап ичер уйчалык.

Маанайым пас, үзүл-кесил үмүтүм,
Деги биздин кылган мээнет ким үчүн?
Шымаланып, элибизди тозокко,
Шыкап айдап жаткандайбыз күнү-түн.

Көрбөй элдин өнүп-өсүп жатканын,
Жазат дебе жалаң жаман жактарын.
Баюу гана максатыбыз болбосо,
Жоготуудан башка эмне тапканым?

Жүз жыл эмес, он жыл алдын карабай,
Ар ким колдон келишинче таламай.
“Чыйт” түкүрүп, ичип, чычып жүрөбүз,
Каяша эмес, каш үйрүүгө жарабай.

Бирөө-жарым баш көтөрсө жабылып,
Тытып жемей, бийлик үчүн жагынып.
Кимге ишенем? Эл деп күйгөн бар бекен?
Жүргөн кезим бир кудайга жалынып.

Бурадарлар, үнүмдү уккулачы

Тоолор менен мактанам, эрдемсинем,
Керемет эй, керемет, келберсиген.
Бешенеме жазылган жер эмеспи,
Бейиш жактан көчүрүп келгенсиген.

Күнгө бүлөп чокусун, айга сунар,
Мактанычым-тоолорум, дайра, суулар.
Бүркүт мүнөз болуубуз керек эле,
Бирок неге, кандаштар майдасыңар?

Кысталышта табылбай туу кармарың,
Көбөйүүдө эки сөз, куу балдарың.
Улуу тоонун койнунда жашайт дагы,
Пастык кылып коюшат, туугандарым.

Бир тамырдан улаган миң тамырын,
Ырас, тоолук кыргыздын урпагымын.
Бирок, байлык, бийликтин байгесинде,
Билбей калдык чобуру, тулпары ким.

Корком, корком, эй кыргыз, эртеңиңен,
Башка чапчу тарыхтын келтегинен.
Тоо, токойлуу, сууга бай өлкөбүздү,
Ажыратып албайлы көркөмүнөн.
Бурадарлар, үнүмдү уккулачы,
Буркураймын Байтиктин Бөлтөгүнөн…

Силкинүү керек болуп турат бүгүн

Оо, анда досторума колум ачык,
Шатырап кайда барсам жолум ачык.
Жүргөндө бөксөрбөстөй, чайпалбастай,
Жокчулук койду минтип жонум ачып.

Ырас, мен калбасам да кептен кийин,
Бирок, жок мурдагыдай өктөмдүгүм.
Казаным оттон түшүп калбаса да,
Кайталап эңсеттирет өткөн күнүм.

Айланып өмүр улам эскерүүгө,
Жашоонун нугу бачым өзгөрүүдө.
Айылымда айып кылып койсо бирөө,
Аксакал экем, мага сөз келүүдө.

Чийилген бешенеге көрдүм күнүн,
Көтөргөн деле жокмун элдин жүгүн.
А бирок, доо кетирбей абийириме,
Айлыма жүзүм жарык келдим бүгүн.

Элетте, эл катары жашап келем,
Колумдан келген ишти жасап келем.
Жүрөгүм ооруганы-баспай неге
Атажурт боортоктойт азап менен?

Элимдин эртеңкиси кандай болот?
Айтышат “андай болот, мындай болот”.
Жүдөгөн айылдаштар жолукканда,
Жүрөктүн оорумайы кармай коет.

Ириде ичип-жешке туулгандай,
Арт жактан келе жатат муун кандай?
“Азабың көп экен” — деп “Атажуртум”,
Аргасыз боло түшөм муунгандай.

Биз көрдүк тирүүлүктө буйруганын,
Өткөрдүк баштан ызаат, сый кумарын.
Уңгусуз урпагымдын эртеңкисин,
Эстесем денем үркүп, чыйрыгамын.

Өлкөм ай, жол үстүндө кулап жүгүң,
Уурдаттың көбүн асыл убактыңын.
Улуттук кайра баштан жаралууга,
Силкинүү керек болуп турат бүгүн.

Силкинүү керек болуп турат бүгүн,
Бул ишке белин байлап чыгат кимиң?

Кыргызстан маданиятынан алынды