“Алтын калем” сыйлыгына сынак жарыяланат

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу  ЖАЛПЫ ЖОБО Бул жобо калемгерлердин “Алтын калем” улуттук сыйлыгынын негизги максаттарын, тартибин жана өзгөчөлүктөрүн аныктайт. Конкурс “Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу” тарабынан Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен жыл сайын өткөрүлөт. Конкурстун уюштуруучулары: Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги; Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу  Конкурстун уюштуруучулары төмөнкүлөрдү камсыз кылат: конкурсту өткөрүүгө документтерди даярдоо; калыстар тобунун ишин аткара турган белгилүү адабият жана искусство ишмерлеринен турган компетенттүү Сынак комиссиясын түзүү; толугу менен…..

Мукай Элебаев атындагы адабий сыйлыктын кабыл алуу мөөнөтү узартылды

Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун Мукай Элебаев атындагы республикалык адабий сыйлыгын ыйгаруу боюнча түзүлгөн комиссиянын чечими менен аталган сыйлыктын кабыл алуу мөөнөтү узартылды. Чечимге ылайык кабыл алуу 2023-жылдын 1-мартына чейин жүргүзүлөт. Катышууга үлгүрбөй калган жазуучуларга жакшы мүмкүнчүлүк. Жобо менен кененирээк таанышып алыңыздар. Жобого айрым өзгөртүүлөр киргизилди. Кыргыз Республикасынын Улуттук Жазуучулар союзунун Мукай Элебаев атындагы республикалык адабий сыйлыгы жөнүндө ЖОБО Кыргыз Республикасынын Улуттук Жазуучулар союзунун адабият жаатындагы Мукай Элебаев атындагы республикалык адабий сыйлыгы улуттук адабияттын өсүп – өнүгүшүнө өзгөчө салым киргизген эстетикалык жана тарбиялык таасири бар, кеңири коомдук таанууга ээ болгон толугу менен…..

Мукай Элебаев атындагы республикалык адабий сыйлыгы уюштурулду

Прозаиктерди колдоо максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунда Мукай Элебаев атындагы республикалык адабий сыйлык уюштурулду. Адабий сыйлыктын Жобосу менен таанышып алыңыздар. Кыргыз Республикасынын Улуттук Жазуучулар союзунун Мукай Элебаев атындагы республикалык адабий сыйлыгы жөнүндө ЖОБО Кыргыз Республикасынын Улуттук Жазуучулар союзунун адабият жаатындагы Мукай Элебаев атындагы республикалык адабий сыйлыгы улуттук адабияттын өсүп – өнүгүшүнө өзгөчө салым киргизген эстетикалык жана тарбиялык таасири бар, кеңири коомдук таанууга ээ болгон мыкты прозалык чыгармасы үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарына берилет. Мукай Элебаев атындагы адабий сыйлыкка Кыргыз Республикасындагы чыгармачыл союздар, маданият бирикмелери, коомдук уюмдар талапкерлерди көрсөтө алат жана толугу менен…..

Республикалык “Алтын калем” адабий сыйлыгы жарыяланат

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу Республикалык “Алтын калем” адабий сыйлыгынын ЖОБОСУ Бул Республикалык “Алтын калем” адабий сыйлыгынын жобосу (мындан ары-Жобо) калемгерлердин негизги максаттарын, тартибин жана өзгөчөлүктөрүн аныктайт. Сынактын максаттары: -Кыргыз тилинин көркөмдүгүн, байлыгын, тереңдигин даңазалоо; -Кыргыз тилинде чыгарма жараткан калемгерлердин мыкты чыгармаларын аныктоо; -Калемгерлердин талантын ачууга жана адабий жөндөмүн өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүү. Сынактын уюштуруучулары төмөнкүлөрдү камсыз кылат: -Сынакты өткөрүүгө документтерди даярдоо; -Калыстар тобунун ишин аткара турган белгилүү адабият ишмерлеринен -турган компетенттүү Сынак комиссиясын түзүү; -Сынактын күнүн белгилөө жана Жобонун негизинде өткөрүү; толугу менен…..

Балдар адабияты боюнча сынак жарыяланат

Кыргыз Республикасынын балдар адабияты боюнча чыгармаларга сынакты өткөрүү жөнүндө КУЛАКТАНДЫРУУ Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн балдар адабияты сыйлыктарын изденип алууга ачык сынак жарыялайт! Сынакка мектеп жашындагы жана өспүрүм курактагы балдар үчүн кыргыз тилиндеги чыгармалар төмөндөгү номинациялар менен кабыл алынат -балдарга арналган мыкты чыгармалар үчүн (китеп); -балдардын мыкты жарыяланган прозалык чыгармасы үчүн (китеп); -балдар адабиятынын чыгармаларын кыргыз тилине мыкты которгону үчүн (китеп); Сынакка чыгармалар мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук уюмдар жана мекемелер тарабынан көрсөтүлөт. Сунуш катка төмөнкүдөй документтер берилүүгө тийиш: -коллективдин жалпы чогулушунун, чыгармачыл толугу менен…..