Таштанбек Чакиев: Боор толгоо

Боор толгоо

(Ыр Стамбулда болуп өткөн 2022-жылдын 13-ноябрындагы террактан кийин жаралды)

I

Сен жашаган үлкөн калаа,

Андагы эл боордош бизге.

Шам чырактар

кызыл-тазыл,

Шай көйнөкчөн

келин-кыздар…

Таранчылар

зымда отурган

Тизип койгон

өңдүү жипке.

Анан дагы өткөн унаа

Каршы-терши

Көчөдөн.

Кара деңиз албуут мүнөз,

Түркүн кеме андагы

Түрлүү кайык

Добуш салып,

Ар тарапка жөнөгөн.

Ак чардактар,

Деңиз бойлой,

Ойкуй-кайкый учушкан.

Тар көчөлөр

ийри-муйру.

Андагы эл

Агып жаткан,

Анан бир маал

Кайтып жаткан

жумуштан.

Кала берсе,

Түрлүү поезд,

Жонун күнгө кактаган,

Сансыз учак

Асманга да, аэропортко

батпаган.

Бири келсе,

дагы бири

учуп кетип,

ар кай жакка

Аман-эсен

Конуп жаткан кайрадан.

Билсең жаным,

кымбат мага сен үчүн.

Уккум келбейт

Билсең эгер

Астын-үстүн аңтарылып,

Жер энеке

Калганын.

Анан дагы керек мага

Амандыгың.

Уккум келбейт

(Кудай сакта) жамандыгың…

Ушул турган

күн алдында

Ак көз, көк көз дебей

Жалпы аман-эсен

Болсок экен,

Ардагым…

 

II

Бүгүн дүйнө

Турат кылдын учунда.

Олку-солку…

Олку-солку

Чар тарап.

Курал менен

Коркутууда ким бирөө

Дүйнө жүзүн,

Дүйнөнүн бир бурчунда*

Бүгүн дүйнө,

Кечээкиден башкача.

Баалуулуктар

Кеткен такыр өзгөрүп.

Бүгүн гаджет, ракета

заманы.

Бүгүн башка

Балдар жаткан

Төрөлүп.

Бүгүн муштум, акча

Сыйдын үстүндө.

“Кудай” сезет

Өзүн бүгүн

Капчыгы оор,

Азыркынын адамы.

Эй, адамдар,

Ынтымакка

Келсек экен ылайым,

“Адам Ата,

Обо эненин балдары

Айткан кепке

Кулак салбай,

Наадан чыкты” –

Дебесе экен Кудайым!

А чынында

Эмне дейбиз,

Алсак жерди жоготуп?!

Жараткандын

Бетин кантип карайбыз,

“Жер жоготтук,

Көрдүңбү? деп

Кимге, кайда барабыз.

Алат бизди

Кимдер тосуп, сооротуп?

Көмкөрүлүп

Асман калса

Не болот?

Кулап кетсе көктөгү Ай

Эмне болот, тоголок?!

Суроо артынан

Суроо келет,

Бир тууган эл

Айланышып,

Сөөк өчтү душманга*,

Бири-бирин

Кырып жатса,

Жообун анын  ким билет да,

Ким берет?!

Суроо артынан суроо

келет…

Эй адамдар,

Айткылачы,

Деги кимден суроом

керек?

Мага ушундай

Бербей тынчтык

Соболдор

Артымдан кууп

Алганда

же болбосо

Күнү кечке

Боожурайтып көздөрүн

Маңдайымда турганда,

Кетким келет

Ак уруп,

Көр тирликтен,

Безе качып

Болуп алып дубана…

Кетелиби, ардагым,

Көз көрбөгөн,

Кулак укпас жактарга?

Жүр кетели,

Перилердин мекени –

ПЕРИСТАНГА

Кетели!?

Мен ал жайда

Ыр жазайын,

Ырды катуу сагындым.

Сен болсо укта,

Таттуу, таттуу түштөрдү

көр, мамык кылып

Менин эки

Тиземди…

 

III

“Кудай жүзүн

Көрсөтпөсүн согуштун.

Ыйлабасын,

Урук-тууган, ата-эне.

Балдар дагы

Күн кучактап уктасын.

Кызыл-тазыл

Түш көрүшсүн ылайым”,

Тилек ушул: –

Берсин Кудай тилекти!

Иш кылалы

Түрүп салып билекти.

Биз акындар

Жазалы ыр.

Уйчу, койчу

Малын жайсын жылгага.

Дыйкан абам,

Кетмен чапсын керилип,

Уз катындар,

Шырдак шырып,

Ала кийиз басышсын.

Ашмачылар

Карап турбай

Казандарын асышсын.

Анан дагы

Бийиң бийле,

Ажоң башкар элиңди.

Аздектеп күт,

Карегиндей сакта көздүн

Жериңди!

Эй, аксакал,

А сен болсо,

Келин-кесек менен

Идиш талашпай,

Митингдерде

Жаакташпай-жаалашпай,

Саясатты токтоткун да,

Саймедиреп,

Санжырадан сал кепти..!

…Ар нерсенин

Дурус орду болгону,

Бирок минтип,

болуп жаткан көрүнүштөр,

мээ айлантат

коомдогу…

… Эй адамзат,

Айтчы кана,

Талашканың эмине,

Жетпейт сага

Билбейм,

айтор эмине?!

Ичем десең,

Ашың даяр алдыңда.

Барам десең

Учак даяр,

Анан калса минээриңе

Ар бириңде бирден ат,

Же болбосо

Экиден

От араба*

Жок көнбөйсүң,

Ак, кара деп,

Адамдарды бөлөсүң,

Бай адамга

Кулдук уруп,

Керек десе,

Таманынан өбөсүң.

Айтчы кана,

Көксөөң эмне,

Мүдөөң кайсы угайын.

Бектер өткөн,

Хандар өткөн

бул дүйнө,

Билбейсиңби

Жалган дүйнө экенин?!

Кылып жаткан

Аракетиң,

Мээнетиң,

Анан калса

Жыйган мүлкүн,

Түккө арзыбас, бекерин…

 

IV

Мен

дүйнөнүн

Көргүм келет

Гүлгө оролуп

Турганын.

Ит ыркырак

Болбой биздей,

Эй, адамзат,

Акыл-эстүү

Болгой эле урпагың.

Келгей эле

Күткөн “Кел-кел” заманың.

Кетсе экен,

Кургуй түпкө,

Ичи бузук адамың.

Жоголсо экен

Арабыздан,

Котур ташын

Коюнуна каткандар.

Көзүм көрбө,

Укпа кулак,

Сүйлөбө тил,

Болор күндүн жаманын!

Бирок билем,

Өзүмдү өзүм билгендей,

Атат бир күн

Жергебизде

Деги эле бүт

Жер шаарында

Кереметтүү ак таңдар!

Ошондо биз

Көр дүйнөнүн

Чеңгээлинен чыгабыз да

Суурулуп,

Көр чычкандын

Көздөрүндөй

Эчен жылдар калган

Такыр жумулуп,

Көзүбүздү

Жылтыратып ачабыз,

Бабалардай

Таң заарынан

Башыбызды ийебиз да,

Күнгө салам айтабыз.

Ал анткени –

КҮН БАЛДАРЫ, – дейт бизди.

Ал анткени –

ТҮРК БАЛДАРЫ, – дейт бизди!

 

V

Эй,

Түрк дүйнө,

Бүгүн сенин

Жанып турат жылдызың,

Керек сенин

Күндү көздөй

Кабыландай секирип,

Алгыр куштай

Көк бетинде сызышың.

Керек сенин,

Кара күчкө

Чогуу такаат беришиң,

Зарыл сенин

Жер бетине,

Күн кучактап келишиң.

Анан дагы

Көргүм келет

Эй, Улуу журт,

Абалкыдай

Бир күч болуп

Коргошундай

Уюшуң…

Ал андыктан

Түрк балдары

Бириккиле муштумга

Эй, чабарман,

Чап тулпарды,

Кабар айткын

Каңгай…

Бээжин…

Урумга*

Укпаптырмын,

деген адам болбосун,

Уктап жаттым

деген адам оңбосун!

Кабар жетсин,

Чар тарапка, Кырымга…

“Түрк балдары

Ымалага келди де,

Алмустактан келе жаткан

Көралбастык,

Ич күйдүлүк,

Ичи тардык…

Өңдүү илдеттер

Унут калып,

Бийик акыл жеңди” – де!

 

VI

Менин бабам

Таңда туруп,

Күнгө айтчу саламды.

Аты – Кыргыз,

Бабасы анын Түрк эле.

Менин элим,

Жалгыз эмес, жалкы эмес,

Эрбең-сербең

Жүргөн байкуш

Бирөө эмес,

Коркок эмес, чоркок эмес,

Жарты эмес…

Менин элим

Баатыр эле

Алышканын буй кылган,

Айкөл эле

Кан Манастын өзүндөй.

Кашкөй эле

Кармашканын суй жыккан.

Менин жерим

Мекени эле

Ыр-күү менен санаттын.

Мекени эле

Дөө-шаалардын,

Манастын!

…Менин тилим

Болчу тили булбулдун.

Уккан кулак

Айткан тил да сүйүнчү,

Сөз кадырын билгендерге,

Кеп-кеңешке

Кулак түрүп, кулагына

Илгендерге

Тилим менин келин болуп

Жүгүнчү,

Анан бар го,

Кеп жебеген

кекээрлерге,

Эси жокко, эсерлерге

Муштум болуп

түйүлчү!

Жаша, тилим,

Бар бол, ичер булагым.

Жаша Кыргыз,

Жаша, өлбө!

Урааным: – Жаша Дүйнө,

Жаша Өмүр,

Күн деми.

Жаша, Мекен,

Жаша, ТУРАН –

Түрк эли!

  1. *Сөз Түндүк Корея президенти Ким Чен Ын тууралуу болууда.
  2. *Сөз Орус-украин эли жөнүндө болуп жатат.
  3. *От араба – автоунаа маанисинде берилди.
  4. *Урум, Кырым – кыргыз уламыштарында кездешүүчү алыскы өлкөлөр.