Танзиля Зумакулова: Асманда жанган жылдызым, Чөмүлдү дайра четине…

Танзиля Зумакулова,

Кабардин-Балкар эл акыны

 

Тоолуктар

Түзүшкөн ырды акындар,

Бийиктик ээлеп кумарын.

Билбей эле кантип тоолуктар,

Тоолордон бийик турарын.

 

Жүз жылдар артты карасак,

Баскан жол түрдүү таралып.

Келгенсийт мында тоолуктар,

Тоолордон эрте жаралып.

 

Көз жеткис узак жол басып,

Түзүлүп пейил кеңдиги.

Алардын турум-турпатын,

Тоолордун өзү бердиби?

 

Канаттуу учуп жете алгыс,

Асмандын чексиз кеңдиги.

Антсе да, үндөйт бийикке,

Тоолуктун күчү, эрдиги.

 

Себеби мүмкүн мындадыр,

Касташса дагы ким менен.

Душманын албай капарга,

Ак чачтуу башын ийбеген.

 

Тоолордун жүзүн салаалап,

Суулардын жашы өрүлөт.

Кайгырса тоолук жаш чыкпайт,

Кубанса жашы көрүнөт.

 

Биз качан, кайда кетсек да,

Мезгилди туйбай, кенебей.

Асманды челип тоо турат,

Жоокерди күткөн энедей.

 

Сыймыгын улам арттырып,

Көркөмдүк деген эмине?

Сөөлөтү артык Кавказым,

Окшошсуң тоолук элиңе!

 

Эки тил

Эне тилим эч бир алмашкыс,

Бөлө алмак ким аны калкымдан.

Жер жана асман, күз жана кыш,

Демим дагы сенде камтылган.

 

Эне тилим, күчсүң түбөлүк,

Алиппесиз өстүм дегеним.

Таттуу сөздү сенден оозанып,

Алгач “эне”, анан “сүйөм” дегемин.

 

Эне тилде токой шуулдап,

Агат дайра, учат жалбырак.

Бешик ыры тынбай ырдалат,

Сыдырым жел кечти, таңды улап.

 

Мурас болгон байлык бабадан,

Кылымдарга калат жергеде.

Каным-жаным менен бөлүнбөй,

Сенде жашайм, ырдайм термеле.

 

Мекенимде кокус түн түшүп,

Сенсиз калсам шаңсыз айлана.

Анда жашоо мага керексиз,

Ташка, кумга, чөпкө айланам.

 

Сүйлөйм анан орус тилинде,

Жакын, кымбат эне тилимдей.

Кош булактай шылдыр үн салып,

Тамырымда агат билинбей.

 

Эне тилде бармын, тереңмин,

Орус тилсиз дудук, кереңмин.

 

*****

Өмүрдөн менсиз кетпегин,

Жашоодо болбойт не деген!

Алладан сурайм өзүңдү,

Жүрөктөш болсоң сен эгер.

 

Болсом дейм сага дарыгер,

Оорудан сактап кейитпей.

Сүйүүңдүн жанган отунан,

Тапсам дейм дары бейиштей.

 

Канат жок, көзүм төрт болуп,

Көңүлдү алдап жайгарам.

Саа жагар дары таба алсам,

Бөлүнүү болбойт кайрадан.

 

Суранам, бирок кетпегин,

Күтөгөр кармап жадыңа.

Өмүрүн сактап калсам деп,

Жетким бир келет жаныңа.

 

Өлүмгө сени бергим жок,

Өзүңсүз жашоо көмүлгөн.

Жалбаргым келет тагдырга,

Кетпечи менсиз өмүрдөн.

 

… Колумдан капыс алдырып,

Төнгөндөй күндүн кечине.

Асманда жанган жылдызым,

Чөмүлдү дайра четине.

 

Чакырам, сөздүн күчү жок,

Толкундар жуткан дайрадай.

Алдымда ар бир ирмемиң,

Жыбылжыйт турмуш жайма-жай.

 

Ал өчкөн жылдыз күймөкпү,

Ким билет тагдыр кылганды.

Муң басар мендей сени да,

Тизмегин ээлеп жылдардын.

 

*****

Шартым жок сага бара албайм,

Сен дагы мага келбессиң.

Көз жашым төгөм жалгыздап,

Сүйүктүүм мүмкүн көнбөссүң.

 

Күн-түндөр өттү эсепсиз,

Күтүүнүн баркын ким билет.

Жаныңа жакын болсом дейм,

Күттүргөн саатта дилдиреп.

 

Күйгүзүп бирөө үмүттү,

Күйгөндөй күзгү жалбырак.

Кыялда, түштө, өңүмдө,

Калгандай болдум жалдырап.

 

Экөөбүз күткөн бакытты,

Жоготсом шарттын жогунан.

Каргышка калсам оң болор,

Жалгыздык басып жонуман.

 

*****

Баары айтат, мезгил – дарыгер.

Эстейин сенин көзүңдү –

Эрте-кеч түркүн ой басып,

Бук болуп жүрөк эзилди.

 

Эркиңде калдым бийлетип,

Жан элем жүргөн кыяндай.

Антсе да, биздин сезимдер,

Өтөрүн билем кыярбай.

 

Үмүттүн үзүп шооласын,

Кезигер күндөн түңүлбө.

Арыттым кыйла жол басып,

Күндүз – түн, күндүз – түнүндө.

 

Сен менин алгач ырымсың,

Ырымсың анан бүтпөгөн.

Турмуштун салсам күүсүнө,

Айланат сага бүт денем.

 

Чакырба, бирок, чакырба,

Сезимдин козгоп арасын.

Өмүрдөн өзүм кетсем да,

Сүйгөнүм бойдон каласың.

Которгон: Абдыжапар Эгембердиев