“Тилим – менин тирегим” жаш акын-жазуучулардын республикалык сынагынын жобосу

“Макулдашылды” Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков 2-сентябрь 2019-жыл “Бекитемин” Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Н.Ишекеев 2-сентябрь 2019-жыл    1. Жалпы маселелер 1.1.   “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия КР Улуттук жазуучулар союзу менен биргеликте сынак жарыялайт. 1.2.      Сынакка республика боюнча жана чет өлкөдө жашаган 30 жашка чейинки калемгерлер катыша алышат.   Сынактын максаты: Мамлекеттик тилди колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү; Мамлекеттик тилди даңазалоо; Жаш калемгерлерди колдоо жана аларга дем берүү; Жаштардын толугу менен…..