Гүлбарчын Боскееваны эскерүү кечеси жана “ЖазАйым” китебинин бет ачары өттү

Бүгүн 22-ноябрда Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде жаш калемгер Гүлбарчын Боскееваны эскерүү кечеси жана “ЖазАйым” китебинин бет ачары өттү. Иш чарага университеттин эмгек жамааты, калемдештери, жакындары жана студенттер катышты. Акындын аз өмүрүндө аткарып кеткен иштери, адамгерчилиги, жетишкендиктери тууралуу сөз болуп, ырлары көркөм окулду. Ырларында терең ойлорду бере алган, келечегинен көптү үмүттөндүргөн талант 25 жаш курагында өмүрдөн өтүп, дагы далай шыңгыр үндүү, тунук саптары жазылбай калды.