Турар Кожомбердиев: Эмнегедир от бир буюм сезилчү, апакемдин колдорунан жаралган

Энем жана от

Мейли кышта, бурганактын шаңында,

мейли күздө, мейли жаздын таңында,

коломтону элестетсем энекем,

күйпөлөктөп отургансыйт жанында.

 

Куурай терип, тезек терип жакканы,

камданчубуз казанга нан жапканы.

Эмнегедир от биздики дечүмүн –

апамдардын өздөрү ойлоп тапканы.

 

Казан шуулдап, түбү көөлүү карарган,

от күчөөчү коломтого таралган.

Эмнегедир от бир буюм сезилчү,

апакемдин колдорунан жаралган.

 

Эстен кетпейт өткөндөрдүн элеси,

малчылардын күнгө күйгөн денеси…

А мен отту бир туугандай сезчүмүн –

апам болчу анын дагы энеси.

 

Тиштеримде карсылдап тоо ышкыны,

атам мага мингизчү көк быштыны.

Тентек кылсам дүңкүлдөтчү жонумду,

апакемдин нандай жумшак муштуму.

 

Көмөч ысык. Оф! Фу! Кантем, калакай!

Коломтого топтой ыргып малакай,

энем кайра алып көрүп колуна,

айтчу мага: “Ай тентек ай, жалакай!”

 

Көп жемишти өлүм күүдү добулдай.

Сагыныштык көптөн бери чогулбай.

Кайда кеттиң баарыбызды унутуп?

Өрмөктөрүң күтүп калды согулбай.

 

Уктап жатпа, адетиңдир тук этмей?

Жымжырт. Жоопсуз. Кузгун дагы кук этпей.

Сен сурасаң, үзүп алып очоктон,

күйгөн отту сунаар элем букеттей!

 

… Мейли кышта бурганактын шаңында

мейли күздө, мейли жаздын таңында,

коломтону элестетсем энекем,

күйпөлөктөп отургансыйт жанында.

 

********

Капчыгай – чынжырланган, ачка дөбөт

оозумдан калтыратып ызгаар өбөт.

Өзөндө агат мелт-калт тоо шамалы,

очоктун оту улам төмөн чөгөт.

 

Шамалы тикенектүү, түн бир оокум,

суу болду өтмө-катар ээр токум.

Айлана арактай суук, кырк градус,

алдыда жылт деп жанат жарык чокум.

 

Бир карап теребелди алам окуп,

Атымды атырылтам кайра токуп.

Жондогу бүлбүл жанган алсыз отту,

жок кылды бир заматта, бороон чокуп.

 

Аргымак мүдүрүлөт кай бир жерде,

Аралап бирде шагыл, бирде черде.

жанагы жанып-өчкөн от учкуну,

Жалдырайт жүрөгүмдө, каректерде.

 

Дайрадай шамал агат тармак-тармак,

үйүңө кыйын болду жетип бармак.

Сен чыктың нур чачырап жүздөрүңдөн,

туптунук фонарыңды бийик кармап.

 

Ышкырат капчыгайдын туш-туш жагы.

Басылбайт дөбөттөрдүн арсылдагы.

Термелген колундагы фонарь менен,

чайпалат тоолор дагы, асман дагы.

 

Сен жалгыз, мен үйүңдө жалгыз конок,

тиктешет көздөр гана, сөздөр чолок.

Мен мында махабаттын кучагында,

тыш жакта катуу сууктан карга тоңот.

 

…. Көрбөгөм ушунчалык таңды шаңдуу,

бурганак бий баштаптыр аппак чаңдуу.

Очокто кескиленген жылан сымал,

от араң баш көтөрөт, чала жандуу.

 

Элесиң унутулбас таңындагы,

Кымбатым, махабатым канымдагы.

… Ак туфлий көпөлөктүн канатындай,

кырк бешинчи өтүктүн жанындагы.

 

*********

Мейли мен карап турсам, көзүмдү жумсам,

беш колдой элестесиң жатсам, турсам,

жетпедим канча бачым чуркасам да,

жетпедим канча бийик колду сунсам.

 

Сезбедиң сүйүү таңы аткандыгын,

сезбедиң сүйүү сөөккө баткандыгын.

Ишенбейм күйөөң сенин сезээрине,

койнунда күн кучактап жаткандыгын.

 

Күйөөңдү сыйлаарсың да, аярсың да,

сен анын ар ишине даярсың да.

Ага сен жөпжөнөкөй бир кишисиң,

ага сен жөпжөнөкөй аялсың да.

 

Баш ийдим тагдырлардын салганына,

өкүндүм сага жетпей калганыма.

Кошулбайм бирок сүйүү жок дегенге,

ишенбейм махабаттын жалганына.

 

Өлүм жана мен

Мейли тоодо, көк шибери төшөлгөн,

мейли кышта муз жаадырып көшөргөн.

мейли күздө алма багын аралап,

мейли жазда көнөктөгөн нөшөрдөн.

 

төшүбүзгө бир сабак гүл тагынып,

бир ботинка, бир чапанды жамынып.

дайым бирбиз. Өлүм мага ор казып,

мен өлүмдүн мүрт кетишин сагынып.

 

Бир көйнөктү, бир күрмөнү кийинип,

мен шаңдансам ал бет тытат күйүнүп.

Кызыл туудай дайым жеңип өлүмдү,

кылым бою жашагым бар сүйүнүп.

 

Кышта, жайда, күздө, мейли жаз мында,

биз жашайбыз бир көк, бир күн астында.

Өлүм мага капкан салат кайсалап,

мен тилеймин ал калсын деп жаздымда.

 

Бирбиз “доспуз” бирок тынбайт тебишмей,

бирок болбойт ортобузда келишмей.

Жакалашмай. Аңга түртүү. Аңдышуу.

Барскандай муштум менен беришмей.

 

Жыл айлансын жаз, жай, бирде кыш келип,

жашылдантсын сүйүү, бакыт жыш келип.

Оңолдурбай кайда жүрсөм өлүмдү,

оңколотом удаа-удаа муш берип.

 

Атама

Жаш кезимден көрбөй калдым энемди,

тентек чыктым эч бир билбей ченемди.

Бирок дагы мага колуң тийген жок,

бир жолу да уккан жокмун жемеңди.

 

Күндөр жылып, жылдар жылга алмашып,

карылык да калбайт сенден жармашып.

Сен жүрөсүң жүрөгүндө бороондун,

жылкы менен жайдыр-кыштыр кармашып.

 

Сөзүң укпай акыл менен туюнткан,

таш жаадырып, жыйын элди суюлткан.

уулуң эми жигит болду, атаке,

сакалыңан көз жашыңды куюлткан.

 

Таңдан кечке чаңды кечип колоктоп,

кеч киргенде “апаке!” деп шолоктоп.

Эстен кетпес салбилегиң, атаке,

эки бутум эл жатканча сороктоп.

 

А мен болсо баягыдай тентекмин,

а мен болсо баягыдай ченем жок.

Сен айтчусуң: “Катыгыңды берерге,

кантем эми, көөнүң калат, энең жок”.

 

Дүбүрт угуп, ат кишинеп каңтарган,

чучук кесип шамшаарлардан май тамган,

унутулабы кыштын оор түндөрү,

биз экөөбүз бирге жылкы кайтарган.

 

… Жүргөм бир кез пиво соруп чакалап,

балбанмын деп көрүнгөндү жакалап.

Азыр турмуш көзүм ачып, жетелеп,

жолдо калбас күлүк кылды такалап.

 

Мурункудай бош жүрмөй жок колоктой,

келечекке жеңил карап жомоктой.

Жок, атаке, уулу болом замандын,

карап турбайм сырт тараптан коноктой.

 

Өчүрбөстөн жүрөктөгү жалынды,

Баягыдай жакшы кайтар малыңды.

Мен да атаке, кандай оор жүк болсун,

калкым үчүн тосуп берем далымды.

 

Жаңы жеңет, эски качат камалып,

күндөр учат, жылдар-жылга саналып.

Өзүң барда мен баламын, эркемин,

өзүң барда өчпөйт менде балалык!

 

Акыркы кат

Капалуумун. Батты жаман жаныма.

Күүгүм кирди жаңы сүргөн таңыма.

Жаздым анан ушул катты. Калемди –

малып туруп жүрөгүмдүн канына.

 

Мейли, мени тикенекке бөлөсүн,

өпкө-боорду найза менен төөнөсүн.

Өчкөн көздөн махабаттын жалыны,

андан жалаң жек көрүүнү көрөсүң.

 

Үнүң эчак эрип кеткен угулбай,

кеттиң-кеттиң кылчайбай да, бурулбай.

Сен матырган ач канжардын сыныгы,

жүрөгүмдө калып калды суурулбай.

 

Жибибеди сунган кара таштарың,

Мыкчыйм башты дүрт! күйчүдөй чачтарым.

Ушул каттын аягына тыпылдап,

Көп чекиттей тамат ысык жаштарым!..

 

Ыр – булак

Келтире албай жүргөн болсоң ыгымды,

керек болсо тарттыр мага чыгымды.

Томсорбоймун, томаякмын дебеймин,

тоноп кеткин топчуну да, мыгымды.

Кайгырбаймын, кабагымды бүркөбөйм,

калтыр мага

жалаң гана ырымды!

 

Мурутума муз тоңсо да шыңгырап,

мурчуйса да мансаптуулар зыңгырап.

“өгүз өлбө, арабабыз сынба!” – деп,

өрдү көздөй жыла бермей кылдырап.

жүгүнбөймүн, жүзүм сатпайм эч кимге,

Жүрөгүмдө агып турса ыр – булак!