Кеңешбек Асаналиев: Алтын тилке

Алтын тилке   Темам бекилгенден кийин П.Н.Берков менен жакындан мамилелешкен жокмун. Бул менин наадандыгым. Бетме-бет жолугушуп калса, же окумуштуулар кеңешинде учурашам. Болбосо, жок. Бул менин кетирген зор каталыгым, ала турган нерсени алалбай, өздөштүрө турган нерсени өздөштүрбөй, жанымда өзүнчө эле бир “тирүү университет” жүргөнүн түшүнбөй, билбей үч жылды өткөрүп жибердим. Бир жолу кеңири сүйлөшпөй, акыл-насаатын укпай. Диссертация жазылып, талкуудан өткөндөн кийин биринчи оппонент маселеси келип чыкты. Кыргыз адабиятын билген киши жок, П.Н.Берковдон башка. Илимий жетекчим К.Н.Григорян ал кишиге көңүлсүнбөйт, анткени экөөнүн өз ара мамилеси салкын окшойт. Ошондо билдим. Орто Азия адабиятын жалпы толугу менен…..