Тайир Аширбай: Акын Эгемберди Эрматовдун эпикалык мурасы

Акын Эгемберди Эрматовдун эпикалык мурасы

Көрүнүктүү акын Эгемберди Эрматовдун “Мухаммед пайгамбар” аттуу дастанын ушул кылымдын башында окуп чыгып, Баткен облусунун “Баткен Таңы” гезитине макала жазган элем (2002-жыл, 22-сентябрь, №34, 8-б.). Эмесе, аталган көркөм чыгарма жөнүндөгү чакан ой-пикиримди сиздер менен дагы бир ирет орток бөлүшөйүн. Автор жалпы түрк тилдүү элдердин адабиятында гана эмес, бүтүндөй мусулман журтчулугунун маданий тарыхында биринчи болуп, Мухаммед пайгамбарга арнап, абдан чоң масштабдагы адабий эмгекти жазды. Дастан китеп түрүндө эң алгач 2001-жылы жарык көрдү. Бул эпикалык туунду 11676 (он бир миң алты жүз жетимиш алты) ыр саптан турат. Китеп бири экинчиси менен тыгыз байланышкан 31 (отуз бир) бөлүктү бекем кармап, өзүнчө поэтикалык ансамбль сыяктуу жаңырыктуу үн салат. Башкы каарман – Мухаммед пайгамбар. Анан да, чыгармада Адам Ата, Нух, Сулайман, Муса, Давуд, Жусуп, Ибрагим, Ысмайыл, Ыдырыс, Арун, Иса өңдүү пайгамбарлардын ысымдары аталат. Ошондой эле Обо Энеге, Зардуштага ( Заратуштраны акын ырга ыңгайлаштырып, тыбыштык күүгө салып, ушинтип жазган – Т.А.) токтолуп, философиялык, көркөм-эстетикалык көз карашын окурмандарга жеткирүүгө аракеттенген. Чыгармадагы окуялардын өнүгүшү, сюжеттик сызык Жер каймактагандан азыркы жыйырма биринчи кылымга чейинки  узак мезгилди өз кучагына камтыйт. Автор бул көркөм чыгарманы жаратуу үчүн өтө чоң адабий, бийик руханий даярдыкты көргөндүгү жана акындын кут даарыган шык-дараметтин ээси экендиги китептин ар бир барагынан ачык-айкын көрүнөт. Низами, Навои, Яссеви, Руми, Аль-Маари, Гомер, Шекспир, Айтматов сыяктуу дүйнөлүк дөө-шаалардын аты-жөнү күмүш шакектин көзүндөй керектүү жерде колдонулган. Демек, аты аталган корифейлер Э.Эрматовго ушундай улуу чыгарманы жаратууга эбегейсиз эргүү, деңиздей дем-демөөр беришкенсийт. Азербайжан элинин улуу акыны Низами Гянджевинин “Жети сулуу” дастанын которгондугу акынга эң мыкты адабий мектеп болгондугун Э.Эрматов өзү баса белгилеп өткөн. Ошондой эле, Кул Кожо Ахмед Яссевинин “Хикметтер” аттуу ислам рухуна жуурулган китебин кыргызча сүйлөтүп, өзүнүн, жалпы кыргыз элинин жан дүйнөсүн байыткан. Негизинен дастан салттуу усулда жазылган . Уйкаштыктар а, а, б, а үлгүсүндө куралган. Мен жогоруда белгилеген отуз бир бөлүк лирикалык чегинүүлөр менен башталат. Баптар (главалар) он алты саптан турган эрматовдук кайталангыс кайрыктарга канат кактырат. Бул табылгалар акындын өздүк адабий портретин ачкансыйт. Мындайча айтканда, “Мухаммед пайгамбар ” деген чыгармасы аркылуу акын башкы каармандын гана эмес, өзүнүн да бейнесин ачууга үлгүргөн. Өзүнүн адабий, руханий автопортретине сүйкүмдүү сүртүмдөрдү сүрткөн! “Айтматовдой уул берген кыргыз эл, / Эрматовдой акын келди , кабыл ал” деген саптар биздин өйдөдө айтылган оюбузду далилдейт. Дастандагы ыр түзүлүшүндөгү 11 (он бир) муундук өлчөм 4-4-3 жана 4-3-4 ченеминде сакталган. Деңиздей толкуп-ташкан чыгармада мындай чеберчиликти колдонуу көрүнгөн калем ээсинин колунан келбейт! Акындын лексикону өтө бай. Эрматовдук лексикада улуттук колоритке жуурулган араб, фарс сөздөрү, өзүбүздүн ичкилик говорубуздагы кереметтүү кеп-сөздөр, орус тили аркылуу кирген европалык жыпар жыт, айтор, таң каларлык тилдик байлык бар! Адабий тилибиздин кош данектүү данакер үлгүсүн дал ушул дастандан таба алабыз. Баткендик, кадамжайлык, лейлектик кыргыздардын айрым сөздөрүн Эгемберди Эрматов сунуштайт. “Пайлады” ( аңдыды, уурданып карады), “тууру” (туура, ниети түз), “чайлады” (бутактады, шактады, тамыр жайды) ж.б. сыяктуу сөздөр кыймылдагы кыргыз тилинин алтынына айланса кана, атаганат! Чыгармадагы “ислам”, “икрам”, “рух”, “Рум”, дагы башка сөздөргө көмүскөдөгү муунду кошуп окусак, эрматовдук ыргактын ажары ачылат. Неге десеңиз, китепти, текстти окуунун деле маданияты, кырааты болот эмеспи?! Эми башкы каармандын образына бир аз токтолобуз. Автор Мухаммед пайгамбардын бейнесин эки багытта ачып берген. Биринчиден, пайгамбарлык улуулугуна өзгөчө басым жасаган. Экинчиден, анын жөнөкөй, жупуну адамгерчилигине калемди караткан. Э.Эрматовдун дастанында оң жана терс кейипкерлердин образдары жетиштүү деңгээлде чагылдырылган. Кээ бир терс каармандар өз аң-сезиминдеги, жан дүйнөсүндөгү ары эволюциялык, ары революциялык өзгөрүүлөрдөн кийин оң каарман катары чыга келишет. Бул көрүнүш – кыргыз адабиятындагы чоң сөзгө тете жаңылык. Эми кептин нугун көздөн учкан көгүш жээкке бурабыз. Автор чыгармасына байыркы “дастан” деген аталышты тартуулаган. Бирок, мындай жанрдык аныктама “поэма” деген түшүнүккө жакыныраак туюлат. Көтөргөн жүгү, көп пландуулугу, катышкан каармандарынын арбындыгы, Улуу Тоодой айбаттуу полотносу, калдайган көлөмү боюнча “Мухаммед пайгамбар” чыгармасын “ыр менен жазылган роман” деп айтсак жарашат. Андан да тереңирээк үңүлсөк, тарыхый темадагы үлкөн адабий эмгек экендиги даана көрүнүп турат. Бул чыгарма түрк жана өзбек тилдерине которулду. Энциклопедиялык баалуулугу бар эпиканы жараткан акын өз чыгармасына минтип чекит коёт: Ыйман берсин карыга да, жашына, / Бакыт консун ар адамдын башына. / Бейажал эч кумурска да өлбөсүн, / Доо кетпесин Жер – Эненин ташына. /

Тайир Аширбай, акын, Лейлек району