Темирбек Жолдубаев: Бүркүт (аңгеме)

КРнын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, жазуучу Темирбек Жолдубаевдин “Бүркүт” аңгемеси эл аралык адабий сыйлыкка ээ болду. Аталган аңгемени орус тилине Гүлнар Эмилова которгон. Авторлорду ийгиликтери менен куттуктайбыз. Чыгармачылык эргүүңүздөр артып, мындан да жогорку сыйлыктарга татып аман болуңуздар. Окурмандарга автордун “Бүркүт” аңгемесин окуп коюуну сунуштайбыз.

 

 

 

 

 

Бүркүт

(аңгеме)

Эл аралык адабий сынакта биринчи орунга татыктуу болгон чыгарма

Чокусун аппак кар басып, асман тиреген тоолор көз жоосун алып, бир сыры бардай заңкайышат. Кокту-колотторунан көбүрүп-жабырылган аккан тоо сууларынын жогортон төмөн карай өркөчтөнө акканы жаш баланын оңко-чоңко атып ойноп келе жатканын элестеткенсийт. Мына ушуларга назарын сала караган адамдын көңүлүн көтөргөндөй качанкы бир кездердеги өткөн окуялар көз алдыңа тартылат. Ошол кокту-колоттордогу, жылгалардагы булактардан чыгып, жыбылжып агып жаткан суулардан баштап, кызыл-тазыл, көк-жашыл болгон түркүн түстөгү тоо гүлдөрү көк чөпкө аралаша өсүп, жалбырагындагы мөлтүрөгөн шүүдүрүм атасына эркелеп таарынып ыйлаган секелек кыздын көз жашындай болуп, жан дүйнөңдү алда кайда эргите жүрөктү, делебеңди козгойт. Андан жогорулаган сайын шагыл-таш аралаша өскөн арчалар, көк тиреген карагайлар, жаламалуу кыпкызыл аска-зоолор… Андан ары түбү чексиз көгөргөн көк асман менен үзүл–кесил аппак булуттар…

Эриккендей каалгып жыла керемет теребелди суктана карап, күндөн калкалаган колун көзүнүн үстүнөн албай, Жумагүл чалкалап көктү теше серепчилей карай берди. Ошол каалгый жылган үзүк-үзүк булуттардын үстүнөн шаңшыган бир бүркүт дал төбөдө канат какпай каалгыйт. Эми ал көздүн жоосун алган теребелге эмес, ошол булуттардын үстүндөгү кара нокоттой болуп, канатын кере каалгый учкан бүркүттүн караанына тигиле карап селейди…

-Капырай, дал өзү. Ошол… Калыгулдун Ак арстаны. Жарыктык, бизди унуткан эмес экен го. Же, мунун учурашканыбы, болбосо биз менен коштошконубу?.. Айылдын үстүнөн айланып жатат да. Же, ээси Калыгулду издеп жатабы?..

Жумагүл көзүнөн жашы кылгыра бир дагы канат серппей каалгый учкан бүркүттү, тээ ак кар-көк муз каптаган чокудан ары карай көрүнбөй калганча карап турду.

***

Согуш маалы… Кабактары сустая түшкөн элдин арасынан жайдарысын издеп табуу кыйын. Жокко эсе. Жегенге тамак эмес, кара сууга бир татым талканды аралаштырып, ошого каниет кылыша эптеп эле тирүүлүктүн шартын жасагандай абал, ошондой заман. “Адам баарына көнөт”, түшүнүк ушул. Ар кимисинин ичинде “ит өлүп”, бирөөнө анысы жөнүндө айтууга эч мүмкүн эмес. Тигинисинин да омурткасы омкорулуп, боору бүтүн бир жан жок. Айылдын тегиз баары таяк менен таянган кемпир-кесек, абышка, анан кандуу согуштан аталарынын аман-эсендигин тилешип күткөн тестиер балдар-кыздар…

Айылда тыңыраак көрүнгөнү Калыгул. Ал дагы жумалап тоо арасында. Калыгул жашы бир топко барып калган адам. Аңчылык кылуу бала кезинен берки адаты, деги эле өмүрү аңчылыкка байланыштуу. Ансыз өмүрү токтоп калчудай сезилет. Бүркүтүн колуна кондуруп, мылтыгын асынып, тайганын ээрчитип, капкан, тузагын канжыгага байлайт да, тоого жөнөйт. Бир жума, эки жума, айтор, анысын эч ким билбейт, бир убакта пайда болуп калат. Ал жолдуу болуп артынып келген күн айылда чоң майрам. Айылдын кемпир-чалдары болсо – Калыгулдун амандыгын тилешет. Тоо-таштын кырсыгынан сактап аман келсе экен дешет. Жүктөнүп алып айыл ичине кире бериштен баштап тосуп турган адамдар “шыралга-шыралга!”, дегени менен эч кимисине анысынан бөлүп бербейт. Берген күндө да эч кимиси шыралга албайт. Артынан ээрчиген эл үйүнө кошо келишип, баары жай алган соң гана кепке келе, узун сөзүн баштап, кызыктуу окуяларын айта баштайт. Шыралганы айылдын улуу-кичүүсүнүн баары чогулушуп, Калыгулдун үйүндө жешет. Аңдын түрлөрү: кайберен, илбээсин, сүлөөсүн, коён, улар, кекилик, чил, айтор баары бар. Эти желбей арам делген аңдардын терисин гана алып келет. Кыргоол, коён, ооруна карабай элик, эчки, теке, аркар, кулжа болобу, бир-экөөсүн атына артынып, өзү жөө жетелеп алат.

Аксакалдар ушундай каат заманда элин баккан айылдаш тууганына ыраазы болуша:

-Аман келип, канжыгаң бош эмес экен. Эми, тоо салааларындагы көргөндөрүңдөн бизге сүйлөй олтур, – дешип, жүздөрүнө кызыл жүгүрүп бир кубанышып калышчу. Калыгул оозун караган элдин да, өзүнүн да черин жаза, узун кепке кирет. Ичик, чепкен-тондорун желбегей жамынып, мергенден кызык сөз угууга комдонушуп олтурушкан чоң аталарынын колтуктарынан баштарын чыгарыша кулак төшөп калышкан жаш балдар да андай кызыктуу сөзгө куштар. Мындайда мергенчи өзгөчө бүркүтүнүн карышкыр, түлкүлөрдү тээп илгенин жомок айткандай эле кызыктуу кылып айтып берет эмеспи. Анысы керегеде тизиле илинип турган жылтылдаган аң терилер менен далилденип турат. Шорпо-шилең ичкен адамдардын жүздөрү тамылжып, бир аз күнгө болсо да тыңып алышат. Бүркүтү болсо калдайган канаттарын анда-санда кергенсип каккылап, улагадагы туурунда отурат. Мерген кызыктуу жерине келгенде, тымтырс олтургандар: “Баракелде − ээ!”, – дешип анын сөзүн коштой, баары ыраазы болуша, “дуу” эле дей түшөт.

Калыгулдун чоң согушка барбай калган бирден-бир себеби, ошол мергенчилик кесиби. Согушка чейин элге таанымал болуп калган мергенчини өкмөттүн атайын чечими менен калтырышкан. Аң терилерин алып келип өкмөткө тапшырып туруу анын эң биринчи милдети. Калыгул өкмөт буйруган милдетти да ойдогудай аткарып, жылтылдаган аң терилерин өз убагында тапшырып жүрдү.

Аң терилерди чогултуп, өкмөткө тапшырып жатканда кадимкидей ичи ооруп калар эле. Аң терилерин өкмөткө тапшырганында эмес, ошол жапайы жаныбарларга болгон кандайдыр аёо сезими жүрөгүн оорутуп турчу. Ата-бабасынан бери жердеп, ушул жердин суусун, ушул жердин уусун билип, ушул жаратылыштын жапайы жаныбарларын бала кезинен бери таанып, көрүп чоңойбодубу. Тагдырына таарынгандай, “шыралга” десе эч кимге жооп айтпай көңүлсүз айылга кирип келиши да ошондондур. Бирок, “бул терилер фронтко барат, ал жакта немистер менен согушуп жаткан балдарга пайдасы тиет”, ─ деген ички ою менен өзүн-өзү алдап, жубатып, Жараткандан жалынып кечирим сурар эле.

***

…Ошол алаамат согуш маалы. “Айылга борбордон артистер келишиптир. Арасында атактуу Саякбай манасчы бар экен”, дешип эл жабыла Калыгулдун үйүнө жөнөштү.

Ушундай чоң коноктор келгенде, айылдын баары Калыгулдун үйүнө чогулушат. Муну баары билишет. Айтпаса да, чакырбаса деле ошол. Себеби, айыл боюнча Калыгул аңчынын үйү кенен жана мейман тосконго ыңгайлуу. Андай убакта айылдын кимисинен болбосун, сураган адамга жашы-карысы дебей, Калыгулдун үйүн көрсөтүп беришет. Айылдагы мындай көрүнүш өзүнчө эле мыйзам сыяктуу.

Дүрбөлөң түшүп калган айыл элинин эч кимиси калбай, жашы-карысы дебей майрамдагыдай болуп Калыгулдун үйүндө чогулуп жатышты.

Саякбай кырк чоронун кытайларды кыра кууп бара жаткан жеринен күпүлдөп, Манас айтып жатыптыр. Эл элейе дымып, бир дем чыгарбай бүт жан дүйнөсү менен бериле тулку бою бир чоң кулакка айлангансып угуп жатышат. А түгүл, сырттагы жер үстүнө кылтыя чыккан түркүн өсүмдүктөрдөн тартып, бак-дарактар да, ал эмес чокусу ак кар, көк муз баскан Теңир-Тоо да угуп жаткандай. Күпүлдөгөн Саякбайдын токтой турар түрү жок. Күчөгөндөн күчөп барат… Угуп олтурган эл дал ошол Манас баштаган чоролордун эрдигин, балдарына салыштырышат. Немистерди кырк чородон качып бара жатышкан кытайларга окшоштурушуп, угуп жаткандардын арасынан кай бири өздөрүн чоролор менен кошо найза сунуп барткансып, а карылары болсо, эчак өтүп кеткен жигит курагын эстешип, андагы олтурган кыз-кыркындардан тарта кемпир-чалдарга дейре самагандары ─ ошондой жеңиш менен ушул согуш аяктаса…

Алар жеңиштин акыры болоорун, балдары жеңиш менен келээрин жүрөктөрү менен туюшуп, кандайдыр денелерин жылуу сезим аралай, көз жашын аарчыганды да унутушуп, мемирей Манас угушууда…

Анан, ыр-күү башталып, эл убактылуу кайгы-капаларын унутуша бир жыргашты бейм… Борбордон келген артистер өздөрүнүн да ичи эңшерилип турганын билгизбей, тимеле телегейи тегиз адамдай көрүнүшүп ыр-күүлөрүн төгүп беришти.

Бир маалда эшикке эс алганы бир-эки аксакал менен чыккан Саякбай туурдагы томогосу менен отурган бүркүттү көрүп, шашканынан көлөчүнүн апкытын баса, делбектей жанына жетип барды. Манас айтуу өнөрүнөн мүнүшкөрлүк өнөрү ашса ашып, асты кем калбаганын жамы журт билген Саякбай бүркүттү айланта карап, колуна кондуруп канатын сылай, жалжылдаган, сүйүнгөн көздөрү менен карап, өзү менен кошо чыккан бир аксакалга кайрыла:

-Бул бүркүт кимдики? Ээси, мүнүшкөрү ким? ― деп сурады.

-Ушул үйдүн ээси ― Калыгул мергенчиники. Бизди ― бир айыл элин багып, шорпо ичирип турган ушул кыраан бүркүт эмеспи, ― деп жанында турган аксакал кудуңдай жооп берип калды.

Кыраан, алгыр бүркүт экенин жана бир көргөндө эле байкаган Саякбай мүнүшкөр:

-Пай-пай оой, табында экен да. Мындай бүркүт миңден бир жаралбаса… Керикти көтөрө учкандай, жолборстун лөгүн баса калчудай күчү бар экен! ― деп, бүркүттү айландыра кайра-кайра көзү тойбой карай берди.

Ошол маалда сыртка чыккан Калыгул мергенчи бүркүтүн колуна кондуруп алып карап жаткан Саякбайдын жанына басып келгенде “балыкчы балыкчыны алыстан тааныйт” дегендей, мүнүшкөрү ушул адам экенин баамдаган Саякбай Калыгулга карап, “пай-пайлап”, кубанганын жашыра албай:

-Алгырың табында экен. Тырмагынын курчун кара, булчуңдарын кара, керикти жөн эле көтөрүп уча тургандай күчү бар тура. Көзү ыйлаган баланын көзүндөй нур чачып турганын карачы. Жүнүнүн учтары ичке, ийиндүү, көкүрөгү да кенен, куйругу узун, булчуңдуу буттары ич жагына ийрейген балбан бүркүт тура. Накта алгыр экен, ― деп мактоосун уланта кобурана берди.

-Сиздин мактоого тактыктуу бекен, аке?.. ― деп, Калыгул мергенчи да сөзгө аралаша бүркүтүн айтылуу адам мактаганына жетине албай кубана түшүтү. ― Ак арстан деп коём бүркүтүмдү. Алдыгы мойнун айланта, бир элидей аппак самсаалаган жүнү турбайбы, ошонусуна анан алгырына карап “Ак арстан” атап алгам.

Бүркүттү балапан кезинде Бүркүт-Уядан өзү барып алып келген эле.

Илгери, анда Калыгулдун жаш кези, атасынын да көзү тирүү. Айылдагы мергенчи адамдар топтолуп ууга чыкмай болушуп аттанышып, алар бара турган Сары-Күнгөй деген жерге жетиштин өзү азап. Ал жерге мергенчинин мергенчиси барбаса, баары эле жете берүүчү жер эмес. Андан ары адамдын буту тийбеген аска-зоолорду аралаганда жаныңды оозуңа тиштеп, күндүк жол жүрүшө, Бүркүт-Уяга келип жетишет. Атка жеңил тайга чак экөөсү Калыгулду алышып асканын чокусуна чыгып барышат. Чокудан белине аркан байланган Калыгулду экөө бир учун аскага бекем байлап акырын түшүрүп, жалгыз балапанын койнуна салып өлгөн-талганда асканын чокусуна кайра чыгат. Эне бүркүт алыстан шаңшый учуп келе жатканын көрүшкөн төмөндөгү мергенчилер ага сес берише куру дүрмөт менен атышып, үчөөнө кол салууга ыкыс берип келаткан бүркүттү жолотпой араң дегенде аларды аман алып калышат. Балапанды колго үйрөтүп, ошондон бери Калыгул кармап келет.

-Ооба, анык алгыр, Куу баш деп аталуучу бүркүттүн лөгү тура, ― деди, Саякбай эми Калыгулга карай сөзүн уланта:

-Анык мүнүшкөр экенсиң, экөөбүз дос бололу. Мына, бул алааматтын аягы көрүнгөнсүйт. Элибизде тынчтык орноп, кой үстүнө торгой уялаган заман келер. Ошондо чогуу бүркүттөрүбүздү салышалы, сынашалы, жарайбы?..

Манасчы, атагы алыска кеткен мүнүшкөр, жамы журт сыйлаган адам дос бололу деп жатса, Калыгулдун кубанычы койнуна батпай, сүйүнгөнүн жашыра албай:

-Аке, айтканыңыздай болсун, сиз менен дос болууга мен даярмын, ― деп жетине албай турду.

Эртеси башка айылга бара тургандарын айтып, бүркүттү кыя албай аны кайра-кайра караган Саякбай манасчы Калыгул досунун үйүнөн араң аттанган…

***

Алаамат согуш да бүтүп, аман келгендери келип, келбегендеринин күткөн адамдары үмүттөрүн үзбөй, “ана келет, мына келет” деп турган учур. Ичээр суусу түгөнгөн адамын жараткан өзү кайсыл жерден болсо да алып кете берет тура. Калыгулдун да көзү өткөнүнө бир жылдай болуп калган. Эл тиричиликтери менен алек, турмуштары оңоло элек маал. Бир табак уну бар бүлө орто байыгансып турган жетишпеген каат заман учуру…

Калыгул мергенчинин бүркүтү туурда отурат. Томогосун кээде кийгизип, кээде алып коюп, Калыгулдун иниси Бактыбай бүркүттүн ээси болуп калган. Эл эт эмес, кара суу ичип турган убакта бүркүткө эт бериш кайда. Эптеп жалмалаганга бир нерсе берген болот. Андан кийин аны эч кимиси мергенге алып чыккан жок, көзүн таап, бүркүттү сала алышпады.

Ак арстан жел менен жарыша сыза, ойду-тоону аралап, тээ көккө, булуттан ары учуп барып, кайра муштумдай болуп түйүлүп, каман, карышкыр качырганын сагынат. Ээси Калыгулдун ысык каны тамчылаган кызыл өпкөнү сугунтканын эстеп, айласыз туурунда отурат, кайран бүркүт.

…Мезгил өз өктөмүн жүргүзө өтө берди. Калыгулдун көзү өткөндөн кийин Саякбай баш болгон артистер бул айылга дагы кайрылып келишти. Чамасы биринчи келип, бүркүттү көргөндөн бери арадан алты жыл өткөндөй. Калыгул мергенчинин кайтыш болгонун уккан Саякбай иниси Бактыбайга барып, Калыгул досуна куран окутуп, мусулманчылык пазыйпасын аткарган соң, экөө ээрчише баса, туурунда конуп отурган бүркүткө басып барышты. Саякбай мүнүшкөрдүн бүркүттү көрөйүн деген эки көзү төрт. Бирок, бүркүт баягысындай болбой, жүдөп калганын байкаган Саякбай нааразы боло, жанына барып бир-эки сылап айландыра карагандан кийин:

-Бактыбай иним, агаң Калыгулдун ордуна ага болуп берейин. Өзүңдү иним кылып алайын, инимдей көрөйүн. Бүркүттү мага бер. Мен таптап жүрөйүн. Табы келсе дагы нечен кызыктарды көрсөтөр түрү бар, мунун, ― деди, Саякбай Бактыбайга карап.

Үн чыгарып унчукпаган Бактыбай, ага кандай жооп берээрин билбей турду. Бул пайгамбардай адамга кантип жок деп айта алат. Акыры, бир топ убакыттан кийин эптеп батына сөз каткан Бактыбай:

-Аке, сөзүңүздө калет жок. Бирок, агамдан калган мурас деп, бүркүттү көрсөм караан тутуп, агам Калыгулду көргөндөй болуп жүрчү элем. Өзүнүн уулу Турусбай да бой жетип чоңоюп келе жатат. Кандай болор экен? ― деп, жер карады.

Бүркүттү бербесин билген Саякбай андан кийин үн каткан жок. Аныкы да туурадыр. Калыгулдун арбагы бар эмеспи, бир чети инисиники жөндүүдөй көрүнгөнсүйт. Бүркүт өзүнүн жем жеген, сабалап учкан мейкинин, аркар-кулжа, илбээсин алган тоо арасын өлгөнчө унутпайт эмеспи. Неси болсо да досунун инисиники туура дегендей, кайра кайталап  сурабады…

***

Саякбай манасчы экинчи жолу келип кеткенден кийин, Бактыбай өзүн чийки май жегендей сезип жүрдү. Анын “сеники туура, бүркүт кайсыл жерден жарыкты көрсө ошол жерде болгону жакшы, жери менен мейкинин сагынбаган бүркүт болбойт” ─ деп нечен жолу айтса да, пайгамбардай кишини таарынтып алган жокмунбу деп ичинен кыжаалат болуп жүрдү.

…Жүгөрүнүн унуна жаңы эле жасалган ысык токочун колуна кармаган Бактыбайдын тестиер кызы өзү жеп жүргөн токочунан берейин дедиби, же ойногусу келдиби, айтор, томогосу жок туурда отурган бүркүттүн жанына келип, бир маалда чыркырап эле калды. Анын үстүнө кызыл көйнөк кийип алган экен, дал жүзүнө жабыша түшүптүр. Чыңырып, чырылдаган кызга жете келген атасы Бактыбай, дагы эки адам болуп, бүркүттүн буттарын кайрып отурушуп араң дегенде кызды аман алып калышат. Чиркин, алы жок арык болсо да, үчөөлөп отуруп буттарын кайрып араң дегенде ажыратышат, кайран алгырдан. Мына, ошондон кийин гана Бактыбай бүркүттү эркиндикке коё берүүнү чечет. Бирок, бир чети бүркүткө ачуусу келе кызын аяп, экинчиси, агасы Калыгулдан калган белек деп, бир топко чечим чыгара албай жүрдү.

Акыры, айыл адамдарын чогултуп, туурдан алып колуна кондуруп, томогосун шыпырды да:

-Бар эми, сен бизди бактың эле, биз сага ыраазы, сен бизге ыраазы бол, ― деп эл менен чогуу турган Бактыбай, куду аңга салгандай колунда конуп турган бүркүттү серпип жиберди. Кайкый учкан бүркүт, баса калчу эч нерсе жок экенине нааразыдай боло түшүп, анан типтик көккө көтөрүлдү да, калдайган топ элди каалгый айлана учуп, бир-эки жолу тоону жаңырта  шаңшыган бойдон улуу тоону көздөй сыза учуп кете берди…

***

Бүркүттү эркиндикке коё бергени жыл айлангандай убакыт өткөнсүдү. Эл баягыдай эле тыңый элек, жокчулук убак.

Калыгулдун жубайы Жумагүл  жалгыз уулу Турусбайды үйлөнтүп, элден бата алайын деген ою менен айыл ичин, туугандарын калтырбай чакырды. Жокчулук заман болуп турса эмне, эптеп каптын түбүндө калган унду кагып, камыр жууруп нан бышырмай болду. Камыр ачыганга чейин отун чогултуп келип кемегенин жанына жыйып койду. Ичинен заманына таарынган Жумагүл:

─Колдо болсо, элде болсо, Калыгулга арнап кан чыгарып койсок кандай жакшы болор эле, ─ деп туталана кобуранып, кайра ушунусуна деле ыраазы.

Чакырылган айыл адамдары эчак чогулушуп, нан бышаарына аз калган убак. Жыты каңылжаар жара аңкыган загара нанды күтүшө өз ара кобурашып, Калыгулдун элине кылган эмгегин эстеп жатышкан ошол айылдын эли…

…Асмандан шуулдаган үн угула, “бул эмнеси?” дедире чогулган элди көктү каратты. Ошол аба жиреп үн чыгарган бүркүт элдин төбөсүнөн тик өйдө атырыла кайгый учуп, бир заматта тээ алда кайда булуттар менен теңеле түшүп, анан айылды айлана каалгый учуп жүрдү. Жан далбастап коргологон бир улар жөрмөлөп кемегенин жанындагы чогулган отундардын арасына кире качты. Отундун арасынан кармап алган уларды карап, Жумагүл эми эле нааразы болуп, “кан чыгарсам” деген оюн эстей, уларды колуна кармаган боюнча кайра көктү карады.

─ Капырай, жарыктык, дал өзү го. Калыгулдун алгыр бүркүтү, Ак арстан тура. Анын бизге деген акыркы жасаган кызматы го. Калыгулга куран окутуп жатканымды кайдан билди?.. Жалгыз уулу Турусбайдын үйлөнгөнүн кайдан билди?.. Ээсин анык сыйлаган бүркүт тура, ― деп жалаң эле Жумагүл эмес, чогулган элдин баары буга таң берип, бир уларды карап, бир көктөгү бүркүткө көз салыша, бир-экөө жакасын кармап кудайды оозуна ала келме айтып да жиберишти.

Бүркүттүн уларды корголото элдин алдына алып келиши, бул жакшылыктын жышааны. Эл ыраазы… Арбак ыраазы… Айылдагы чогулган элди көктү караткан алгыр Ак арстан ыраазы…

Улар болсо да кан чыгарылып, Калыгул мергенчиге арнап, жалпы жарданып турган эл куран окуп, колдорун жүздөрүнө жая беришти.

Ээси да, бүркүтү да бири-бирине төп келишкен, көзү өтүп кетсе да ээсин унутпаган мындай алгырды, мындай бүркүттү ким көрүптүр?!.

Бул элдин жакасын карматкан окуя болду…