Кеңешбек Асаналиев: Жол башы

Жол башы Жазып отуруп, дал ушул жерге жеткенде, жарга келип капталгандай, тык токтодум: баса, мунун баары деги кимге керек? Чын эле.. маселен, үлгү болорлук нуска, ой кызытып ойготор бөтөнчө маани-мазмун, же башкалардан кескин айырмаланган жорук-жосундуу өмүр-баян болсо, анда бир жөн. Ал кызыктуу, ал окулат. Кадимки эле турмуштук жагдайлардын деңгээлиндеги кадыресе тиричилик, китеп, мектеп, кездешүү сыяктуу ар кимге белгилүү көнүмүштөр кимге таң, кимге зарыл. Жалпы элдик, жалпы элдик борборубуз, ошондой эле жаңыдан калыптанып, көп түрдүү өнүгө баштаган Фрунзе шаарынан (азыркы Бишкек) анча деле алыс эмес, Сокулук өрөөнүндө туулуп-өскөн мен китеп дүйнөсүнөн толугу менен…..