Ташкент: Поэзия аркылуу маданияттарды бириктирүү

Бүгүн, 2-сентябрда, Ташкенттеги Гёте институтунда Борбордук Азия жана Германия өлкөлөрүнүн акындары жана котормочулары катышкан үч күндүк поэзия фестивалы башталды. Иш-чара Өзбекстандагы жана Казакстандагы Гёте институттары тарабынан уюштурулган.

Фестивалда немистин азыркы акындары кыргыз, казак, өзбек, тажик жана түркмөн тилдерине которулган жыйнактын бет ачары да уюштурулду.

“Иш-чара Борбордук Азия өлкөлөрү менен Германиянын маданияттарын азыркы поэзия аркылуу жакындатуу жана жаш акындар менен котормочуларды колдоо максатында ишке ашырылып жатат”, – дейт уюштуруучулардын бири, Казакстандагы Гёте институтунун маалымат бөлүмүнүн башчысы Шолпан Кызайбаева.

Немис акындарын кыргыз тилине Нарсулуу Гургубаева, Махабат Касеинова, Нуриза Өмүрбаевалар которушкан.

Кыргызстандан аталган фестивалга акын, адабиятчы Г.Станалиева жана немисчеден кыргызчага сөзмө-сөз которгон жаш котормочулар А.Адисова, М.Кыдырбаева катышууда.

Белгилей кетсек, бул долбоордун алкагында кыргыз акындары Н.Гургубаеванын, М.Касеинованын, Н.Өмүрбаеванын жана Г.Станалиеванын ырлары немис тилине которулду. Жакынкы арада ал ыр жыйнак Германиядан жарыкка чыкмакчы.